Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Евробиримдик Лукашенкого каршы санкция киргизүүгө даяр экенин билдирди


Беларустун президенти Александр Лукашенко. 23-сентябрь, 2020-жыл.
Беларустун президенти Александр Лукашенко. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Евробиримдик Беларустун автократ лидери Александр Лукашенкого каршы «шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганы жана митингге чыккандарды күч колдонуп таркатканы үчүн» деген жүйө менен санкция киргизүүгө даяр экенин эскертти.

12-октябрда Люксембургда өткөн жолугушууда Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлери Беларуста августта өткөн президенттик шайлоо «эркин жана адилеттүү болбогонун» ырастап, Лукашенко "демократиялык легитимдүүлүктөн ажырады" деп билдиришти.

Министрлер биргелешип жасаган билдирүүдө «беларус эли өз президентин жаңы, эркин жана адилеттүү, сырткы күчтөрдүн таасирисиз өткөн шайлоодо тандап алууга демократиялык укугу бар экени» белгиленет.

Алар ошондой эле улантылып жаткан куугунтуктоолорду чечкиндүү айыптап, бардык туш келди кармалгандарды бошотууга чакырышты.

Ушул ай башында Евробиримдик кырктай беларус аткаминерине алардын "митингдерди күч менен басуудагы жана шайлоо жыйынтыгын бурмалоодогу салымы үчүн" деген жүйө менен виза берүүгө тыюу салып, активдерин камакка алууга макул болгон.

Ал тизмеге Лукашенко кирген эмес. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Беларуста 11-октябрда өткөн нааразылык жүрүш маалында 586 адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму билдирди.

XS
SM
MD
LG