Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Лукашенко өзү каматкан оппозиция лидерлери менен жолугушту


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус басылмалары кабарлагандай, 10-октябрда Александр Лукашенко камакка алынган оппозиция лидерлери менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы жарыялаган сүрөттө Лукашенко Виктор Бабарико, Лилия Власова, Виталий Шкляров сыяктуу оппозиционерлер менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

Оппозиция өкүлдөрү муну Лукашенконун алсыраганы катары сыпатташты.

Европа Биримдиги жана АКШ 9-августта өткөн шайлоо жыйынтыгын жасалмалаган деп, Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу президенти катары тааныбай келатат.

Шайлоонун артынан башталган нааразылык акциялары эки айдан бери токтой элек.

XS
SM
MD
LG