Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Түркияда COVID-19дун жайылышы бийлик менен дарыгерлерди тирештирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда коронавируска чалдыккандардын кескин көбөйүшү дарыгерлер менен бийликтин ортосунда чыңалууну күчөттү. Дарыгерлер расмий маалыматтарда илдетке кабылгандардын саны азайтылып көрсөтүлүп жатканына нааразы болуп жатышат.

Түркияда ушул тапта күнүнө 1600дөй адамдан коронавирус аныкталууда. Бир суткада өлгөндөрдүн саны 60тын тегерегинде. Бул жума ичи медкызматкерлер коронавирустан каза болгон кесиптештерин эскерүү ирээтинде кара тасмаларды тагынып жүрүшөт.

Алар социалдык тармактарда бийликке каршы акция жүргүзүп, «Силердин колуңардан келбейт экен, биз чарчадык» деп жазып жатышат.

Медкызматкерлердин бул өнөктүгү парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген партиялардын сынына кабылды. Улуттук кыймыл партиясынын депутаттарынын бири «Медиктер ассоцияциясын жабыш керек» деп жазып чыкты. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа коронавируска кабылгандардын реалдуу саны көрсөтүлүп жатканын айтып, медкызматкерлерди да түшүнүп жатканын билдирди.

83 миллиондой калкы бар Түркияда COVID-19 7400 адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG