Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Түркия карантинден чыга баштады


Түркия, Стамбул. Май, 2020-жыл.
Түркия, Стамбул. Май, 2020-жыл.

Түркияда 1-июндан тартып карантин чаралары алына баштады. Ресторандар жана ишканалар үч айлык карантинден кийин кайрадан иштей башташты. Расмий Анкара жарандарды коомдук жайларда тазалыкты сактап, беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирди.

Түркиянын Стамбул шаарында жеке менчик фирманын экспорт бөлүмүндө иштеген Нурланбек Абдыкаимов эки жумада бир жолу кеңсеге барып иштөө тартибине өткөн. Коронавирус илдетинен коргонуу максатында ал иштеген фирма жумушчуларын машине менен ташып жатканын айтып берди:

«Биздин фирмада иштегендерди коомдук транспортко түшүрбөй фирма атайын шопуру менен машине жалдап үйлөрүнөн алдырта баштады. Жумуш бүткөндөн кийин кайра ошол машинелер жумушчуларды жеткирип коёт. Мен болсо эки жумада бир кеңсеге барып жумуштарымды бүтүрүп келем. Азырынча фирманын талаптары жана шарттары ушундай болуп жатат».

Стамбул шаарынын метросу.
Стамбул шаарынын метросу.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө 11-марттан бери жабык турган ресторандар менен кафелердин иштешине 1-июндан баштап уруксат берилерин билдирген. Ошондой эле ички аймак аралык каттамдарга коюлган чектөөлөр алынды. Ушундан улам өлкөдө үч айдан бери жабык турган ишканалар жана кеңселер ачылып, жеке менчик фирмалар иштей баштады. Бирок бардык тармактар кайрадан калыбына келди деп айтуу азырынча эрте.

Эки жылдан бери Стамбул шаарында туристтик агенттиктердин биринде иштеген Гүлмира Сыялиева жетекчилик ага июлга чейин үйдөн иштегенге уруксат бергенин айтты:

«Түркиядагы көптөгөн мейманканалар, ишканалар жумушчуларын иштен бошотту. Бул туура эмес деп ойлойм. Биздин фирманын жетекчиси бизди жумуштан чыгарбай, июлдун аягына чейин акысыз эс алууга чыгарды. Биз жамаат менен үйдө бош отурбай иштеп жатабыз. Ар кандай эл аралык конференцияларга, чогулуштарга онлайн катышып өзүбүздү мотивация кылудабыз. Түркияда фирмалар ишин баштаса деле чет өлкөдөн туристтер убактылуу келбегендиктен биздин агенттиктин иши токтоп турат».

Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык камсыздандыруу министрлиги коронавирус пандемиясынан улам айрым жеке менчик ишканалардын жумушчуларына материалдык колдоо көрсөтүп жатат. Ал мыйзамга ылайык министрлик жумушчулардын минималдык айлык акысынын 60% төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул колдоону ишканаларда эмгек визасы менен мыйзамдуу иштеген чет өлкөлүктөр да пайдаланганга укуктуу.

Ал эми Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын дээрлик көпчүлүгү кыз-келиндер. Алардын айрымдары кары жана оорулуу кишилерди багышат. Гүлмира Бекманбетова да көп жылдардан бери оорулуу байбичени багат. Ал Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар катталгандан баштап эле үйдөн чыкпай иштеп жатканын билдирди:

«Мен үч айдан бери көчөгө чыга элекмин. Биринчиден, өзүмдүн саламаттыгымды ойлоп, экинчиден, мен баккан байбичеге вирус жугузуп келбейин деген максатта эс алууга чыккан жокмун. Бардык нерселерди байбиченин жакындары үйгө алып келип жатышты. Түркияда көчөгө чыгууга уруксат берилсе деле өзүбүздү өзүбүз коргошубуз керек деп ойлойм. Бирок ушул дем алышта эс алууга чыгып, Анталия шаарындагы мекендештер менен чай ичишип, баарлашып келейин деп жатам».

Ал эми Стамбул шаарында кийим-кечекти дүңүнөн саткан дүкөндө сатуучу болуп эмгектенген Элмира Токтомбекова жаңы талаптарга ылайык беткапсыз кардарларды дүкөнгө албай жатканын баса белгиледи:

«Биз май айынан тартып иштей баштаганбыз. Азыр акырындап соода болуп жатат. Негизинен Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Украинага аялдардын кийим-кечегин дүңүнөн сатабыз. Азыр эми Стамбулдун Лалели аймагындагы бардык бутиктер ачыла баштады. Бирок өзүбүз баш болуп беткап кийип, келген кардарларды сөзсүз беткап тагууга милдеттендирип жатабыз. Ал эми бирин-экин товар сураган кардарларды дүкөнгө такыр эле албай жатабыз. Анткени биздин дүкөн дүңүнөн саткандыктан жөн эле кыдырып келген кардарларды киргизип, тыгын жаратпайлы деп максат кылып койгонбуз. Киши канчалык көп кирсе баарын кармалап вирус жугушу мүмкүн экенин жакшы билебиз».

Стамбул, Түркия.
Стамбул, Түркия.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар күндөн күнгө азаюуда. 1-июндагы расмий маалыматка ылайык өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар 164 миң адамдан ашты. Акыркы 24 саатта вирустун айынан көз жумгандар 25 киши болуп, жалпы каза болгондордун саны 4563кө жетти.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG