Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Түркияга учуунун түйшүгү


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

10-июндан тартып Түркиянын авиакомпаниялары 40 өлкөгө каттамдарын ачкан. Ал эми «Turkish airlines» жана «Pegasus» авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарды 1-июлдан баштап калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Бирок кыргыз өкмөтү макул боло элек.

Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу 22-июндан тартып Стамбул-Бишкек аба каттамы ачыларын кабарлаган. Бирок түрк авиакомпаниялары бул күнү уча турган жүргүнчүлөрдүн билети 1-июлга жылганын маалымдашкан.

Стамбул шаарында иштеп жүргөн Бактыгүл 19-июнга Стамбул-Бишкек каттамы боюнча билет сатып алган экен. Ал белгиленген күн эбак өтүп кеткенин, бирок каттамдар боюнча кабар ала албай жатканын айтып берди:

«Мен 19-июнга билет алгам. Ал күн эбак өтүп кетти. Авиакассадан улам сурасак эле кайсы күнгө жылганын, качан учарыбызды айта албай жатышат. Бирок билетим күйүп кетпегенин айтышты. Айла жок, рейстердин ачылганын күтүп отурам».


Ушундай эле жагдайга Анталия шаарында жашап жаткан кыргызстандык Нургүл да кабылган. Ал туруктуу жашоого визасы бүткөнүн жана мыйзамга ылайык биринчи рейс менен Кыргызстанга кетүүгө мажбур экенин айтып берди:

«Мен 18-июнда билет алгам. Кассадан эч кандай маселе жок дешкен. Бирок кечээ «билетиңер 1-июлга жылды» деген смс келди. Мен дароо чалып сурасам «силердин мамлекет «Манас» аэропортун качан ачса, ошондо учабыз. Билетти сата беребиз» деп айтышты. Менин бир жылдык визам бүттү. Эми рейстер ачылары менен чыгып кетүүгө милдеттүүмүн. Түрк мыйзамдары боюнча пандемия учурунда авиакаттамдар болбогондуктан визасыз калган күндөрдүн айыппулун төлөбөгөнгө укугум бар экен».

Түркиянын Стамбулдагы жана Анкарадагы аэропорттору 11-июндан тартып чет өлкөгө авиакаттамдарды жүргүзө баштаган. Жүргүнчүлөр өлкөнүн Транспорт министрлиги тарабынан бекитилген токтомго ылайык аэропортто сөзсүз дене табын текшертип, беткап тагынууга милдеттүү. Ал эми чет өлкөдөн Түркияга учуп келген жүргүнчүлөр аэропортто ПЦР анализин акысыз берүүгө мажбур болушат.


Коронавирус пандемиясынан улам жабылган авиакаттамдардын айынан Түркияга дарыланууга келе турган бейтаптардын абалы да оор. Эл аралык бейтаптар менен иш алып барган «Компас» компаниясынын жетекчиси Лили Жолчиева Түркияга ыкчам жасала турган операцияларга келе албай турган ондогон бейтап бар экенин айтты:

«Азыр Кыргызстанда авиакаттамдарды күтүп отурган бир канча бейтап бар. Алар негизинен бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияга келишмек. Ооруканалар, дарыгерлер менен алдын ала баары сүйлөшүлгөн, бирок рейстер жок болгондуктан бейтаптар аргасыз күтүп отурушат».

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев түрк авиакомпаниялары кыргыз тарапка каттамдарды калыбына келтирүүнү сунуш кылып жатканын, бирок кыргыз өкмөтү макул боло электигин тастыктады. Ал коронавирус жуктургандар күн сайын көбөйүп жаткандыктан, эл аралык каттамдарды жандантуу маселеси азырынча күн тартибинде жоктугун айтты:

«Азырынча Республикалык штаб менен өкмөттүн каттамдар боюнча чечими чыга элек. Алар чечим чыгарганда гана айта алабыз. Түрк авиакомпаниялардан баштай берели деген сунуштар келип жатат. Бирок учурда эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сөз жок».

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими чыкмайынча, “Манас” жана Ош аэропорттору эл аралык каттамдарды кабыл албарын кабарлаган. Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаал учурунда аэропортко кыргызстандык жарандарды жеткирип, өз жарандарын алып кетүү үчүн келген чартердик каттамдар гана конууда.

COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам каттамдары жабылгандыктан Түркиядан миңден ашык кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттамдар менен Бишкекке кайткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG