Партиялар экономикага күйөбү?
Пандемияда Кыргызстандын экономикасы оор кырдаалга кептелди. Бюджеттеги тартыштык рекорддук чекке жетип, тышкы карыздын көлөмү көбөйдү. Дал ушундай шартта шайлоого катышып жаткан саясий партиялар экономиканы өнүктүрүү үчүн кандай жолдорду сунуштап жатат? Партиялардын экономикалык программасы бүгүнкү абалды чагылдырабы? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө ушул суроолорду талкуулайбыз. Талкууга мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Исабеков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, финансы маселелери боюнча эксперт Айгүл Чабанова катышты.
Чыгарылыштар
-
Май 16, 2024
Жазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик
-
Апрель 29, 2024
Үч округдагы шайлоо, Мадумаровдун мандаты
-
Март 28, 2024
Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
-
Февраль 22, 2024
Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
-
Январь 29, 2024
Жапаровдун бийликтеги үч жылы: эмне өзгөрдү?