Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Алканова: «Кара-Сууда Зафар Айдаров сабалды» деген маалымат калп


Кара-Суу району.
Кара-Суу району.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери Зафар Айдаров сабалганы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын өкүлү Элнура Алканова билдирди.

«Азыркы учурда Айдаров шайлоочулар менен Кара-Сууда жолугушууда жүрөт экен. Андай маалыматтар (сабалды деген) жалган. Таптакыр андай нерсе болгон жок», - деди Алканова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы да талапкердин сабалышы боюнча эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. 15-сентябрь күнү Кудрет Тайчабаров аттуу «Фейсбук» колдонуучу «Ошто Зафар 10 чакты баласы менен сабалды» деп жазган.

Зафар (Запар) Айдаров — «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке аттанган. Тизмеде 129-орунда турат. Ал буга чейин бажы тармагында эмгектенип келген, Кара-Суунун акими Тилекбек Матраимовдун кудасы, бажынын мурдагы жетекчилеринин бири Райымбек Матраимовдун жакын адамы болуп саналат. Айдаров эрежесиз эр уруш чебери катары да белгилүү. (DU)

XS
SM
MD
LG