Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Беларус: Орусия жардамды, Батыш кысымды күчөттү


Минскиде митингчилердин бири кармап чыккан Лукашенконун шакаба сүрөтү.
Минскиде митингчилердин бири кармап чыккан Лукашенконун шакаба сүрөтү.

Беларуска Орусия ири насыя убада кылса, Эл аралык валюта фонду жардам берүүдөн баш тартты. Европанын санкция салуу аракетине америкалык сенаторлор кошулду.

Эл аралык коомчулуктун Беларус маселесине байланыштуу кадамдары жаңы баскычка чыкты. Президенттик шайлоонун алдында Минскиде отуздан ашуун орус жалданма аскери кармалганын билдирип, Александр Лукашенко Кремлди да Беларустун "ички ишине кийлигишүүдө" деп айыптаган. Шайлоодон кийин позициясын өзгөртүп, Орусияга кескин ыктады. Ошондон соң орус президенти Владимир Путин “Лукашенконун күч кызматкерлеринен атайын резерв куроо суранычы” канааттандырылганын ырастаган. Эми 14-сентябрда Лукашенко Сочиге барып, Кремлдин дагы убадасын алып кайтты.

Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 14-сентябрь, 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 14-сентябрь, 2020-жыл.

"Бул катаал учурда Орусия Беларуска 1,5 миллиард доллар мамлекеттик насыя берерин макулдаштык. Биз муну аткарабыз. Азыр мага белгилүү болгондой, биздин финансы министрлерибиз бул багытта профессионалдык деңгээлде иштеп атышат", - деди Путин жолугушуу учурунда.

Бирок карыздын бир бөлүгү кайра эле Беларус Орусиядан мурда алган насыяны төлөөгө жумшаларын Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков тактады.

Калган бөлүгү өлкөдө акча жүгүртүүгө зарыл болуп турганын беларус журналисти Франак Вячорка “Настоящее время” телеканалына маегинде айтты:

"Чынында чоң кризис келатат. Мамлекеттик ишканаларда айлык акы төлөө эки аптага кечеңдеши мүмкүн деген декрет кабыл алынды. Адамдар банк эсептеринен ала алчу акчанын өлчөмү чектелди. Мунун баары кризис бар экенинен, системаны өлтүрбөй кармап туруу үчүн Лукашенкого нак акча зарыл болуп турганын көрсөтөт".

Ошол эле учурда пандемиянын каарын тартып турган Орусиянын мындай берешендигине Лукашенко кандай жооп кылганы коомчулукка белгисиз. Жолугушуунун купуя өткөнүн, "алгандын бермейи" белгисиз калганын беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская да баса белгиледи:

Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

"Жабык режимде өтүп, демейдегидей эле элден баарын жашырып атышат. Мен атайын билдирүү жасадым, ал жолугушууда жетишилген кандай гана келишим болбосун баары келечекте мыйзамдуу шайланган президент тарабынан кайра каралып чыгат. Анткени азыр эл алдында Лукашенконун легитимдүүлүгү жок" - деди беларус оппозиция лидери.

Батыш басымды күчөтүүдө

Ал тапта Эл аралык валюта фонду пандемиядан жабыркаган беларус экономикасына жардам иретинде быйыл мартта сураган 940 миллион долларды берүүдөн баш тартты.

Буга чейин Евробиримдик тынч маанайдагы демонстранттарга зомбулук көрсөткөн беларус аткаминерлерине санкция салууну макулдашкан. Билдирүүлөр менен чектелип келген Америка Кошмо Штаттары да жаза чарасын көрө баштады. Дүйшөмбүдө 13 сенатор санкция салууга чакырган резолюцияны сунушташты. Документти коштогон билдирүүдө сенатор Жим Риш “Беларус бийлиги катаал репрессияны токтотуп, августтагы шайлоодон кийин адилетсиз кармалгандарды бошотушу керек” деп белгилейт.

Ал эми сенатор Боб Менендез “Лукашенко мырзада кымындай да легитимдүүлүк калган жок. Ал отставкага кетиши керек” деди.

Резолюцияда жети миңден ашуун адам митингге катышканы үчүн кармалганы, көбү токмок жеп, кыйноого кабылганы, ондогон журналист кармалып, элүүдөн ашуун маалымат сайттарына бөгөт коюлганы да белгиленген.

Митинг учурунда жаракат алган адам. Минск.
Митинг учурунда жаракат алган адам. Минск.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары Кеңеши жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму зомбулук фактыларын “кечиктирбестен иликтөөсү” зарылдыгын эл аралык Хьюман Райтс Вотч (HRW) укук коргоо уюму да талап кылды. 15-сентябрдагы билдирүүсүндө укук коргоочулар камалып чыккан демонстранттар менен маектешкенин, алар “ур-тепки, токко урдуруу фактыларын, кеминде бир жолу зордуктоого кабылышканын” айтып беришкен. Уюм белгилегендей, алардын арасында олуттуу жаракат алгандар, сөөгү сынгандар, ички органдары жабыркагандар бар.

"Чубактын кунундай чубалган" шайлоо

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөрүлгөн. Ага чейин эле бийлик оппозициянын үч белдүү саясатчысын шайлоодон четтетип, алардын экөөнү камаган. Шайлоого катыша албай калган Сергей Тихановскийдин аялы Светлана Тихановская президенттикке талапкерлигин коюп, өзгөрүүнү каалаган элдин символуна айланган.

Беларус Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко кайра жеңип чыкканын жарыялаган. Шайлоо жыйынтыгы бурмаланганын, Лукашенко бийликтен кетип, өлкөдө өзгөрүү болушун талап кылып толкуган эл ошондон бери тынчый элек. Акыркы маалда ар жекшемби сайын 100 миңден кем эмес адам Минск көчөлөрүнө чыгып, аларды тобу менен кармап, камоо уланууда.

XS
SM
MD
LG