Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Беларуста жапырт иш таштоо башталды


Лукашенко 17-августта МЗКТ заводунда суроолорго жооп берип жаткан учур.
Лукашенко 17-августта МЗКТ заводунда суроолорго жооп берип жаткан учур.

Беларуста дүйшөмбүдө ири ишканаларда, телекомпанияларда иш таштоо башталды. Жолугушуу учурунда жумушчулар «кет» деп Лукашенконун бетине айтышты.

Машина куруучу МЗКТ заводуна чогулгандар Александр Лукашенкону сүйлөтө коюшкан жок. Президенттин заводго келери күн мурунтан белгилүү болгондуктан башка заводдун жумушчулары да мында агылып келишкен.

17-августтан тартып Беларуста жумушчулар жапырт иш таштоону башташты. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү, күч түзүмдөрүнүн демонстранттарга карата зомбулугун токтотуп, кармалгандарды бошотууну жана башкысы - президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышууда. Ал эми Лукашенко бийликти алмаштыруунун өзү макул көргөн жолун сунуш кылды:

Лукашенко.
Лукашенко.

«Келгиле, отургула. Конституцияны иштеп чыгалы, референдумга коёлу. Конституцияны кабыл алабыз да мен силерге ыйгарым укуктарымды Конституция боюнча өткөрүп берем. Бирок басым астында же көчө аркылуу эмес. Эстеп калгыла, мен буга чыдабайм».

Лукашенко «мени өлтүрмөйүн башка шайлоо болбойт» деп кошумчалады.

Жапырт иш таштоого өлкө боюнча бир катар ишканалар, анын ичинде МТЗ, МАЗ, МЗКТ, «Белшина» өңдүү ири машина куруучу заводдору, андан тышкары «Гродно Азот», «Беларускалий», «Нафтан» өңдүү ири ишканалардын жумушчулары кошулду.

«Кеп экономикабыз үчүн абдан сезилерлик, алдыңкы ишканалар жөнүндө болуп жатат. МЗКТ - экспортер катары бизде гана эмес, чет өлкөлүктөр арасында да кызыгуу жараткан ишкана. «Беларускалийдин» кенчилеринин иш таштоосу абдан маанилүү. Анткени бул дамамат валюта менен киреше алып турган ишкана», - деди жергиликтүү экономист Сергей Чалый «Настоящее время» телеканалындагы маегинде.

Мындан тышкары кеминде эки мамлекеттик телеканал тынч эмес. Беларус телерадиокомпаниясынын, ОНТ телеканалынын жүздөгөн кызматкери иш ташташты.

Лукашенконун шайлоодогу башкы атаандашы, коопсуздугуна байланыштуу Литвага чыгып кеткен Светлана Тихановская телекайрылуу таратып, бийликти өткөрүп алууга, улуттук лидер болууга даяр экенин билдирди:

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

«Өлкө тынчтанып, кадимки ыргакка түшүшү үчүн, биз бардык саясий туткундарды бошотуп, жаңы президенттик шайлоо өткөрүүгө кыска аралыкта мыйзамдык база менен шартты даярдаш үчүн, дүйнөлүк коомчулук кыйшаюусуз тааный турган чыныгы, таза жана айкын шайлоо өткөрүш үчүн мен өзүмө жоопкерчилик алып, ушул учурда улуттук лидер болууга даярмын».

Буга чейин Тихановская элге кадырлуу беларустардан түзүлгөн атайын координациялык топ бийликти өткөрүп алуу маселесин талкуулашы керек экенин билдирген.

Ал эми азыркы өлкө бийлиги кадимки тартипте иштеп жатканын көрсөтүүдө. Конституцияга ылайык, Минскидеги өкмөт президент жаңы шайланганы үчүн кызматтан кетти. Башка өкмөт куралгыча Роман Головченконун министрлер кабинети милдетин аткаруучу катары иштейт.

Ал арада Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген өлкөлөргө дүйшөмбүдө Британия да кошулду. Падышалыктын тышкы иштер министри Доминик Рааб «бурмаланган шайлоонун жыйынтыгын тааныбай» турушкандыгын «Твиттерге» жазды. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон «Европа Биримдиги өз укуктарын, эркиндигин жана эгемендигин урматташ үчүн тынч нааразылык акциясына чыккан жүз миңдеген беларустарды колдоону улантышы керек» деп твит жазды. Евробиримдиктин лидерлери Беларус кризисин 19-августта талкуулаганы турушат.

Беларустун Словакиядагы элчиси Игорь Лещеня нааразылык акциясына чыккандарды колдоп, бийликти сынга алды. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда беларустук митингчилерди колдогон акциялар өттү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG