Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Лукашенко Орусияга чукул бурулду


Александр Лукашенко менен Владимир Путин Минсктеги ЖККУ саммити учурунда. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Александр Лукашенко менен Владимир Путин Минсктеги ЖККУ саммити учурунда. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Европа Беларустун учурдагы бийлигине басым көрсөтүүгө олуттуу киришти. Ал эми Орусия Беларус бийлигине аскердик жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, демонстранттарга сес көрсөттү.

Европа Беларус бийлигин "кара тизмеге" киргизет

28-августта Берлинде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери, Венада Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун эки күндүк жыйыны башталды. Анда Беларус темасы күн тартибинин өзөгүн түзөт.

Буга чейин Евробиримдик Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жана митингчилерге зомбулук көрсөтүүгө катышы бар 15-20 аткаминерге санкция салары кабарланган. Берлиндеги жыйында «кара тизмеге» киргизиле турган адамдардын тизмеси талкууланат.

Жыйын алдында өзгөчө биримдиктеги Балтика өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чечкиндүү пикирлерин билдиришти.

Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу президент Александр Лукашенконун өзүн баш кылып "кара тизмеге" киргизүү керек экенин билдирди жана ишти ыкчамдатууга чакырды.

Ал эми Литванын башкы дипломаты Линас Антанас Линкявичюс санкцияга туш болчулардын санын көбөйтүүнү жактайт. Буга чейин Литва өз алдынча отуздан ашуун беларус аткаминерин аймагына киргизүүгө тыюу салган.

Латвия да аймагына киргизилбей турган беларустардын тизмесин түзөрүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс шардана кылды.

Эдгарс Ринкевичс
Эдгарс Ринкевичс

«Биз аны кийинчерээк жарыялайбыз. Көбүрөөк болот. Ал эми Евробиримдик Беларуска шайлоодогу бурмалоолор, репрессия кабыл алынгыс деген дапдаана белги бериши керек. Тизме кеңири жана ишенимдүү болушу зарыл».

ЕККУга төрагалык кылып жаткан Албаниянын өкмөт башчысы Эди Рама да Венадагы жыйында Беларус темасын козгомокчу. Уюмга эми төрагалык кыла турган Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде ачык жана конструктивдүү диалог жаралышы үчүн Минскиге барууну сунуштады.

ЕККУ мүчөсү катары Беларус «демократиялык шайлоо өткөрүп, адам укуктарын жана эркиндикти сактоо милдетин алганын» Евробиримдик менен Канада 26-августтагы билдирүүдө эскертишти.

Евробиримдикке мүчө болууга талапкер өлкөлөрдүн арасынан Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич да санкцияны колдоп чыкты:

«Беларус декларациясы боюнча - биз ал декларацияга кошулдук. Албетте бул өз саясатыбызды Европанын саясаты менен айкалыштыруу үчүн биз жасай турган нерсе. Евробиримдикке жакындоонун алкагында биз ар жылы ушундай кылабыз».

Лукашенко кайрадан Путинге калкаланат

Ал эми Александр Лукашенко акыркы апталарда беларус-поляк чек арасына аскерин жылыштырды деп НАТОну, Гродно облусун каратып алгысы келип жатат деп Польшаны айыптап чыккан. Эки тарап тең муну дароо четке кагышты.

Лукашенко өлкө ичиндеги демонстранттарга колдоо көрсөтүп, ички ишибизге кийлигишүүдө деп эми жалаң Батышты айыптай баштады.

Шайлоого чейин Орусияга ушундай эле доомат артып, туура бир ай мурда Кремлге жакын “Вагнердин жеке компаниясынын” 33 жоокерин Минскиден кармаган. Анда Лукашенко Москваны «кара ниеттик» үчүн айыптаган. Эми кайра Москвадан аскердик жардам сураганын орус президенти Владимир Путин ачыкка чыгарды.

Беларус бийлиги "орусиялык жалданма аскерлер" деп 29-июлда кармаган адамдар
Беларус бийлиги "орусиялык жалданма аскерлер" деп 29-июлда кармаган адамдар

27-августта "Россия 24" телеканалына маегинде Путин “Лукашенконун күч кызматкерлеринен атайын резерв куроо суранычы” аткарылганын жана кайсы учурда ишке киргизилерин белгиледи:

«Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче ал колдонулбайт деп макулдаштык. Саясий ураандарга жамынган экстремисттик элементтер анык бир чектен ашып, талоончулукка бармайынча, үй жана машинелерди, банктарды өрттөп, административдик имараттарды басып алуу сыяктуу аракеттерди көрмөйүнчө колдонулбайт».

Путин күч түзүмдөрүнүн кайсы тармагынан резерв куралганын ачыкка чыгарган жок.

Минскидеги оппозиция чет өлкөлөрдө куралган аскер күчтөрүн Беларустун аймагында колдонуу “эл аралык укукка” каршы келерин билдирип, Москваны өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

"Аскер кирсе чыкпайт"

Орусиялык саясат талдоочу Дмитрий Орешкин Лукашенко чынында аскердин өзүнө эмес, Путиндин ошондой сөзүнө муктаж деп эсептейт:

«​Кирет, бирок кайра чыгары чоң маселе. Символикалуу, сөз менен колдоого ал абдан кызыкдар болчу. Путин да буга кызыкдар. Анткени Лукашенкону канчалык жактырбай турса да, ал көпчүлүк элдин басымы менен бийликти басып алуу мүмкүнчүлүгү Орусияга мисал болуп калышынан көбүрөөк коркот» , - деди орусиялык талдоочу "Настоящее Время" телеканалына курган маегинде.

Минсктеги кечки демонстрация
Минсктеги кечки демонстрация

Ал тапта Лукашенко баштаган бийлик тынч демонстранттарга басымды күчөттү. 27-августта Минскиде ондогон митингчи кармалды. Алардын арасында иш милдеттерин аткарып жүргөн 35 журналист да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG