Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Коомдук ишмер Болот Шер дүйнө салды


Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.
Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өткөн акцияда. 29-март, 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Садык Шер «Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң-Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт» деп кабарлады.

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган.

«Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган.

Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.


Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимдерин кескин сындап, саясий оппозицияда жүргөн.

2008-жылы 26-апрелде Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы оппозиция Ысык-Көлдүн Түп районунда митинг өткөргөн. Ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү Түп айылында токмоктолуп, аларга жаалданган аялдар жумуртка ыргыткан. Оппозиция өкүлү Болот Шер кол салгандар менен мушташа кеткен.

Түптөгү тополоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамында ички иштер министри болуп дайындалган. Ден соолугуна байланыштуу кийинчерээк кызматын орун басары Бакыт Алымбековго өткөрүп берген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Исхак Масалиев Болот Шердин Убактылуу өкмөттөгү ишине - коомдук тартипти сактоодогу ролуна токтолду:

«Болот Шер кыргыздын чыныгы патриотторунун бири болчу. Кыргыз эли үчүн ак эмгек кылып, күйүп-жанган киши эле. Мисалы, ал киши маалыматтык коопсуздук деген маселени бир топтон бери айтып жүрчү. Эгемен мамлекет болсок, кыргыздын рухий байлыгын сакташыбыз керек деп аракет кылып, көп жыл ушундай идея менен жашап жүрдү. «Көк-бөрү» федерациясын бир нече жыл башкарып, кыргыздын улуттук оюндарын дүйнөгө таанытууга салым кошкон адамдардын бири болду. Ал эми Убактылуу өкмөткө тарых, ар бир адам өзүнчө баа берет. Бирок бул киши ошол учурда өзүнө тапшырылган тармакты – тартипти жана тынчтыкты сактоодогу милдетин ийгиликтүү аткарган деп ойлойм».

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Болот Шер калкына канат боло алды

Болот Шер 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү болгон. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин (Болотбек Шерниязов) каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун таратышты.

Кайрылууда Болот Шердин саясатка, маданиятка, спортко кошкон салымы белгиленип, кыргыз эли орду толгус чоң жоготууга учураганы жазылат.​

“Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду. Ал өмүрүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, демократиялык баалуулуктарды коргоого, маданий жана руханий көрөңгөсүн сактоого жана жайылтууга арнады. Болот элине тутка, эркиндиги чектелип, эл тепселчү маалда калкына канат боло алчу”, - деп айтылат кайрылууда.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2005-2010-жылдардагы саясий окуяларда Болот Шер өлкөдөгү авторитардык, үй-бүлөлүк, коррупциялык бийликке каршы ачык сын айтып, жолдошторуна дем берип турганын белгилешти. Болот Шер 2008-жылы Каркыра боюнча маселеде тайманбай, чагымчыл топтун соккусуна туш болгонуна карабай кайратынан жазбаганы белгиленди.

Көңүл айтуу катында Болот Шер эгемен Кыргызстандын маданий кайра жаралуусунун башында туруп, улуттук спорттун, маданияттын жана адабияттын башкы күйөрманы жана демөөрчүсү катары салым кошкону, анын ичинде көк бөрү оюнун жайылтуудагы салымы белгиленет.

Болот Шерди замандаштары, кесиптештери, санаалаштары эскеришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев:


Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев:


Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева:

Боло Шер соңку күндөрү катуу ооруп жаткан. Жакында эле Бишкектеги ооруканага жаткырылганы кабарланган.

"Азаттыктын" архивинен: Болот Шер Бабановго ок салынган кат жөнөттү
Болот Шер Бабановго ок салынган кат жөнөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG