Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

COVID-19: Вирус жуккандар менен контакт болгондордун саны жети миң адамга чамалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дээрлик жети миңге жакын адам коронавирус жуккандар менен контактта болгону үчүн медицина мекемелеринин байкоосунда турат. Бул тууралуу 26-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, алардын так саны - 6875 адам. Бул сан эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша өзгөрүп турат.

Ал эми обсервацияда 2333 адам жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-майга карата бир суткада коронавирус жаңы аныкталган 35 адамдын көбү бейтаптар менен контакт болгондор экенин, андыктан ар бир адам жеке коопсуздугу үчүн кам көрүшү керек экенин билдирди.

Бүгүнкү күндө ооруканада вирус жуккан 437 адам жатат, алардын төртөө реанимацияда.

Жалпысынан 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1468 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1015 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG