Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Аба ырайы: Жаан жаап, тоолордо карга айланат


26-28-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрөт, дарыяларда суу кирет.

27-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөйт, жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түндүн биринчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG