Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Сыйлыктарды ачык бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы жарыяланды (тизме)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият тармагында эмгектенгендерге мамлекеттик сыйлык тапшыруу маселесин караган коллегиянын жыйынтыгы чыкты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-июлдагы коллегия министр Султан Жумагуловдун төрагалыгы менен өттү. Анда сыйлыкка көрсөтүлгөн 352 документ каралып, 101и колдоо тапты (тизме).

Өткөн талапкерлердин тизмеси өлкө президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыкка жиберилди.

Кийинки этапта колдоо тапкандарга сыйлык тапшыруу салтанаты 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата уюштурулат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик сыйлыктар боюнча кеңешме быйыл журналисттердин катышуусу менен биринчи жолу ачык өттү. Мекеме мындай аракет сыйлык тапшыруу жаатында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу максатын көздөй тургандыгын билдирүүдө. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG