Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Нарын районунда да сел жүрдү


Баштапкы маалыматтар боюнча 26-апрель, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Селдин башка кесепеттерин аныктоо иштери жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын райондук бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Мунун алдында министрлик 26-апрелге караган түнү Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаганын билдирген.

20-апрелден 24-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталганын айтты. Андан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Эки адам каза болду. (ZKo/ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG