Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

АКШ Иранга “виртуалдык элчилик” ачты


АКШ ирандыктар менен карым-катнаш түзүү максатында интеренетте "виртуалдык элчилик" ачты. Бул Обаманын администрациясынын Ирандын жарандары менен түз байланыш орнотуу боюнча акыркы аракеттеринин бири. Вашингтон менен Тегерандын дипломатиялык мамилеси мындан отуз жыл ашуун мурда үзүлгөн.


АКШ Иранга багытталган “виртуалдык элчилик” деп атаган интернет баракчада мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун сайтка баш баккандар үчүн салам дубайы перси тилиндеги котормосу менен коштолот. АКШнын мамкатчысы “виртуалдык элчилик” эки өлкөнүн жарандарынын ачык-айкын жана эч кимден коркпостон байланыш түзүүсүнө мүмкүндүк тартуулайт деп үмүттөнөт:

- АКШ менен Ирандын дипломатиялык мамилеси жок болгондуктан биз Ирандын жарандары менен диалог түзүү үчүн кээ бир урунттуу учурларды жоготуп койдук. Бирок бүгүн биз бул ажырымды жабуу, эки өлкө жана эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү тереңдетүүгө көмөктөшүү үчүн жаңы технологияларды колдоно алабыз. “Виртуалдык элчиликти” биз ошол максатта түздүк. Бул биз бири-бирибиз менен АКШ, биздин саясат, биздин маданият, америка эли жөнүндө ачык жана эч кимден коркпостон пикир алышууга платформа.

АКШ менен Ирандын ортосунда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан бери дипломатиялык алака жок. Анда 52 америкалык 400 күндөн ашуун убакыт барымтада кармалып, Ирандагы ыңкылапчыл бийлик элчиликти “тыңчылардын уясы” деп атаган. Элчилик жабылгандан бери АКШнын дипломатиялык кызыкчылыгын Швейцариянын өкмөтү коргойт.

Тегеран, 1979-жыл
Тегеран, 1979-жыл
Артта калган отуз жыл ашуун убакыттын басымдуу бөлүгүндө АКШ Иранга улам чакырыктарды таштап, ага талаштуу жана шектүү өзөктүк программасына байланыштуу санкцияларды киргизип келди.

Эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү Иран жашыруун жолдор менен өзөктүк куралга ээ болгусу келет деген ишенимде. Тегеран болсо атомдук программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастайт.

“Виртуалдык элчилик” деп мүнөздөлгөн интернет сайт анда айтылгандай, АКШ жана америка өкмөтүнүн Иранга карата мамилеси боюнча “бурмалоолор” менен да күрөшүүгө да аракеттенет.

“Мифтер фактыларга каршы: АКШ өкмөтүнүн Иранга карата саясаты боюнча чындык” деген бетте жети маселе боюнча түшүндүрмө берилген.

“Виртуалдык” элчиликтин ачылганына байланыштуу Мамлекеттик департаментте өткөн брифингде мамкатчынын саясий маселелер боюнча орун басары Уэнди Шерман Обама администрациясы ирандыктар АКШ ирандыктарды жана алардын маданиятын урматтаарын түшүнүүсүн кааларын белгиледи:

- Биз Ирандын эли менен тикелей пикир алышууну каалайбыз. Биз бардык ирандыктар, өзгөчө көп сандагы жаштар АКШ Иран элин жана анын маданиятын терең урматтоосуна күбө болушун каалайбыз.

Акыркы айларда Ак үй интернеттеги Facebook социалдык түйүнүндө перси тилиндеги барагын ачып, Мамлекеттик департаментте перси тилин билген басма сөз катчыны да дайындаган. Эми “виртуалдык элчилик” Барак Обаманын администрациясынын катардагы ирандыктарга жетүү боюнча соңку аракеттерин толуктоодо. Сайт ирандыктарга америкалык визаны кантип алуу, АКШда билим алуунун жолдору боюнча да маалыматтарды берет.

Тегерандагы Британиянын элчилигине кол салышуу.
Тегерандагы Британиянын элчилигине кол салышуу.
Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ визасын алгысы келген ирандыктар жакын арадан тарта бул ишти жаңы интернет сайт аркылуу жүргүзө алышат. Бирок баары бир маектешүүдөн өтүү жана документтин өзүн алуу үчүн АКШнын консулдуктары жайгашкан коңшу өлкөлөргө барууга туура келмекчи.



Ирандык белгилүү активист жана жакында окуу үчүн АКШга келген Мехди Арабашахинин “Азаттыкка” айтканына караганда, виртуалдык элчилик символикалуу гана кадам сыяктуудай. Ал америкалык визаны алуу боюнча ирандыктар үчүн татаал жана кымбат жараянды көп деле жеңилдетпейт:

- АКШ өкмөтү менен Иран эли ортосунда көпүрө салуу аракети жасалды. Бирок бул АКШнын визасын алгысы келген ирандыктар кабылган көптөгөн кыйынчылыктарды жойбойт. Виза алуу - АКШга келгиси келген ирандык студенттер жана адамдар үчүн эң башкы көйгөй.

АКШнын "виртуалдык элчилигинин" сайты азырынча иран бийликтери тарабынан тороло элек. Бирок Тегерандагы режим дүйнөдө интернеттин эң катаал цензорлорунун бири деп саналарын эске алганда, сайтка киргизси келген ирандыктар жакын арадан тарта муну филтрге каршы ыкмалар аркылуу гана жасай алышчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG