Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

АКШ: ирандык агенттер даярдаган кутум ачылды


АКШнын Баш прокурору Эрик Холдер (оңдо) жана ФБРдин жетекчиси Роберт Мюллер, Вашингтон, 11-октябрь 2011-жыл
АКШнын Баш прокурору Эрик Холдер (оңдо) жана ФБРдин жетекчиси Роберт Мюллер, Вашингтон, 11-октябрь 2011-жыл

Агенттер Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүүнү көздөшкөнү айтылууда. Тегеран дооматтарды “комедия” деп четке какты.


Мансур Арбабсияр жана Гулям Шакуриге чет өлкөлүк расмий адамды өлтүрүүгө, массалык кыргын салуучу куралды колдонууга жана терактты ишке ашырууга даярдык көргөн деген айып тагылды.

Арбабсияр АКШ менен Ирандын жараны, Шакури Ирандын Революциялык Сакчылар кошуунун курамындагы Кудс деген атайын күчтөрдүн мүчөсү деп маалымдалууда.

АКШнын башкы прокурору Эрик Холдердин айтымында, Арбабсияр 29-сентябрда Нью-Йорктогу аэропортто кармалып, күнөөсүн моюнга алды жана Иран өзкмөтүнүн кутумдагы ролу тууралуу баалуу маалымат берди.

- "Сотко түшкөн документтерге ылайык, кутум Иранда пландалган, ошол жактан каржыланган жана башкарылып турган. Бул АКШнын жана эл аралык укуктук нормалардын, анын ичинде дипломаттарды коргоо боюнча конвенциянын одоно бузулушу", - деген Холдер Шакури Иранда жүргөнүн, ага айып сыртынан тагылганын билдирди.

Арбасияр азыр абакта кармалууда, күнөөсү далилденсе, өмүр аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кутумдун бети ачылганы белгилүү болгондон кийин АКШнын Мамлекеттик департаменти теракт ыктымалдыгы тууралуу эскертип, америкалык жарандарды этият болууга чакырды. "Соңку окуя Ирандын террордук аракеттерге ыктай башташын көрсөтөт, Иран режиминин колдоосу менен АКШда жана башка өлкөлөрдө кол салуулар ишке ашырылышы мүмкүн",- деп айтылат тышкы мекеменин 3 айга чыгарган эскертүүсүндө.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттар башка өкмөттөр менен консултация жүргүзүп, ансыз да санкцияларга туш болгон Иранга каршы чараларды күчөтүү маселеси каралаарын айтты:

- Дүйнөнүн чар тарабындагы шериктерибиз жана дос мамлекеттер менен сүйлөшүп, эл аралык нормаларды бузган ушундай аракеттерди токтотуу керектигин Иранга кантип ишаара кылабыз деген маселе боюнча пикир алмашабыз. Иранга таасир этип, аны эл аралык коомчулуктан обочолонтуу үчүн кайсы тармактарда кызматташууну күчөтүү зарыл деген маселе да талкууланат.

Тегеран анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, кутум жөнүндөгү айыптоолорду “күлкүлүү шоу” деп атады. Ирандын расмий "ИРНА" кабар агенттиги болсо бул ишти Вашингтондун Тегеранга каршы "пропагандалык кампаниясы" деп сыпаттады.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун дарегине жөнөткөн катында Ирандын Улуттар уюмундагы элчиси Мохаммад Хази АКШнын ырастоолорун америкалыктарды ички экономикалык жана социалдык проблемалардан алагды кылуу үчүн ойлоп табылган “шайтандын амал-айласы” деп атады.

АКШнын финансы министрлиги Вашингтон кутумга тиешеси бар деген 5 кишиге каршы экономикалык жазалоочу чараларды колдоноорун жарыялады.

Башкы прокурор Холдердин айтымында, Арбабсияр кол салууну даярдап жатканда өзүн мексикалык наркокартелдин мүчөсү деп тааныштырган адам менен бир нече ирет байланышып, ага элчи Адел Ал-Жубейирди өлтүрүүнү тапшырган. Ал адам иш жүзүндө АКШнын жашыруун кызматынын агенти болчу. Элчини өлтүрүү үчүн иран өкмөтүнүн мүчөлөрү 1 жарым миллион доллар төлөмөкчү болгон деп айтылууда.

Америкалык расмий адамдардын ырастоосунда, Нью-Йорктогу банк аркылуу 100 миң доллар курал сатып алуу үчүн которулган. Кутумчулар бомбаны элчи көп барган ресторанга коюшмак. Бирок жардыргыч зат эч жакка коюла электе, кылмыштуу пландын бети ачылды.

Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчилиги АКШга ыраазычылыгын билдирүү менен катар болжолдуу кутумду “гумандуулуктун жалпы принциптерине каршы келген эл аралык нормалардын одоно бузулушу” деп атады.

XS
SM
MD
LG