Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Бишкектин чылбырын тарткан Москва


Эл аралык басылмалар
Эл аралык басылмалар

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (15-21-сентябрь)

Орусия Кыргызстанга көзөмөлүн күчөттү

“Гезиттердин башкы макалалары азыр Украина менен Орусиянын мамилеси болуп жатканда Москва акырындап мурдагы советтик өлкө Кыргызстанга карата көзөмөлүн арттырууда”, - деп жазат Британиянын The Guardian гезити. Борбор Азиянын эң жакыр өлкөсү болгон Кыргызстандын жарым миллиард доллардан ашуун карызын кечип, өлкөгө курал-жарак жана аскерий техника менен жалпы суммасы 1,1 миллиард доллардык жардам көрсөтүп, кыргыздардын газ секторун толугу менен көзөмөлгө алуу менен Орусия расмий Бишкектин чылбырын бекем тарта баштады дейт журналист Стефани Отт.

Колумбия университетинин профессору Александр Кули: “АКШнын "Манастагы" авиабазасынын жабылуусу Кыргызстандын тарыхында жаңы доорду ачып, Орусия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол берүүдө. 2009-жылы да Орусия кыргыз өкмөтүнө кысым кылып, Американын аскердик базасын чыгартууга аракет кылган. Бирок кыргыз жана АКШ тарап сүйлөшүп, 17,4 миллион доллардык ижара акысын 60 миллион долларга көтөрүп, база ордунда калган. Бирок бир нече жыл өтпөй эле кыргыз бийлиги АКШ базасын баары бир чыгарып, Орусия мүдөөсүнө жетти”, - деген пикирин билдирди.

Москвадагы Карнеги борборунун Орто Азия боюнча окумуштуусу Алексей Малашенко Орусия мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанды өзгөчө катуу көзөмөлгө алып жатат деп эсептейт. Эки өлкөнүн этникалык жана маданий көп окшоштуктары бар. Бир миллион чамалуу кыргызстандык атуул Орусияда иштеп жатат. Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча, алар жиберген акча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 30 процентин түзөт деп жазган The Guardian.

“Кытай өнүксө дүйнө бөксөрбөйт”

Кытайдын дүркүрөп өнүгүүсү дүйнө үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт деп жазган China Daily гезитинин окурманы аталган басылманын блогдор бөлүмүнө. Акыркы жылдары Кытайдын экономикасынын тез убакытта ирдениши башка өлкөлөргө кооптуу деген пикирлер арбыды. Президент Си Цзинпиндин Индиядагы расмий иш сапары учурунда Кытай ар дайым тынчтык жолунда турганын, башка өлкөнүн коопсуздугуна шек туудуруп, чек арасын бузуу кытай улуттук менталитетине туура келбестигин айтып, “Күчтүү алсызга кол көтөрбөш керек”, - деген макалды мисал келтирди. 1,3 миллиард калкы менен Кытай эч качан талкалоочу эмес, куруучу гана функцияны аткармакчы. Андыктан заманбап дүйнө Кытайдан коркпой эле жашаганы туура дейт China Daily гезитинин окурманы.

Ханыша шотландиялыктарды “кечирди”

The New Yorker журналы Британиянын ханышасы Елизавета Экинчи Шотландияда болгон референдумдан кийин атайын кайрылуу жасап, өз сөзүндө: “Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн референдум болуп, эл анын Улуу Британиянын курамынан бөлүнбөөсү үчүн добуш берди. Акырында айтайын дегеним, тентек баласын дайыма кечирген ата-энедей эле мен дагы ачууланганым менен бөлүнгүсү келген шотландиялыктарды кечирдим”, - деди деп жазды. Ошондой эле ханыша Елизавета шотланд элин биримдикке чакырып, басып өткөн тарыхты эске алуу менен бир улуу улуттай жашайлы деген оюн айткан.

Түрк киносу саясий кысымга алынууда

Канндан Венага чейин түркиялык кино тартуучулар эл аралык бир топ сыйлыктардын ээси болгону менен өз мекенине кайтканда бийликте турган АК Партиянын кысымына кабылууда деп жазат EuroasiaNet басылмасынын аналитиги Дориан Жонес. Айрыкча 2013-жылдагы Гези аянтында болгон демонстрациялардан кийин кино тартуучулардын бийлик тарабынан көзөмөлгө алынуусу улам күчөп барат.

Түркиянын Маданият жана Туризм министрлиги тартылган тасмалардын мазмунун текшерүүгө алып турушу керек дейт аталган министрликтин өкүлү Ямач Окур. Киши өлтүрүү, чылым тартуу, ичимдик ичүү сыяктуу жаман адаттар камтылган тасмаларды мурда 18 жашка чейинкилерге болбойт деп тыйылып келсе азыр министрликтин буйругу менен жаш өлчөм 13 жаштан төмөнкүлөргө болбойт деп белгиленди. Канн фестивалы сыяктуу абройлуу иш-чаралардан сыйлык алган айрым тасмаларга да Түркияда көрсөтүү чектелүүдө деп жазат EuroasiaNet басылмасы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG