Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Орус баскынчылыгын даңктаган видео тарады


Видеодон алынган сүрөт
Видеодон алынган сүрөт

"Мен орус баскынчымын” деп аталган жаңы видео Орусиянын коңшу өлкөлөрдү басып алып жатышын даңазалап, Москванын көзүнүн агы менен тең айланбаган кошуналарын диктатура орнотту, же караңгылыктын кучагында калды деген мааниде такмазалайт. АКШ президентине багышталгандай көрүнгөн клип орустарга тийишпегиле деген эскертүү менен аяктайт.

Орусияны «коңшуларын цивилизацияга жеткирген» мамлекет катары даңазалаган видеону интернетте тытып көрүп жатышат.

– Мен орус баскынчысымын, бул менин кесибим деп башталган видеоклип 27-февралда интернетте жарыялангандан бери аны дээрлик 3 миллион 700 миң киши көрдү.

Башында бул видео Новосибирск шаарынан Евгений Журов деген блоггер тарабынан социалдык сайттарга таркатылган эле.

Бирок Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Рогозин аны өзүнүн Твиттеринде реклама кылгандан кийин ага өзгөчө көңүл бура башташты. Рогозин мурда НАТОдо Орусиянын элчиси болгон жана Батышка каршы каардуу ой-пикирлери менен таанылган.

Компьютердик анимация жана графика колдонулган эки жарым мүнөттүк клип Орусиянын СССРдин убагында жана ага чейин коңшу өлкөлөрдү басып алышын даңктап, бул өлкөлөр Москванын чөйрөсүнөн чыккандан кийин итке минип калган деген маанини туюндурат.

Анда Балтика өлкөлөрүнүн жарандары убагында жогорку технологияларды чыгарса, эми Европанын дааратканаларын тазалап жүргөндүгү айтылат.

Ал эми бир кезде орустар гүлдөткөн Борбор Азия АКШнын карыз акчасына жана кара куурай сатып күн көрөт экен.

Клипте Украина орустар кара жанын карч уруп курган өнөр-жай тармагын талкалап, «диктатураны» орнотту деп айыпталат. Белгилүү болгондой, Киевде орусчиячыл президент Виктор Януковичти кулаткан нааразылык акцияларынан кийин батышчыл өкмөт бийликке келген эле.

«Ооба, мен баскынчымын, жана ал үчүн кечирим сурагандан тажап бүттүм, мен төрөлгөндө эле басып алуу укугу менен туулгам» деп айтылат видеодо.

Клипте андан ары батыштык демократия жана анын баалуулуктары, анын ичинде кумсалардын укуктары четке кагылат жана «Мен акыркы жолу айтып жатам. Мага асылба! Мен тынчтыкты орнотом, мен тынчтыкты баалайм, бирок баарынан да мен согушканды жакшы билем» деп эскертилет.

Клип мындай эскертүү АКШнын президенти Барак Обамага жөнөтүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен аяктайт.

XS
SM
MD
LG