Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Бурятия: өрттөн эки кыргыз жаран жабыркады


Миграция боюнча адистер мыйзамсыз мигранттардын өмүрү коркунучта экенин ар дайым эскертип келишет.
Миграция боюнча адистер мыйзамсыз мигранттардын өмүрү коркунучта экенин ар дайым эскертип келишет.

Өрт кол кап тигүүчү фабрикада 24-сентябрда орун алды. Аталган фабрика Бурятиянын Турунтаево айылында жайгашкан. Азырынча эки кыргызстандык жарандын каза болгону тактала элек, бирок алар дайынсыз бойдон.

29-сентябрда эртең менен Орусия Федерациясынын Бурятия боюнча тергөө комитетинин башчысынын улук жардамчысы Евгений Лагацкий “Азаттыкка” маек куруп, жалпысынан 4 адам каза тапканын кабарлаган эле.

Лагацкий тактагандай, 4 адамдын бирөө гана таанылып, ал Өзбекстандын жараны болуп чыккан. Калган үч дене боюнча генетикалык изилдөө жүргүзүлөт.

- Дагы эки кыргыз жараны жана эки өзбек жараны табылбай жатат, алар тирүүлөрдүн арасында да жок.

Түштөн кийин өрт чыккан фабрика боюнча ишти иликтеген тергөө бөлүмүнүн башчысы Цирен Циремпилов эки кыргызстандык жаран каза болгондордун арасында табылып, бирок денелери таанылбай жатканын айтты.

Бирок дагы деле эки кыргызстандык жарандын каза тапкандыгы тууралуу маалымат такпы же жокпу айтуу кыйын, себеби адамдардын аттары жана денелери тактала элек.

Фабрикадагы өрттөн жалпысынан азырынча алты адам каза болуп, дагы эки адам табылбай жатат.

Тергөө алдын ала кабарлагандай, кол кап даярдоочу фабрикадагы өрт жумушчулар түнү иштеп жатканда чыгып, жумушчулар аны өчүрө албай коюшкан.

Адамдар имараттан качып, экинчи кабаттан да секиришкен, жабыр тарткандардын бирөөсүнүн буту сынган.

Фабрикада Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген жүздөй эмгек мигрант иштечү. Фабрика кол кап тигүүгө уруксаты жок иштеп, андагы эмгек мигранттар да мыйзамсыз иштешкен.

Миграция боюнча адистер арзан жумушчу күчү болуп эсептелген мыйзамсыз мигранттардын өмүрү, ден соолугу коркунучта экенин ар дайым эскертип келишет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG