Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Армения бийлиги ийге келе баштады


Еревандагы нааразылык.
Еревандагы нааразылык.

Президент Серж Саргсян электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча буйрукту жокко чыгарды. Ишемби күнү бийлик демонстранттар коюп жаткан талапты карап чыгып, эски жана жаңы тариф ортосундагы айырманы өкмөттүн эсебинен убактылуу жабууга убада берди. Бул тууралуу президенттин интернеттеги расмий баракчасына да маалымат жайгаштырылды. Митингчилер муну өздөрүнүн жеңиши деп атоодо.

Армения өкмөтү электр энергиясына бааны 1-августтан тарта 16 пайызга көтөрүүнү сунуштаган. Буга жарандар каршы чыгып, 19-июндан бери Ереванда 20 миңдей адамдын катышуусунда нааразылык акциясы өтүүдө. Алар тарифти кымбаттатуу толук алып салынмайынча, митингди уланта беришерин билдиришүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG