Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Мамытов Дүйшөмбүдө жүрөт


Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбүдө жүрөт. Ал Тажикстандын баш калаасына кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга барды. Тажикстандын вице-премьер-министри Мурадали Алимардон баштаган делегация өткөн айда Бишкекте кыргыз бийликтери менен чек ара маселеси боюнча жолуккан.

Аталган сүйлөшүүлөр 2013-жылдын декабрь айында, кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жаранынын чайканасы өрттөлгөнгө байланыштуу жол буулуп, кырдаал чыңалганда башталган.

2013-жылы кыргыз-тажик чек арасында бир нече конфликт катталды. Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жайгашкан Фергана өрөөнүндө Советтер Союзу урагандан кийин такталбаган чек ара тилкелери калган. Эл жашаган көп аймактар дагы деле талаштуу бойдон калууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG