Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Сабировдун адвокаты Жогорку Сотко кайрылат


Өткөн аптада Бишкек шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун адвокаты бүгүн Жогорку Сотко арызданат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов кабарлады. Адвокат шаардык сот Сабировго карата бир катар мыйзамды бузуу менен кабыл алды деп эсептейт.

Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту толугу менен актаган Равшанбек Сабировдун ишин Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде шаардык сот кайрадан карап, өткөн бейшембиде өз өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, сот Сабировду күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратып үй-мүлкүн конфискациялаган. Ал эми Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахмедов 3 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Баш прокуратура былтыр социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы жетекчилигине чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деп айып таккан. Ушул эле иш боюнча Сабировдун мурдагы орун басары Гүлнара Дербишованын үстүнөн да сот жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG