Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ошто ВИЧке чалдыккандардын көпчүлүгү - мигранттар


Ош облусунда ВИЧ илдетине чалдыккан кишилердин көбөйүшүнө ички жана тышкы миграциянын таасири тийип жатат. Бул тууралуу бүгүн облустук СПИД борборунун диспансердик бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Абдыраева билдирди. Анын айтымында, ВИЧ жуктурган кыргызстандык мигранттардын так саны же пайыздык көрсөткүчү анык болбогону менен, соңку учурда текшерүүгө келип, оорулуу деп табылгандардын көпчүлүгү Орусияга, Казакстанга же Бишкекке иштегени барып келгендер болууда.

Учурда Кыргызстанда 4336 жаранда ВИЧ илдети бар экени аныкталган. Сандар боюнча биринчи орунда Чүй, экинчи орунда Ош облустары турат. Ош шаары бул тизменин үчүнчү тепкичинде. Оорулуулардын 60 пайызга жакынын 35 жашка чейинки кишилер түзөт.

Бактыгүл Абдыраеванын айтымында, буга чейин баңги затын ийне аркылуу колдонгондордун арасында оору көп болсо, соңку эки жылдан бери жыныстык жол менен илдет жуктургандардын саны өсүп баратат.

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары 1988-жылдан тарта белгиленип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG