Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Алдыдагы 40 жылда дүйнөдө климат өзгөрөт, экономика жайлайт


Бул тууралуу адамзат болочокто кабылуучу көйгөйлөрдү анализдөө менен алектенген эл аралык уюм - Рим клубунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат.

Алардын болжолунда алдыдагы 40 жылда дүйнө климаттын өзгөрүүсүнүн жана экономикалык төмөндөөнүн кесепеттерин тартат.

Рим клубунун талдоочуларынын дагы бир божолмолу боюнча азыр глобалдык экономикада үстөмдүк кылгандар, өзгөчө АКШ стагнацияга кабылып, бара-бара экинчи орунга түшөт. Бул аралыкта Кытай планетанын кыймылдаткыч күчүнө айланат.

Рим клубу адамзат болочокто кабылуучу көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн дүйнө өкмөттөрүнүн узак мөөнөттүү ой жүгүртө албаганына жана эркин базар системасы баарына пайда алып келет деген ишенимге байланыштырган. (UE)

XS
SM
MD
LG