Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Өкмөт: кышка камылга жакшы


Былтыр кышта Кыргызстанда катар-катар жарык өчүп, кан жолдор жабылып, мал жуттан кырылган болчу. Быйылкы камылга кандай?

8-ноябрда Жогорку Кеңештеги өкмөттүк күндө депутаттар өкмөттүн кышка камылгасы боюнча маалыматын укту.

Анда негизинен отун-энергетика, көмүр, газ, ошондой эле тоют, тамак-аш коопсуздугу жана кыштагы жол маселелери талкууланды. Өкмөт мүчөлөрү камылга жылдагыдан жакшы десе, эл өкүлдөрү даярдыкка "канааттандырарлык эмес" деген баасын берди.

Депутаттар өкмөт башчыга капа

Алгач эле депутаттарды өкмөттүк саатка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өзү келбегени капа кылды. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков анын себебин түшүндүрүүнү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевден кайра-кайра талап кылды.

- Отчет берүүдө өзүнүн келбегени олуттуу маселе. Урматтуу кесиптештер, эгер өзүбүздү сыйласак, андай премьердин иштөө маселесин кабыргасынан коюшубуз керек. Кандай жүйөлүү себеп болуп калды? Парламенттик өлкөдө өзүн сыйлабаса, парламентти сыйлабаса, бул кандай премьер-министр?

Жантөрө Сатыбалдиев бул күнү Ош облусуна иш сапары менен кеткени маалымдалды. Ага ылайык, кышка камылга боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, облус жетекчилери, мамлекеттик ишканалардын башчылары маалымат берди. Сарпашевдин Жогорку Кеңеште айтышынча, быйыл кышка камылга жылдагыдан жакшы.

- Былтыркы ызгаар суук баарыбызга сабак болду. Элге да сабак болду. Быйыл элдин өзүнүн камылгасы да жакшы. Эл күн мурунтадан даярданып, азыр 750 миң тонна көмүр элдин колунда бар. Экинчиден, өкмөт да тиешелүү мекемелерди каржы менен өз убагында камсыздады. Жалпылап айтканда даярдык жакшы. Жылуулук бере баштадык. Камылгабыз жетиштүү.

Сарпашев техникалык авариялар гана болуп кетпесе, кышында электр энергиясын маал-маалы өчүрүү болбой турганын убада кылды.

- Техникалык жагын гана эске албасак, ал эми маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Токтогул суу сактагычында жетиштүү көлөмдө суу бар. Электр зымдарынын жана шаймандарынын да көбү жаңыртылды.

Ойлондурган бирдиктүү шакекче

Тайырбек Сарпашев борбор азиялык энергетикалык шакекче боюнча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан бирдиктүү пикирге келе электигин да белгилей кетти. Ал эми энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун айтышынча, буга Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаш маселе себеп болууда.

- Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда бир аз чечилбеген маселелер бар. Ал эми кыргыз менен казактын, кыргыз менен өзбектин ортосунда чечилбеген маселе жок. Бирок эмне болот деген суроо берип жатасыздар. Андай болуп калса, 40 пайызга чейин чектөөлөр болушу мүмкүн. Бирок биз ага жеткирбегенге жыл сайын аракет кылып келатабыз. Быйыл да бирдиктүү энергетикалык шакекчеге кол коёбуз деген ойдомун.

Былтыркы кыш калкты бир топ кыйнаган
Былтыркы кыш калкты бир топ кыйнаган
“Кыргызгаздын” директору Тургунбек Кулмырзаев болсо, жыл аягына чейин газ боюнча Казакстан менен да, Өзбекстан менен да келишим бар экенин, ал эми 2013-жыл үчүн келишим жыл аягында түзүлөрүн айтты.

Анткен менен айрым депутаттарды өкмөттүн кышка камылга жакшы деген убадасы ынандыра алган жок. Маселен, Баткенде көмүрдүн баасы 14 миң сомго чыкканын айткан “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров буларды кошумчалады:

- Булар “депутаттар, силердики туура эмес, биздин маалыматтар туура, баарын жыргатып койдук” деп жатат. Чынында андай эмес. Сүлүктү көмүрүнүн баасын жеринде 5200 сомдон кылып койдук деп жатасыңар. Бирок бүгүнкү күндө Тажикстандын фирмалары бир килограммын 10 сомдон алып кетип жатышат. 5200 сомдон эч кимдин саткан жери жок. Ал эми сиздердин кагаз үчүн жазып койгонуңардын кимге кереги бар? Андан көрө бул жерде өзүбүздүн да, сиздердин да убактыңыздарды албай жөн эле кете берели.

Өткөн кыштын сабактары

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев эгер убада аткарылбаса, ким жооптуу болоорун өкмөттөн сурады:

- Кимде кандай жоопкерчилик болот? Өкмөт калп айтып, жалган маалыматтарды берген жетекчилерге кандай чараларды көрөт жана өзү кандай жоопкерчилик тартат?

Ошондой эле кышында кан жолдорду тазалоо маселеси негизги темалардын бири болду. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырованы кышында малды былтыркыдай жут албайбы, ошондой эле эл ачка болбойбу деген суроолор кызыктырды.

- Быйыл канчалык деңгээлде тоют камдалды. Жаз катаал болсо, былтыркыдай болуп малдын баары кырылып калбайбы? Ошондой эле азык-түлүк программасы кандай?

Айыл чарба министри Чыңгыз Узакбаевдин билдиришинче, Кыргызстанга быйыл 250 миң тонна эгин жетишпей турат. Андыктан Орусиядан 100 тонна, Казакстандан 200 тонна эгин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тоют боюнча Узакбаев:

- 2012-жылга 2 млн. 942 тонна тоют-кесек камдалды. Бул былтыркыга караганда 278 миң 200 тоннага көбүрөөк.

Ошентсе да өкмөт мүчөлөрү быйыл кыш жылуу болот деген божомолдорго ишеним артып жатышканын да жашырышкан жок.

Былтыр кыш оор болуп, тоют аздыгынан малды жут алып, айылдарда гана эмес, борбор калаада да электр энергиясын өчүрүүлөр болгон. Ал эми түндүк менен түштүктү байланыштырган Ош-Бишкек жолу 5-6 күндөп жабылган учурлар да катталган эле.

XS
SM
MD
LG