Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Кыйналган малчылар үмүтүн үзбөйт


Тоюттун жетишсиздигинен Жалал-Абаддын кыштоолорунда жылкы, бодо мал, кой-эчкилер кырылып жатат.

Базар-Коргондун кыштоолорунун тескей беттеринен кардын али кетчүдөй түрү жок. Күңгөй беттеринде жер карайганы менен бодо мал тургай, кой-эчкинин тишине илинээр чөп көрүнбөйт.

Коткор кыштоосунда мал кыштаткан Улан Тургунбаев да башкалардай убайымга батып турат. Анткени камдалган жем-чөп жетпей калды. Мурдагы жылдары кыш жумшак болуп, эртең менен жана кечинде гана тоют берип, малды күндүз талаага жайышчу эле.

Колундагы 300 баш кой, 30 жылкы менен 20 уй-өгүздү азыркыга дейре жаюуга мүмкүн болгон жок. Койлордун даакылары түшүп, көпчүлүгү арык-торук, ыргалып, араң баскан түрү бар.

Улан 650 сомдон жаңы сатып алган 40-50 чакты таңгак чөптү малына кантип жеткирерин билбей башы катууда:

- Бир жарым миң таңгак чөп, он тонна арпа, беш тонна жүгөрү тоют жыйгам. Ошолор да жетпей калды. Жетпей калганын сатып алдык, жемди эптештирип аттык. Буудай жемдин баасы он беш сомго чыгыптыр, үнөмдөп атабыз. Койлордун өлүм-житими адалдап калганымдан сырткары онго барып калды. Койлор козу салып, төл деле жарым-жартылай болду. Бодо малдан бешөө, жылкыдан жети-сегизи чыгым болду. Арам өлгөндөрү тайлардан экөө, чоң жылкылардан экөө. Башка адамдардыкынан деле көп эле өлдү, бирок айтышпай атат. Талаада деле эч нерсе жок. Койлор көтөрүм болуп, ички майлары деле калбай калды окшойт.

Өмүр бою малчылык менен үй-бүлөсүн багып, пенсия курагына келген Козубай Тургунбаевдин да аргасы түгөнгөн убагы. Ал мал кыштатууга былтыр күздө он тонна жем, үч миң даанадан ашык таңгак чөп камдаган экен. Бирок анысы январдын кап ортосуна жетпей түгөнүптүр.

Марттын этегинде бир-эки жолу күн чакчая чыкканда күңгөйгө жайылган кой-мал, жылкысы ылаалап эле айланчыктап короодон ары жылбай араң тапкан күрүчтүн шалысын искеп койбой, куру жыгачтарды кемирди.

Азыр койлордун кечки азыгына эки жүз граммдан, бодо малы менен жылкыларына бир килограммдан жем бөлүштүрүп берүүдө. Чөп ташыган унааларды он күндөп күткөн убакыт болду:

- Малдын башын сактап калуу үчүн Бишкектен чөп алдырып аттык. Чөп 13-январда түгөнгөн. Койлор жыгач кашааларды да кемирип ийишти. Өзүбүздү ойлобой, чатырдын башындагы чөптү, анан “тоют келатабы?” деп жолду тиктеп калдык да. “Жол ачылдыбы, ачылбадыбы?", - деп, улам Бишкек менен сүйлөшүп турдук.

Күндүн көзү батыраак ачылып, кар кетип, адыр-тоолорго тезирек чөп чыгуусун Нияз Жаркулов да самоодо. Анын жылкылары да кар аз жааган жылдардагыдай туягы менен чапчый карды ачып, чөп таап жей алышпады. Камдаган тоюту малына жеткен жок. Акырында жылкылары короосундагы мөмөлүү бак-дарактар менен жол четиндеги тал-теректерди кажыганга кирди.

Жем-чөптүн жетишсиздигинен жаш жылкычы он жылкысынан айрылыптыр. Кечээ бир тайы менен кой-эчкилерин саткан жана Орусияда иштеген агасы жиберген акчага кошумча чөп сатып алууга аргасыз болду:

- Малга келген апаат болду. Жылкы кырылып калды, ону өлдү. Ылаң тийдиби, билбейм. Жем-чөптүн жетишсиздиги да болдубу, ошону убагында жеткирип бере албай калдык. Колдон келишинче таап берип аттым, эч нерсе калбады, баарын эле кажып ийишти. Эртең менен чөп салгам, анан түштөн кийин жем берип, анан дагы чөп салып, камап койом. Тоют кымбат болду, беде прессти 650 сомдон сатып алып келдим, базардан кырк-элүү таңгакты. Эки жумага жетпейт. Мээнет акталбай атат, күн да бүркөлүп ачылбай турат. Жыйырма бээнин он беши бооз болчу, баары кулун салды. Кулун салгандан башкасы да болбоду. Күн ысый берсин.

Кар улуу жааган кышты жалалабаддыктар 1969-жылдан бери көрүшө элек болчу. Демейки жылдары кыш жумшак келип, эки же үч айга созула турган. Мал-кой да талаадан оттоп, даярдалган чөп атүгүл артып калчу. Жылкылар дээрлик кол карачу эмес, тоо-талаалап жайылган жерден тоюнушчу.

Коткор айылынын бийи Байшан Жаркуловдун айтымында, кыштын оор болоорун эч ким күткөн эмес:



Ош-Бишкек жол бойлорунда Чүйдөн ташылган беде, саман кенен-кесири сатылып жатат. Ушул жол аркылуу биягы Чаткал тарапка, тиягы Алай, Баткен тарапка чөп жүктөп бараткан автокербендери учурайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG