Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:07

Кылмыш дүйнөсү баш көтөрдүбү?


Кыргызстанда уюшма кылмыштуу топтор кайрадан жандана баштады. Бул тууралуу парламенттеги уюшма кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда айтылды.

Депутаттар бул багыттагы күрөш солгундап кеткенин айтышып, министрликти чечкиндүү аракет көрүүгө чакырышты.

ИИМдин өкүлдөрү күрөштүн солгундашына тиешелүү мыйзамдардын жок болгонун жүйө келтирип жатат.

Ички иштер министрлигинин ою боюнча, парламентке сунушталган мыйзам кабыл алынса, уюшма кылмыштуу топторго каршы күрөш натыйжалуу болчудай.

Долбоордо кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн орду, макамы даана аныкталып, дегеле кылмыш дүйнөсү тууралуу толук маалымат берилген. Ага жараша кылмыштуу топ мүчөлөрүнө катаал жазалар каралган.

Долбоорду даярдагандардын бири, ИИМдин кызматкери Акмат Касиевдин айтымында, мурда мыйзамда мындай беренелер каралбагандыктан, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жеңил жазага тартылып келген:

- Бул мыйзам долбоорунда уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрүнүн макамы аныкталып жатат. Эгерде кимдир бирөө кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылса, ага жараша баш коргоо чарасын өзгөртүү катаалданат, жазасы оорлойт. Мурун мыйзамдын жоктугунан улам жазасын жеңилдетчү жагдайлардан пайдаланып жазадан качып келишкен. Мисалы, мунапыстан пайдаланып, тез эле эркиндикке чыгып кетишкен. Эми мыйзам кабыл алынса, мындай нерселерге бөгөт коюлат деп күтүп жатабыз.

Бирок депутаттар министрликтин бул жүйөсүнө ынанбай жатышат. Парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоевдин айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн баш көтөрүшүнө мыйзам эмес, күч органдарынын жетишсиз аракеттери себеп болууда:

- Акыркы күндөрү уюшкан кылмыштуу топтор башын көтөрө баштады. Буга мисал катары кылмыш дүйнөсүнүн лөгү саналган Камчы Көлбаевдин Бишкекке келиши, Оштогу полковник Толкунбек Шоноевдин киши колдуу болушу, Кара-Балтада крим авторитеттердин биринин атып өлтүрүлүшүн айтсак болот. Бул эми мыйзам кабыл алынбаганына байланыштуу эмес, ИИМдеги бул багыттагы күрөштүн солгундап калганына эле байланыштуу.

Парламент жакынкы күндөрү криминалга жарыяланган күрөштүн жыйынтыгы тууралуу ИИМдин отчетун угат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев криминалга каршы күрөш дале күчүндө экенин айтты. Ошону менен катар кылмыштуу топтордун кайрадан баш көтөрүү аракетин четке какпайт:

- Эми биз тараптан криминалга каршы күрөш толугу менен жүрүп жатат. Бирок акыркы учурда чуулгандуу кылмыштар криминалдын кайрадан баш көтөрүп жатканынын белгиси. Ошондуктан тезинен мыйзамдык базаны чыңдап, күрөштү күчөтүү зарыл болуп турат.

Былтыр июлда парламентке сунушталган уюшма кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралган. Жакында экинчи окууга сунушталган турат.

Өлкөнүн күч түзүмдөрү 2011-жылы уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялап, жүздөн ашык киши камакка алынган эле. Алардын бир даары кийин сот аркылуу жеңил жаза алышкан же биротоло бошоп кетишкен.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG