Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Ошто ИИМдин өкүлүн атып кетишти


11-январда кечки саат 19:30дар чамасында Ички иштер министрлигинин алдындагы уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевди белгисиз адамдар атып кетишти.

Облустук прокуратуранын маалыматы боюнча полковник Шоноев жумуштан үйгө келаткан учурда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы Б.Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Шоноевге тогуз жолу ок атылып, беши денесин тешип кеткен.

Кылмыштын бетин ачуу боюнча азыр облустук прокуратура, облустук жана шаардык Ички иштер башкармалыгы биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Кылмыш ишин ашкерелөөнү башкы прокурор Аида Салянова өз көзөмөлүнө алган.

Толкун Шоноевди кызматтык ишине байланыштуу атып кеткен болушу мүмкүн. Мындай божомолду "Азаттыкка" Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Андан сырткары тергөөчүлөр Шоноевдин киши колдуу болушуна себеп болгон бир катар божомолдорду аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат. Тергөө амалдарына залакасы тийбесин деген максатта азыр алар коомчулукка айтылбайт.

Кылмышкердин фотороботу
Кылмышкердин фотороботу
Күбөлөрдүн жардамында кылмышка шектелгендердин биринин фотороботу түзүлүп, Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ал 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү кара-тору, бети жайык жигит. Экинчиси, 30 жаштардагы толук денелүү, комуфляж кийим деп болжолдонот.

Ош шаардык милициясы бул кылмыштын бетин ачууда коомчулуктун жардамы керектигин билдирди. Ал үчүн ишеним 0 (3222) 57181 телефону иштеп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү.

Бул окуя боюнча мамлекет башчысы “2010-жылы башталган кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүдө эч кандай келишип алуучулук болбошу керек” деп билдирүү таратты.

Шоноев Толкунбек Курманбекович 1977-жылы Ош шаарында туулган. 1994-жылы Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебине тапшырып, 1998-жылы аяктаган.

Ошол жылдан тарта Алай райондук ички иштер бөлүмүндө, андан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгында ыкчам топтун курамында иштеген.

2003-жылы Ош ШИИБинин Мүлктүк кылмыштарды ачуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2006-жылы Ош ШИИБинин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүм башчысы болуп иштеген, ошол эле жылы Ички иштер министрлигинин улук опер кызматкерлигине которулган.

2009-жылдан тарта Ички иштер министрлигинин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, 2011-жылдан тарта министрликтин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыктын бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келаткан.

Кызматтагы жетишкендиктери үчүн Шоноев "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, “ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын” мааракелик медалы, Макаров ок атуучу өздүк пистолети жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган.

Маркумдун артында жубайы жана беш баласы калды.

XS
SM
MD
LG