Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

МАИ туристтерге сый мамиле жасайбы?


Жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери сырттан келген туристтерге өзгөчө сый мамиле жасай турган болууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын басма сөз инспектору Кылычбек Мырзалиев билдирди.


- 6-июндан тарта туристтик сезон учурунда Бишкек - Балыкчы - Чолпон-Ата - Каракол, Бишкек-Алматы, Бишкек - «Манас» аэропорту өңдүү негизги автожолдордо жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери атайын кызматтык автоунаалар менен жүрөт экен. Жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери кандай тартипте иштейт. Бул негизинен туристтерди тартуу үчүн жасалып аткан иш-чара болсо керек?

- Көбүнчө жайында туристтер Ысык-Көлгө келип эс алышат. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып туристтерди тартканга, ошодой эле кыргыз элинин конок тосуу жөндөмдүүлүгүн, кичи пейилдүүлүгүн көрсөтүү максатында ушундай тартипте иштеп атабыз. Мисалы Кыргызстанга кирген чет элдик туристтерге чек аралардан эле ишеним телефондору, жол эрежелери жазылган атайын кагаз берилет. Алар туристтерди жол эрежелерин сактоого чакырат. Эгер биздин кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар болсо каякка кайрылышы керек экени түшүндүрүлөт. Ысык-Көлгө кетип бараткан жолду бойлото 12 баннер орнотулуп, ар кандай шартта кайрылуу үчүн телефондор бакырайып жазылып коюлду. Туристтик сезонго байланыштуу атайын өтмө бекеттер орнотулду.

- Эмне үчүн бул иш-чара туристтик сезонго байланыштуу өтүп атат? Кышында деле ушундай иштесе болбойбу? Анктени мурдагы жылдары негизги ыңгайсыздыкты МАИ кызматкерлери жаратканын айтып чыгышты эле. Дагы ошондой болбойт деген кепилдик барбы?

- Ошол сөздөр негизинен бир жактуу айтылган деп эсептейм. Эгер туристтерге жол коопсуздугу кызматкерлери ошондой ыңгайсыз жагдайды жаратса, алар бизге кайрылса болмок. Анткени чек арадан кирип бараткада эле ишеним телефондор берилет. Дароо кайрылбай, "баягыда болбоду беле" деген ушак сөздөрдү чыгарып жатышат. Ошондой сөздөр чыкпасын деп ушул иштерди жасап жатабыз. Жол эрежесин сактоо бул жол кыймылынын бардык катышуучуларынын милдети. Бул жерде адамдын өмүрү, коопсуздук маселеси турат. Аны ар бир айдоочу туура түшүнүп, бардык эрежелерди сакташ керек.

- Жолду бойлото коопсуздук кызматкерлерин койбой эле видео көзөмөл кылып койсо болот беле?

- Эгерде жол эрежелерин жол кыймылынын катышуучулары, айдоочулар бузбаса бизге деле кыйын кырдаал жаралбайт эле. Чындыгында МАИ кызматкерлеринин жолдо турганын көргөн айдоочулар өзүнөн өзү эрежени сакташат. Эреже ошол МАИ кызматкерлеринен өткөн соң бузула баштайт. Бул айдоочулардын маданиятына байланыштуу нерсе. Видео көзөмөл жүргүзүш керек деген маселе бүгүн эле чыга калган жок. Биз аракет кылып атабыз, бирок шартка жараша кечиктирилип атат.

XS
SM
MD
LG