Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Ошто жолбун иттер көбөйдү


Ош шаарында жолбун иттер көбөйүп, адамдарды каап алган учурлар катталууда. Жыл башынан бери эле 548 адам жабыркап, ооруканага кайрылган. Шаар бийлиги ээсиз иттерди жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлоодо.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун өкүлү Айчүрөк Келдибекованын “Азаттыкка” маалымдашынча, иттен жабыр тартып кайрылгандардын жарымын балдар түзөт:

- Жабыр тартып кайрылгандар 548 болсо, алардын 198и 14 жашка чейинки балдар. Чоңдорду го кокустан тиштеп койот. Балдарды болсо ата-энеси алыс кетип калганда, же ойноп атып иттерге тийишкенде тиштеп алат.

Айчүрөк Келдибекованын белгилешинче, жараат алгандардын азыраагын жолбун иттер тиштеп алса, көбүрөөгү үйдө кармалып турган иттерден жабыр тартышкан:

Айчүрөк Келдибекова
- Көчөдөгү иттерге айла жок. Ал эми үйдө багылып жаткан иттер тиштеп алганын кантесиң... Эмне үчүн мындай болот? Анткени шаардыктар иттерин бош койо берип жиберишет. Ит багуунун маданиятын, эрежелерин сакташпайт.

Ит багып атабы – байлаш керек, эки жакка чыгарбаш керек. Тиштей турган ит болсо, мурдуна мурунтук салып коюш керек. Бирок бизде андай кылбай жатышпайбы. Ошонун айынан ит каап алган учурлар көп болууда.


Жабыр тарткандардан эч кимиси жугуштуу ооруларга кабылган эмес. Ошентсе да кайрылгандардын баарына кутурма жана кургак учук сыяктуу илдеттерге каршы эмдөө жүргүзүлгөн.
Гүлай Намазбекова
Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн шаар боюнча каттоодо турган 3 жарым миң иттин 2 миңине вакцинация жасалган. Бирок шаар тургуну Гүлай Намазбекова дагы деле жүздөгөн иттер алдын ала дарыланбагандыгын айтууда:

- Илгери жылына иттерге үкөл сайып, дарылоону тынбай жүргүзүп турчу. Азыр ит эмес адам дарыланбай калып жаткан заманда иттердин кайсы бирин дарылашты дейсиң. Ээси жокторун каяктан кармап дарылашат? Тиштеп алса адам кошо кутурат. Азыр дарылануу да кымбат. Колунда жоктор ит тиштемектен карышкыр тиштесе деле дарылана албай калып кете берет.

Гүлай Намазбекова өзү шаардын Курманжан Датка кичирайонунда турат. Ал жашаган жерде жолбун иттердин көптүгүнөн неберелери эки жакка ээн-эркин чыга албай калган:

Ильяз Ашырбеков
- Иттер аябай көбөйгөн. 30-40тан чогулуп алып, үйүр-үйүр болуп көчөлөрдө кенен жүрө беришет. Акыр-чикир төккөнү барганда коркосуң. Балдар ойгогонго болбой калды. Алар ит көрсө кызыгып бара берет экен.

Шаар бийлиги бул багытта керектүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Ош шаардык бийлигинин өкүлү Ильяз Ашырбеков жыл башынан бери миңдеген жолбун ит жок кылынганын маалымдады:

- Бул боюнча биз Мэриянын тапшырмасы менен иш жүргүзүүдөбүз. Ар бир аймактык комитеттер тапшырма алышкан. Күнүнө 10-20дай итти жок кылабыз. Ошондо жыл башынан бери 1216 ит атылды.

Маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери кутурма оорусу менен 2 үй жаныбары катталган. Бирок илдеттин белгилери байкалары менен тезинен жок кылынган. Ага карабай адистер тургундарды малдарын мезгил-мезгили менен дарылатып турууга чакырууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG