Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Чагымчыл маалымат тараткандар көбөйдү


Коогалаңдын 3 жылдыгы алдында интернет сайттарда жана электрондук почталарда улут аралык чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таркатуу күч алды.

Каттар барган сайын аудио жана видеолор менен да коштолууда. Ал эми күч органдары диний жана улуттук кастыкты козуткан маалыматты жайылткандарды кармоо аракети болуп жатканын кабарлады.

Улут аралык чагымчылдыкка үндөгөн каттарда жана видеолордо 2010-жылкы июнь коогалаңындагы окуялар баяндалып, кыргыз-өзбекти бири-бирине каршы тукурган ойлор айтылат. Соңку 10-15 күндөн бери мындай маанайдагы маалыматтар Оштун бир канча жашоочуларынын электрондук почталарына келе баштаган.

Шаардык укук коргоочу Изатулла Рахматуллаевдин да электрондук почтасына ушул сыяктуу кат түшкөн экен:

- Чынын айтканда, акыркы мезгилде ушундай каттар көбөйүп кетти. Анда ушул эки улут ортосундагы мамилеге доо кетире турган маалыматтар бар. Аларда айтылгандар жалган, жок эле нерсени жазып атышат. Аларды ким жазганын деле так билбейбиз. Таркаткандардын максаты өткөн урушту дагы кайталоо, эки элди кагыштырууга болгон аракет, ошого элди чакыруу болуп атат.

“Июнь окуясынын 3 жылдыгын утурлай мындай маалыматтардын таркалышы кооптуу”,-дейт Рахматуллаев:

- 10-июнду утурлай ушул сыяктуу маалыматтарды таркатып, кандайдыр бир максаттарды көздөгөн күчтөрдүн аракети чынында кооптуу болуп турат. Таркатмада 200дөн ашык электрондук почта бар. Ошолорду баары окуса, анан алар дагы башка бир жактарга таркатып жиберишсе, бул жакшы нерсе эмес. Аймактагы эл, жашоочулар үчүн бул коркунучтуу нерсе.

Электрондук почталарга чагымчыл маалыматтар негизинен Алп Туран, Айип XZ жана Санмас Нидо деген сыяктуу аккаунттардан көп таркалат. Алардын ким экендиги жана кайда экендиги азырынча так эмес. Мындан башка улуттар аралык жана диний кастыкты козуткан дагы бир нече сайттар бар. Жыл башынан бери бул боюнча милиция 2 адамды, Улуттук коопсуздук кызматы дагы бир нече адамды кармашкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев:

- "Харакет.нет", "Жаңы Дүйнө", "Замандаш" сыяктуу интернет сайттарда улут аралык жана диний кастыкты козуткан маалыматтар коюлуп жатат. Андан сырткары "Белый парус" деген сайт бар. Булардын баары чет өлкөлүк жарандар тарабынан каржыланат экен. Маселен, "Харакет.нет" аттуу интернет сайтынын офиси Европа өлкөлөрүндө экен. Алардын артында Өзбекстандын оппозициясы турат деп атышат. Бирок аларга жардам көрсөтүп, каттарды аркы-берки электрондук почталарга жөнөтүп турган өзүбүздүн эле Кыргызстандын жарандары болуп жатат.
Белгисиз адамдын дарегинен келген каттар
Белгисиз адамдын дарегинен келген каттар
"Бирок ошого карабай бул аракеттерди алдын алууну күчөттүк" дейт Ашырбаев:

- Жыл башынан бери чагымчыл маанидеги 14 маалымат таркатылды. Бул жалпысынан 300гө жакын электрондук почтага таркатылган. Ал жерде бир улуттун ар-намысына тийген, бир улутту басмырлаган маалыматтар жазылган. Сайттарда болсо макалалардын алдына улут-улут болуп кайым айтышуулар көбөйүп атат. Ошолордун баарын алдын алуу максатында атайын иш мерчемдерин түзүп, бардык кызматтарга тапшырмалар берилди. План боюнча бул иштер такай жүргүзүлүп турат.

Талдоочулар да күч органдарын чагымчыл маанайдагы маалыматтардын таркалышын алдын алуу чараларын такай жүргүзүп турууга чакырууда. Жергиликтүү серепчи Керим Калыкулов мындай дейт:

- Фергана өрөөнү, анын ичинде Ош шаары көптөгөн кызыкчылыктардын айкалышкан жери. Анын ичинде ошол эле улуттук жана диний кызыкчылыктар. Ошонун айынан да мына 1990-жылы, 2010-жылы бир топ жаман окуялар болду. Ошол окуяларды дагы күчөткүсү, дагы баштагысы келген топтор бар экендиги даана эле сезилип турат. Алар жасап аткан иштерди алдын алуу да жакшы нерсе, аны колдойм. Бирок алардын түбүн, каерден чыгып атканын таап, анан бир чара көрбөсө болбойт. Кыргыз бийлиги ушул жагын көбүрөөк ойлонушу керек. Анан муну кайсы бир датанын алдында, же коогалаңдын жылдыгы жакындап калганда эле козгоп чыкпай, жыл бою алдын алуу иштерин күчөтүп туруш керек.

Былтыркы жылы 24 жолу улуттук жана диний кастыкты козуткан маалыматтарды таркатуу орун алган. Мунун негизинде Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында 13 интернет сайтын жапкан.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG