Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:02

Саясат

Эми кандай коалиция болот?

Шайлоодо утту делген Алмазбек Атамбаев кызматына киришкенден кийин коалициялык көпчүлүктүн кандай түзүлөөрү кызыгуу жаратууда.

Текст көлөмү - +
Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Шайлоонун жыйынтыгы. Андан ары эмне болот” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды.

Талдоочулардын пикиринде, окуянын 3-4 багыт боюнча өнүгүшү күтүлүүдө. Бирок эң чоң күрөш өкмөт башчы кызматы үчүн жүрөрүн айтып жатышат.

Ким ким менен?

Баш мыйзам боюнча президент кызматына киришкенден кийин коалиция тарап, кайра жаңы коалиция, аны менен катар жаңы өкмөттүн курамы түзүлүшү кажет.

Көз карандысыз талдоочу Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, коалициялык көпчүлүк төрт вариант боюнча түзүлүшү мүмкүн. Булар: эски коалиция, бирок жаңы өкмөт, экинчиси, эски коалиция - эски өкмөт, үчүнчүсү жаңы коалиция - жаңы өкмөт, төртүнчүсү, жаңы коалиция, бирок эски өкмөт болушу мүмкүн.  

​​“Перспектива” аналитикалык борборунун жетекчиси Валентин Богатырев башкаруучу коалицияны кайсы партиялар түзүшү ыктымал экендигин мындайча айтты:

- Жалпысынан үч вариант бар: биринчиси, учурдагы коалиция кандай болсо, ошол бойдон калат. Экинчиси, азыркы коалиция кеңейип, анын курамына “Ар-намыс” фракциясы кирет. Ал эми “Ата Мекен” партиясы оппозицияда калат. Үчүнчү вариантта коалиция кайра түзүлүп, ага “Ата-Журт” фракциясы кирбей калышы мүмкүн.

Валентин Богатырев КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын ортосунда коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. 

Өкмөт башчылыкка көз кызарткандар көп

“Прогресс фонду” коомдук бирикмесинин төрагасы Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаев кеңири коалиция түзүүгө аракет кылат деп эсептейт.

- Ага “Ата-Журт” фракциясы сөзсүз кириши зарыл. Бул жерде Атамбаевдин максаты парламенттеги беш фракциянын баарын коалицияга киргизүү болот. Анткени булар бир коалиция түзө албаса, Кыргызстандын саясий абалы курчуп кетиши толук ыктымал.

Дамира Ниязалиева
​​Талдоочулардын пикиринде, коалиция кандай түзүлгөн күндө да өкмөт башчылык орун үчүн олуттуу күрөш жүрмөкчү. Азыркы башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева:

- Албетте азыр чоң күрөш премьер-министрлик орун үчүн болот. Ошого жараша өкмөт мүчөлөрү да чечилет. Азыр коалицияга кайсы фракциялардын кирери боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Валентин Богатырев президент түндүктөн болгондон кийин өкмөт башчылык орунда түштүк облустарынын өкүлү болсо талапка ылайыктуу болмок деген ойдо.

- Өкмөт башчылык үчүн азыртадан чоң күрөш башталды. Ал орунга барууну каалаган бир топ адамдар бар. Бирок бул күрөш кандай аяктаары азырынча белгисиз. Атамбаевде коалиция түзүү боюнча көп мүмкүнчүлүктөр, аны менен бирге милдеттер да бар. Ал белгилүү милдеттердин бири - Өмүрбек Бабановду премьер-министр кылып дайындоо. Ошондой эле бир нече адам добуш берүүгө коюлуп, алардын арасынан тандалып алынган жеңил рейтинг да болот деген сөздөр бар. Ал эми көптөр бүгүнкү түзүлгөн кырдаалды эске алып, премьер-министр түштүктөн болушу керек деп айтышууда.

Анткен менен башкаруучу коалициянын курамы кандай болуп түзүлбөсүн коомдук-саясий турмушта эч кандай өзгөрүүлөр болбой тургандыгын көз карандысыз эксперт Шерадил Бактыгулов белгиледи:

- Алардын арасында жаңы адамдар болобу, же баягы эле эски министрлер келеби - маселе ушунда болуп жатат. Жаңы дегенде башка, жаңы адамдардын келгенин түшүнүш керек. Бирок жаңы коалиция болгону менен баягы эле депутаттар да. Жогорку Кеңештин ичинде алардын эле алмашуусу болот. Балким Жогорку Кеңештин төрагасы, орун басарлары алмашат. Ошондой эле көп болсо комитеттердин төрагалары алмашат. 

Азыркы башкаруучу коалицияны өткөн жылы парламенттик шайлоодон кийин парламенттеги КСДП, “Ата-Журт” жана "Республика" фракциялары түзгөн. Кыргыз өкмөтүнүн жалпы курамы да ушул үч партиянын өкүлдөрүнөн куралган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыргыз балсы каяктан: нарын
16.11.2011 01:36
эми кандай коалиция болорун бул, биздин депутат-жепжутаттар билбесе ким билет. А. Атамбаев кайсыл фракцияга берээрин да кыйналуу менен ойлонуп туру. мына праламенттик шайлоого баратышканда туп тамыры менен оңдойбуз дешкен, ал нерсе деле козго корунбойт. теледен бу депутаттарды карап таң берем. бир нерсени кылтыйтып чыгарып коюшат, аныда аягына чыгышпайт. биздин депутаттарды коруп кадимки бала бакчаны элестетем.(элестетип коргуло). неси болсо да бу парламент тарап жанысы келсе, ошондо жакшы болоор эле деген ойго келесин. бул саясатта 200 гана эски саясатчылар гана "ак-уйдо" ойноп журушот, же мен жанылып жатамбы?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
11.11.2011 09:51
Эмне эле ташиев м-н мадумаров созсуз премьер болуш керек? Элди дурботуп, коркутуп койсо эле кызмат берип койуш керекби? Алардын ким экенин, кызмат учун эмнелерге бараарын коруп журобуз го. Андан коро тундугу болобу,туштугу болобу элге ак кызмат кыла турган,бычакка сап, жондомдуу бироону койуш керек, кызмат учун элди бетине тутуп соодалашкан экоону эмес! 50 чакты кишини,алардын ичинде,ташиев м-н мадумаровду колдогондор эмес шайлоо тизмесине кирбей калгандарды кошуп аянтка алып чыгышса эле эмне бут туштук эли чыгып жатат деп ойлойсунарбы? Аларды колдогондор 20% жетсе жетет же жок. Ошондуктан келечекти ойлосок спекулянттардын эмес таза адамдардын ЭЛГЕ КЫЗМАТ(элди кызмат кылдырбай оздоруно) кыла тургандардын келишин ойлойлу!

кимден: занзибара каяктан: африка
10.11.2011 20:31
Ташиев премьер болсун, болбосо жамммммммман болосунар эууууууууу, бул тарыхый чындык.

кимден: Таласбай каяктан: Каракол
08.11.2011 11:40
ЭЭЭй эл эмнеге премьер туштуктон т.е ташиев созсуз болуш керек?? Ушул инсан эмне башка региондуктардан ото акылы менен качан айырмаланды эле?? Боксер деген атын озу эле далилдеп сабап журот го депутаттады деле?? И качан болсо кетеермандардай эле коркутуп эле журот!!то коалицияга кирбейм, то президенттикке шайланбай калдым деп уялбай жолду жаба коюп эл дургутуп эле?? Элге кызмат кылчу адам мындай ишке барбайт!! Бул адам оз гана кызыкчылыгын ойлогону апачык корунуп турат!!!! ошон учун бизге кайдан болсо да эл деген таза адам крек го!!

кимден: Адилет каяктан: Нарын
08.11.2011 11:34
Эмне премьерликти Ташивге атасы ыроолоду беле туулганда эле?? Ташиев элге кызмат кылсын созсуз эле премьер болуш керек беле? Ансыз деле жакшы эле коркутуп журот го элди. президенттикке отпосо эле жолду жаап элди дургутуп эле ?? Эми ушундай инсан кайдан премьер болот я??? А тиги депутаттарды сабаганын эстегенде эл эмне кол чаап атат дейсинерби??? созсуз эле туштуктон эмнеге болуш керек?? Анда Нарында койгула колдон койгула дегеле премьер боло элек ушул региондордон!!!! Жакшы иштеге , элге кызмат кылган грамотный таза адам болуш керек да!!! Эмне айырмасы бар ал кайсы областтан экени?? Эмне жалабадда жалан эле ото акылдуулар бекен?? А калганыбызчы?? Ушул соодалащуунарды токтоткулачы тим эле кыжыр келет!!!

кимден: ормон
07.11.2011 12:46
Туугандар Атамбаевты эл шайлады. Ага таагдырыбызды тапшырдык. Ал озунун программасы менен иштеш керек. Коалиция м-н иштегенде кыргыз которуло албайт. Орустун улуу тамсилчили Крылов жазган.Лебедь,Рак,щукадай болуп,арабаны ар ким ар кайсыл жака тартып бир ойго келе албайт. Бул туура эмес. Биерде тундук туштук деген адамдарды ар кандай ыкма менен элдин тынчтыгы учун тубу м-н жок кылышыбыз керек. Акыркы жылдары болунуп кандай гана кыргызга зыян келип атат. Кыргыздын жогорку денгели жердештиктен билинбейт. Кыргыз эли билимдуу,алдыга суйрой алчуу адамды тандаса.Ошондо биздин денгелибиз ан сезимибиз кучтуу экени билинет. Дуйно айткандай ар бир эл озуно жараша хан тандайт дейт.
Пикирге жооп

кимден: Кудайдын пендеси каяктан: Жалган дуйно
10.11.2011 08:33
Туура, шайланып барган 5 партия Кыргызстанды болуп алышты. Бул мамлекеттеги биримдикке мумкунчулук бербейт, 7-9% тен добуш алгандарын унутушту. Калган калын журттун пикири кайда? Коалиция дебей чыныгы кесипкойлорду тандап, намыстанып иштеш керектигин Алмазбек Шаршенович билсе керек?

кимден: Mars каяктан: Korea
07.11.2011 07:01
Oi LOGIKA saga okshogon kokurogundo kotur tashy bar Kyrgyzdy bolup jargan akyl-esi karanggy adamdardyn koboigondugunon ushul akybalga kelip olturabyz oiungarga koiso kudaidan da akylduu kylgyngar kelet

кимден: Карымбай каяктан: Бишкек
06.11.2011 22:30
Тилекке каршы, биз элди экиге бөлүп алдык. Эми лидербиз деген мыкчыгерлерибиз, биринчи кезекте Атамбаев, Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдор, ичитардык, кекчилдик деген жаман сапатты таштап, кадрларды меники сеники, А-ныкы, Б-ныкы деп бөлбөстөн бычакка сап болорун иштеткиле, жараканы жакындаткыла. Россия, Казахстан башка жакта тентип жүргөн кыргызды эми топтогула. Көрпенделиктен чыгалбай, өзүңдүн керт башындын камын көрүп убакыт өткөрсөң, силерди тарых кечирбейт. Акаев менен Бакиевдин таз кейпин киесинер

кимден: Акылбек каяктан: Баткен шаары
06.11.2011 21:30
Түндүктөнбү, түштүктөнбү чыгыштанбы баары бир.Антип бөлүнбөй негизи кыргыз элибизге пайдасы тийген, келечекте көп иштерди жасай турган, аты тарыхта алтын тамгалар менен кала турган кыргыз атуулу болсо болду.

кимден: Кыргыз каяктан: Кетмен-тобо
06.11.2011 18:47
Менин оюмча Алмаз Атамбаев Шаршенович Кыргыз учун, Кыргыздын бутундугу учун ,кыргыздын келечеги учун Камчыбек Ташиев Кыдыршаевич жана Адахан Мадумаров Кимсанбаевич менен туз эфир аркылуу (жашыруун эмес) элдин астында суйлошуулорго баруусу замандын талабы болуп турган учуру.
Пикирге жооп

кимден: Касым каяктан: УУРУстан
08.11.2011 10:32
Ага ДУХу жетпейт атамбаевдин....алардын бетин тике кара албай качып журбойбу телеге чакырса...
Пикирге жооп

кимден: Саламат
09.11.2011 13:42
Койсончу капкайдагыны айтпай. Дебаттын режимин ЦИК озу тузбодубу. ЦИКте ошол эле Атажурттун да окулдору отурат керек болсо. Адахамдын деле денгээлин корбодукпу дебаттан. Рахмат. Тойдук андайга. Жондон жон элегерой кыла бербегилечи. Атамбаевди мактаган кеп эмес, болгону дух жонундо башкасы кеп кылса да Адахам кеп кылбай эле койсунчу.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине