Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Жаңы өкмөт – жаңы коалиция


Шайлоонун алдын ала эсептери боюнча Алмазбек Атамбаев жеңип чыкты. Өзгөргөн жагдайга жараша өкмөт да алмашып, жаңы коалиция түзүлүүгө тийиш.

Өкмөт башчы кызматтан кетсе, Конституциянын 87-беренесине ылайык, өкмөт да толугу менен кызматтан кетет. Өкмөт кызматтан кетсе, жаңы коалиция түзүү аракети башталат.

30-октябрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетти деп айтылып жаткан Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинен кийин өкмөт башчылыкты расмий түрдө калтырып, президенттик кызматка киришет. Мына ошондон кийин жаңы президент жаңы коалиция түзүүнү кайсы бир фракцияга тапшырат.

Данияр Нарынбаев
Данияр Нарынбаев
Жаңы коалиция мына ушундай жол менен түзүлөрүн президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев да тастыктады:

- Адегенде фракцияга берет. Ал ишке ашыра албаса, экинчи фракцияга берет. Анын да колунан да келбесе, Жогорку Кеңештин өзүнө тапшырат. "Өзүңөр сүйлөшүп, фракциялар коалициялык көпчүлүктү түзүп көргүлө" деп айтат. Эгерде бул жолу да болбосо, анда Жогорку Кеңешти таратып, жаңы Жогорку Кеңеш шайланыш керек.

Конституцияда мына ушундай жол каралганын “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев да белгилейт:

- Ошол эле 84-берененин 7-бөлүгүндө жазылып турат: Коалиция көпчүлүктү жоготкон учурда, ошондон баштап мурунку тартиби менен кетет. Бир фракциянын жетекчисине өкмөт түзүү тапшырылат. Тапшырылгандан кийин мурунку коалицияны сактайбыз деп чечишсе, анда мурункудай калышы мүмкүн. Андан эч кандай маселе деле болбойт.

Азыркы кезде мурдагы коалиция сакталып калабы, же башка фракциялардын катышуусу менен жаңы коалиция түзүлөбү деген суроо турат. Бул боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат.

Айрымдар, КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыстын” катышуусу менен жаңы коалиция түзүлүп, “Ата-Журт” оппозицияга кетет деген ойду айтып жатат. Бул версия ишке ашса, Өмүрбек Текебаев төрагалыкка келет. Өмүрбек Бабанов болсо, өкмөт башчылыкты сактап калууга мүмкүнчүлүк алат.

Бирок Өмүрбек Бабановду коррупцияга байланыштуу айыптоолор дал ушул “Ата Мекен” тарабынан абдан катуу айтылып, эки ортодо айыгышкан кармаш орун алган. Ошондуктан бул эки фракциянын коалицияга биригүүсү суроолорду жаратпай койбойт.

Экинчиден, “Ата-Журт” оппозицияга өткөн болсо, алар парламентте эки чечүүчү комитетти жетектейт, күчтүү оппозиция болот жана ошого жараша өкмөттүн ишин бир топ кыйынчылыкка учуратат. “Ата-Журтту” коалиция сактап калуу үчүн кеминде алардын колунда төрагалык сакталып калыш керек. Же болбосо Камчыбек Ташиевге же Акматбек Келдибековго өкмөт башчылык сунушталууга тийиш.

Сүйлөшүү жана мунаса

Алмазбек Атамбаев Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүгө даярдыгын кайра-кайра билдирип жатат. Ошол эле мезгилде төрага Акматбек Келдибековдун президенттикке талапкерлерди топтоп, коомдогу чыңалууну жайгаруу боюнча аракети Атамбаев тарабынан колдоо тапкан жок.

Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов "Алмазбек Атамбаев Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүү үчүн ортомчуга муктаж эместигин, алар менен буга чейин да сүйлөшүп жүргөн жана да сүйлөшө берерин" билдирген.

Бул жерде Атамбаев бир жагынан өлкөдө ким кожоюн экенин көрсөтүп, экинчи жагынан “Ата-Журтка” мурункудай муктаж эместигин эскерткендей болду.

Алмазбек Атамбаевде коалицияны каалагандай түзгөнгө азыр мүмкүнчүлүк кеңири. Анткени парламентте өзүнүн фракциясы бар. Андан сырткары “Ар-намыс” фракциясынын көпчүлүгү анын алдына келишкен. “Республика” фракциясы жаңы президенттин ыгында болууга даяр. Иш жүзүндө мына ушул үч фракция өкмөттү түзө алат. Бирок бул топко “Ата Мекен” да кошулуусу ыктымал.

Ошентип Атамбаев азыркы мезгилде парламентти толук көзөмөлдөп турат десек жаңылбайбыз. Ошол эле учурда Атамбаев Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев эле эмес, анын пайдасы үчүн президенттик шайлоого барбай калган Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана башка саясатчыларды да кызмат менен камсыздоосу керек.

Бирок азыр биринчи кезекте түштүктө ар кайсы жерде бириндеп чыгып жаткан нааразылыктарды чоң толкунга айлантпаш үчүн Мадумаров жана Ташиев менен сүйлөшүп, маселени чечүү милдети турат. Ошондуктан Атамбаев мына ушул багытка басым жасап жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG