Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Куттуу-Сайдын артындагы “куугун”


Канадалык Stans Energy Korp компаниясы кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берди. Ага Куттуу-Сайдагы сейрек кездешүүчү металлдар кени боюнча берилген лицензияны жокко чыгаруу себеп болгон.

Кыргызстанга коюлган доонун өлчөмү 120 млн. долларга жакын. Кыргызстанды казакстандык VISOR компаниясы да эл аралык сотко берген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Куттуу-Сай боюнча доо арыз келгенин тастыктап, азыркы кезде алар түшкөн документтерди иликтеп жатканын билдирди:

- Кагаздар кечээ күнү эле түштү. Азыркы кезде аны менен таанышуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Зилалиевдин айтымында, Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери эч кимге бериле элек. Ошол бойдон турат.

Кемин районундагы Ак-Түз айылында жайгашкан ичинде күмүш, висмут, молибден, коргошун, бериллий сыяктуу металлдары бар кендерди иштетүүгө лицензия канадалык Stans Energy Korp'тун “Кутессай майнинг” компаниясына 2009-жылы берилген. 2012-жылы ал лицензиянын мөөнөтү узартылган. Бирок компания лицензиялык макулдашууларды аткарбай жатканы боюнча кыргыз парламентинде маселе көтөрүлүп, лицензияны жокко чыгаруу Башкы прокуратурага тапшырылган.

Башкы прокуратуранын арызын Бишкектеги райондор аралык соту быйыл июнь айында карап, компаниянын лицензиясын жокко чыгарган. Кыргызстандын мындай чечимин Stans Energy Korp компаниясы эл аралык арбитражга берип, 120 млн. долларга жакын доо койгону маалым болду.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишимбай Чунуевдин маалыматы боюнча, Куттуу-Сай жана Кале-Сайда сейрек кездешүүчү металлдардын кени бар. Алардын өлчөмү 50 миң тоннадан көбүрөөк экени аныкталган.

Ал эми Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, бул эки кендеги байлыктардын баасы 2 млрд. доллардын тегерегинде. Кендин иштебей калышынын себеби парламенттеги интригалар деген Дүйшеев анын айынан жумушсуздар көбөйгөнүн айтат:

- Кийинки иштетип жаткандар бир-эки жылда чакан ишкананы ишке киргизели деп жатышкан. Заводдорду оңдошкон. Анан Жогорку Кеңештин чыры менен эки жылдан бери токтоп турат. Ошол жерде 140 киши иштеп жатты эле, азыр баары жумушсуз калды.

Дүйшеевдин пикиринде, эл аралык сотто Кыргызстанды оор кармаш күтүп турат. Анткени доо арыз бергендер байлар. Соттор да менчик компаниялардын кызыкчылыгын коргоого ыктап турат.

Кыргызстанды казакстандык "Визор" аттуу компания да эл аралык сотко берип, 400 млн. доллар доо койгон. Маалыматтарга караганда, бул иш боюнча судьялар тандалып алынды. Алар АКШдан Жон Р. Крук, Франциядан Филипп Санде жана Белгиядан Бернар Анатьо.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, Жерүйгө байланыштуу соттук жараяндар бир жарым жылга чейин созулушу мүмкүн. Анткени дайындалган соттор иш менен таанышып, андан кийин териштирүүнү башташат.

Кыргызстандын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Визор" менен соттошуу үчүн юридикалык компания тандалып алынганын билдирди:

- Эми юридикалык компания тандалып алынган. Бирок ал компания менен келишим түзө элекпиз. Эми маселе эл аралык арбитражда карала турган болгондуктан, биз конкурсту жеңип чыккан компания менен келишим түзүп, жөнөтүшүбүз керек.

Жерүйдө 100 тоннага жакын алтын жана он тоннадан ашуун күмүш бар экени маалым. Кыргыз өкмөтү бул кенди быйыл ачык конкурста 400 млн. долларга сатууга аракет жасады. Бирок инвестор дурус келбегенге байланыштуу конкурс болбой калды деп табылган. Өкмөт Жерүйдүн баасын арзандатып, жаңыдан конкурс жарыялоону чечкен. Бирок Кумтөр жаңжалы жана сотко жолдонгон доо арыздар аны токтотуп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG