Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:29

Атайын иликтөө / Коррупция

Бийлик коррупцияга каршы күрөш жарыялады

Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө тамырын кенен жайган коррупцияга каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

"Коррупцияга каршыбыз!" деген аталыштагы көргөзмөдөн. (Архивдеги сүрөт)
Текст көлөмү - +
Бирок коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгаарынан күмөн санагандар арбын.


Коррупциянын уюгу каякта?


Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу чаралары каралды. Аталган кеңешке төрагалык кылган президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коррупция өтө жогорку деңгээлге жетип, ага бардык мамлекеттик кызматкерлер аралашканын билдирди:

- Коррупция бизде болуп көрбөгөндөй чекке жетти. Эптеп эле чөнтөгүн толтуруу үчүн ким гана болбосун, керек болсо башкесерлер менен да макулдашуудан баш тартпаган мамлекеттик кызматкерлер, атка минерлер бар. Анысы аз келгенсип, бул балакет менен көрүшүүгө милдеттүү болгон органдар өздөрү коррупцияга батып кеткен. Ачуу чындыктан кача албайбыз, өлкөбүздө коррупция гүлдөп жатат.
 Биринчи кезекте сот жана укук коргоо органдарын коррупционерлерден тазалашыбыз керек. Сот бийлиги ири иштерди бетпактык менен жаап отурса кантип коррупцияны жеңе алабыз?
Алмазбек Атамбаев
 

Өлкө башчынын айтымында, буга чейинки коррупцияга каршы күрөш кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, эч бир оң жыйынтыкка жетишкен эмес. Тескерисинче, паракорчулуктун тизгинин тарта турган сот жана укук коргоо органдары коррупциянын чырмалышкан уюгуна айланган.

Мындан улам Алмазбек Атамбаев адегенде сот жана укук коргоо органдарын коррупциядан арылтуу зарылдыгын белгиледи:

- Биз биринчи кезекте сот жана укук коргоо органдарын коррупционерлерден тазалашыбыз керек. Себеби, мамлекеттик негизги көзөмөлдөөчү органдар 20 жыл ичинде ишке жарабаган куралга айланды. Бирок булардын ичинен соттор коомчулуктун өзгөчө нааразычылыгын жаратууда. Сот бийлиги ири иштерди бетпактык менен жаап отурса кантип коррупцияны жеңе алабыз? Мен биздин “кутурган”  сотторго эскертким келип жатат. Ушундай ар бир туура эмес чечим үчүн жооп бересиңер. Куранда же Библияда жазылгандай Кудай алдында гана эмес, ушул эле дүйнөдө жакынкы күндөрдө, айларда жооп бересиңер.

Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиевдин маалымдашынча, акыркы эки жылда коррупцияга байланыштуу 2400 иш козголгон. Бирок алардын жарымынан ашыгы гана сотко өткөрүлүп берилген. Сотко өткөн иштер арасында деле бийик даражалуу бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык аракеттери ашкереленгени дээрлик катталган эмес.

Коррупциялык аракеттердин уюгу катары сот системасы айтылганы менен Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева бул бийликтин бардык бутактарга жайылганын айтууда:

- Сот системасы апакай, таза иштейт деп айта албаймын. Муну биздин жарандар деле күнүгө пикет-митингге чыгып көрсөтүп жатышат. Бирок коррупцияга күрөштү чындап жүргүзүү үчүн бир эле сот системасын реформа кылбай, коомду өзгөртүшүбүз зарыл. Айрыкча, укук коргоо органдарын. Себеби, укук коргоо органдарынын иши биздин ишибиз менен тыгыз байланышта.

Жыйында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынды. Ага ылайык, бардык мамлекеттик органдарда коррупцияны ооздуктоо үчүн атайын пландарды иштеп чыгуу, паракорчулукка каршы жарандык көзөмөлдү күчөтүү, бул багыттагы мыйзамдык базаны чыңдоо чаралары каралган.


Күтүлгөндөй жыйынтык чыгабы?

 Өкмөт азыркы курамы жана азыркы өкмөт башчы менен эч качан коррупцияны жеңе албайт. Булардын эч кимиси коррупциялык схемаларын ачып, чукуп чыгышпайт...
Камчыбек Ташиев

Эгемендүү Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында буга чейинки өлкө башчылар коррупцияга бир нече ирээт күрөш жарыялаганын жар салып келишкен. Бирок бул аракеттерден майнап чыкпаганы айтылып келүүдө. Мындан улам, бул жолку аракеттердин натыйжасынан күмөн санагандар да арбын.

Алардын бири  Жогорку  Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев:

- Бүгүнкү өкмөт азыркы курамы жана азыркы өкмөт башчы менен эч качан коррупцияны жеңе албайт. Булар кайрадан күчөтөт. Мисалга, бүгүнкү өкмөттөгү дайындоолор жалаң тааныш-билиштер аркылуу, жек-жаат аркылуу болуп жатат. Булар бири-бири менен тыгыз байланышта жана булардын эч кимиси коррупциялык схемаларын ачып, чукуп чыгышпайт. Тескерисинче, чогулуп туруп, мамлекетти талоонго алышат.

Ошентсе да, азыркы бийликтин коррупцияга каршы аракетине үмүт арткандар бар. Эксперт Валентин Богатыревдун баамында, коррупцияга күрөш жарыялаган азыркы бийлик бул күрөштү аягына чейин жеткирүүдөн башка айласы жок. Себеби, жарандар бийликтин дал ушул аракеттерине жараша, анын ишинин жыйынтыгын баалайт:

- Менин пикиримде, президенттин бул багыттагы саясий эрки жетишчүдөй болуп турат. Буга анын башка мүмкүнчүлүктөрү менен ресурстары да бар. Бирок экинчи жагынан анын айлансындагылар арасында коррупцияга аралашып калгандар да бар. Ошондуктан, алардын таасиринин чыга алабы ал – чоң суроо. Ошентсе да,  “Мегакомдун” жетекчилегине байланышкан акыркы окуялар анын чечкиндүү аракеттерин далилдегендей.

Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мисалга 2011-жылы эл аралык Transparency International уюму иликтеген 182 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 166-орунду ээлеген. Кыргызстан мындай баа менен Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрүнүн катарынан орун алган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Бишкек
03.02.2012 13:28
Анык коррупционерлер отурушат депутат- министр болуп!! Эл аны коруп эле турушат да!!! И эми ким булар менен курошот!! депутат- коррупционер озу бизге закон жазып жатса??? министр бизди башкарып турса???
Пикирге жооп

кимден: Талант
04.02.2012 10:38
Мына ошолордон башташ керек

кимден: Логика
31.01.2012 23:04
Окмот башчыбыз коррупционер №1 болсо, башкасын айтып не кереги бар!

кимден: Ыйман
31.01.2012 22:00
Коррупция Кыргызстанда билбеймин... бей бечерага 250 сом берип кармаганыңады токтоткула! миллиондорду уурдагандар жогорку кеңеште,өкмөттө,майлуу сүттүү жерлерде отурушат.Мен билгенден Баткенде Кыргызпочтанын мурдагы башчысы канча миң сом менен кармалганын билбеймин коп болсо керек бирок азыр Бишкекте Кыргызпочатын орун басры болуп иштеп жатат дешет укан кулак ишенбейт буга эмне дейсинер коррупционерлер.Бул жоругунар качан токтойт элдин убалына каласыңар.

кимден: Умарали каяктан: РФ
31.01.2012 20:12
Паракорлорду топтоп алып Кытай-Кыргызстан темир жолун баштаса болот. Кыргызстандын эч болбосо 1 кени өзүбүздө калып, экинчиден паракорлордон тазаланмакпыз. Аракетиниздерге берекет, урматтуу Өкмөт акелер.

кимден: Оштук каяктан: Санкт Петербург
31.01.2012 18:54
Биздин Ажобуз жомок айтып берди. /уландысы дагы бар\ Акай айткан Бакай айткан....

кимден: Турдукожоев Сексенбай
31.01.2012 15:33
Коррупция менен күрөшөбүз деп жаткан Кыргыз бийлигинин жоругу, адамдын өз көлөкөсүн кармайм дегенин эске салып жатат.Себеби коррупция менен кармашуу үчүн реалдуу иш-аракеттер керек.Жөн эле куру сөз менен кыйкыра бергенден пайда жок экенин элдин баары билет.Коррупцияны жок кылуу үчүн Кылмыш жаза кодексиндеги коррупция деген берене боюнча чыныгы коррупционерди сот жообуна тартканда гана иш алдыга жылат.Мына ушул статья азыркы күндө иштебей жатат.Эгерде иш ушундай боло берсе, коррупция Атамбаевдин түбүнө жетет.

кимден: алымбек каяктан: маскөө
31.01.2012 15:12
Олум жазасын киргизиш керек , кармалдынбы атууга сотсуз эле.

кимден: Kara каяктан: Bish
31.01.2012 13:24
эгер экономикасы ж-а маданий денгээли бир аз жогору башка олкодо ажо ушинтип жар салганда ал олкодо ото чон сенсация болуп, дунгуроп,коптогон жеп ичер, атка минерлер креслосунан кулап тушмок. Бирок биздегы абалды карагыла,олконун биринчи адамы баарыбыз билген чыркыраган чындыкты айтты. Бирок дагын эле жымжырттык окум суруп турат. Себеби корупция 20 жылда эле биздин салтка айланып калды. Корупция м-н курошобуз дегендер озу корупционер болуп отурса, кайдагы курош? Баары билет: эгер мен бугун бироону бычактап олтурсом, турмодо ашып кетсе 3 ай жатам. Анан менин тууган туушкандарым кой жылкыларын сатып, укук коргоо органдарын парага тойгузат да, мени жайбаракат алып чыгып кете беришет. Кудай тооба,бул не деген тушунук? Туугандар биз кайда баратабыз? Жазуучу Достоевский соз кылган тройка арабага минип алып зуулдап жарга карап кетип жатабыз,бул анык!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.01.2012 11:38
Кантип өздөрү менен күрөшүшөт?..

кимден: Алик каяктан: Баткен
31.01.2012 11:23
Сотторду санын кыскартып, аларга мурункусун карап чыгып закон киргизуу керек ал "Корупциялык иш аракетери далилденсе омур бою сот болуп иштей албай калат" деп. Ошондой эле ар кандай сот иштери видео тасмасыз отпостугун жана СМИ каражаттарынын катышуусуна эч кандай тоскоолдук жаралбашына. Адвокаттарга эркиндикти беруу, жеке адвокаттураны онуктуруу.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине