Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Маңги кулчулугунан чыгыш кыйын


Кыргызстанда маңзат чеккендер жана сайынгандар саны көбөйүүдө. Бул ооган апийиминин көбөйүшүнө жана салыштырмалуу арзандыгына байланышкан.

Маңзаттын жаман жери – ага чалдыккандар оңой менен көз карандылыктан кутула алышпайт. Бишкектин четинде жайгашкан “Шанс” реабилитациялык борбору аз убакытка болсо да маңгимандардын эс-учун жыйышына көмөк түзүп берет.

Сергейди борбордогу достору Банзай деп чакырышат. Бутунун ооруп жатканына байланыштуу азыр элге көп кошулгусу келбей, сырттагы сөрүнүн үстүндө өзүнчө отурат. Жанына барып кепке тартканымда бир аз кыйылып анан баарын айтып берди.

Сергей ал кезде 24 жашта, борбордогу казинолордун биринде менеджер болуп иштечү. Албетте акча көп, достор-кыздар... Алгач кара куурайдан баштаган.

- Досторум эле мактап сунуштап калышты. Алгач апийимден баштадым, жакты, андан соң героинге өттүм. Героин апийимден да жакшы экен, убарасы аз. Бир-эки колдонгондон кийин кантип берилип кеткенимди өзүм билбей калдым. Негизи акчалуу, колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдарын тартканга аракет кылышат, маңзатты көп сатып алышсын деп.

Жумушунан ажырап, достору да иргелип, жанында жалаң гана маңзат колдонгон санаалаштары калат. Алардын көбү азыр маңзатты ашыкча колдонгондон улам бул дүйнө менен кош айтышкан.

- Чогуу баштаган досторумдун жарымынан көбү каза болуп калышты. Калгандары менен байланышпайм, телефон менен да сүйлөшпөйм. Мен алардан алыс болууга аракеттенишим керек. Ал эми маңзат колдонбогон досторум менен мурда эле катышпай калгам. Маңгиман десе эле дароо ууру, кылмышкер деп түшүнүшөт.

Акча жетишпегенден улам Сергей уурулукка да барган. Ал үчүн 5 жылга кесилип, түрмөгө да отуруп келген. “Бирок үйдөн эч нерсе саткан эмесмин” дейт.

- Албетте акча жетишпейт. Күнүгө миң-эки миң сомго маңзат сатып алышың керек. Айла жок уурулукка барасың. Мен уурулук үчүн беш жарым жыл абакта отуруп келдим. Бирок үйдөн эч нерсе саткан эмесмин.

Он жылдын ичинде бир нече жолу маңзатты таштоого далалат кылган. Бирок кайра эле чыдабай кетип бир нече жылдар өтсө да колдоно баштайт.

- Мен маңзатты көп эле жолу таштаган учурларым болду.

Ал гана эмес таштаган убактарда мага окшогон маңгимандарды дарыланып алышсын деп атайын борборлорго алып барып жаткырып жүрдүм. Бир-эки жылдап колдонбой жүргөн мезгилдер болду. Бирок кайра эле кармана албай калам. Ата-энем менен урушуп жүрдүм. Үйдөн да бир кезде кубалап жиберишкен. Бирок кайра эле мага мүмкүнчүлүк беришет, азыр деле үйгө барып турам. Таштадым десем ишенишпейт, күмөн санап турушат.


4 айдан бери Сергей реабилитациялык борбордо жашайт. Эми бул акыркы жолу деп өзүнө сөз берип келет.

- Мен мындан ары оңолуп кетем деп ишенем. Тажап кеттим, ден соолугум болбой калды.

Реабилитациялык борбордо азыр Сергейден башка дагы үч адам бар, тоок багып, жашылча-жемиш өстүрүп өздөрүн алаксытышат. Чыдабай дене-башы калтырап, маңзат колдонгусу келип баратканда чогулуп, сүйлөшүп жеңилдеп калышат. Алардын айтымында, бирин бири көздөрүнөн эле түшүнүп турушат.

Сергейдин азыр башкы максаты – маңзатты таштап, үй-бүлө күтүп, ата-энеси менен бирге эл катары жашоо.

XS
SM
MD
LG