Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Тоң: 400 гектар жердин ырбаган чатагы


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагындагы 400 гектардан ашуун жердин трансформацияланышы боюнча талаш-тартыш бүтпөй жатат.

Район жетекчилиги менен Көк-Мойнок айылдык кеңештин айрым депутаттары жайыт жер өздөштүрүүгө мыйзамсыз берилген деп арызданып жүрүшөт. Мурунку айыл өкмөтүнүн башчысы болсо дооматты четке кагууда.

2011-2013-жылдары Тоңдогу Көк-Мойнок айылына таандык 440 гектар жайыт жер бөлүштүрүлүп, 80ге жакын адамга ижарага берилген. Аталган айылдык кеңештин айрым депутаттары айыл өкмөт башчысы Таалай Куланбаевдин мындай токтому мыйзамсыз экенин айтып, ошондон бери даттанып келишүүдө. Алардын бири Кубан Султанов прокуратура, сот органдары алардын арызын карабай жатканын кеп салды: ​

- Бул жерде системалык коррупция болуп жатат. Облустук прокуратурага чейин арыздандык. Жайыт жер мыйзамсыз берилип жатат. Биз анын баарын далилдеп бергенбиз. Облустук прокуратура карабай койду. Башкы прокуратура каралсын дегенине карабай, сот 2008-жылкы жобонун негизинде мыйзамдуу деп чечим чыгарып койду. Бизде “уурусу күч болсо ээси доого жыгылат” деген жагдай болуп жатат. Азыр ошол жерлерди сүрүп салып, өрүк-алма тигип жатышат, кээ бири сүрүп салып, ошол бойдон эле жатат. Ошол жерлердин баары байларга да, кытайлар да берилип жатат. Жердин баарын сүрүп, кыртышын бузушууда. Макул, жерди гүлдөтсүн, бирок эң биринчи айылдын эли менен кеңешиши керек да. Ошол айылдын кызыкчылыгын ойлош керек да.

Сөз 2008-жылдагы өкмөттүн №306 токтому тууралуу болуп жатат. Бул токтомдо асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн жобосу көрсөтүлгөн. Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Майрам Кыдыралиева бул жобо Жайыттар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынары менен күчүн жоготконун айтууда:

- Жайыттар ижарага берилбейт деген мыйзам чыккан. Биринчиден, ушул “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзам бузулуп жатат. Жер кодексинде дагы жайыттан башкасы деп так, даана жазылган. Ошол Жер кодексин да бузуп, өкмөттүн эле жокко чыккан токтомуна таянып берип жатат. Айыл өкмөт башчысы өзү юрист, бирок биз айтып жеткире албай койдук. Биринчи Конституция, кодекс, мыйзамдар турат, андан кийин гана токтом турат. Анан калса өкмөттүн ал токтому эбак эле жокко чыккан. Эми ошого карабай 440 гектар жерди "кара базарда" маңзат саткандай эле сатып жатат. Ошол асылдуулугу төмөн жерлер деген токтомду таап алып, бизнес жасап жатат.

Биз жерди ижарага берген Көй-Мойнок айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Таалай Куланбаевдин өзү менен байланыштык. Ал таштак, асылдуулугу төмөн жерлердин берилишин мыйзамсыз деп эсептебейт жана жер саткан деген дооматты да жокко чыгарды.

- Балыкчыдан чыга бергенде, Бишкекке баратканда жолдун оң да, сол да тарабы таштак болуп жатат. Ошол жерлерди өздөштүрүүгө бергенбиз. Азыр ошол жерлер четинен өздөштүрүл баратат. Бизге ким кайрылса беребиз, бизде бай, кедей же дагы башка деген жок. Кайрылгандардын баарына берип жатканбыз. Бирок 2013-жылдан бери кайра мыйзам менен тыюу салынып калды.

Таалай Куланбаев асылдуулугу төмөн жерлердин берилиши пайдалуу болгон деп эсептейт:

- Биз жердин асылдуулугун аныктап туруп, анан беребиз. Мисалы, бир гектар жерден бир жылда 80 килограмм чөп чыгат дейли. Бул 80 килограмм чөп бир жылкынын 2-3 күндүк эле чөбү. Эгер биз ошол жерди өздөштүрүүгө берсек, 400 түп алма-өрүк тигилет. Эгер ошол 400 түптүн ар биринен эле жылына 10 килограмм түшүм алса пайдасы бир топ болуп кетип жатпайбы. Андан сырткары жайыт болгондо биз ал жерден 7 сомдон эле ижара акы алабыз. Айыл чарбасына берсек 230 сомдон алабыз. Бул жерде азык-түлүк коопсуздугу деген да бар. Азыр мына Евразиялык экономикалык биримдикке кирдик, канча адам башка мамлекеттерге айыл-чарба продукциясын сатканга мүмкүнчүлүк алат. Эгер ошол жайыт жердин берилишине каршылардын арызынан коркуп жерди бербей койсом 20 жылдан кийин мамлекеттин тагдыры эмне болот?

Тимур Алымбеков - Тоң районун акиминин милдетин аткаруучу. Анын ырасташынча, айыл өкмөт башчысы “өзүмбилемдикке” барган:

- Мыйзам боюнча жайыт жердин багытын которуп, өздөштүрүүгө берилет. Бирок ал жердин багытын мамлекеттик органдар, администрация которот. Айыл өкмөтү жердин багытын өзү эле которуп элге берип салган. Сот болсо аныкы туура, ушундай кыла берсе болот деп чечип берип койгон. Мындай болсо элдин баары эле жайыт жерди бере бериши керекпи? Төрт сотых жер бере коюбуз деп соттолуп кеткен айыл өкмөт башчылары болгон. Ал эми бул адам болсо 400 гектар жердин баарын берип салган.

Жер чатагы боюнча биз Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаевдин пикирин сурадык. Ал эки жылдан бери талаш-тартыш туудуруп келаткан маселени билбей турганын айтты:

- Эмне жер экенин билбейт экем. Менде маалымат жок. Колумда документтер жок болсо эч нерсе айта албайм. Ал материалды билбейт экенмин, жердин берилишинин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин мен териштирбейм да, прокуратура деген бар.

Ушул жылдын май айында жайыт жердин берилиши боюнча Экологиялык-техникалык кооопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция корутунду чыгарган. Анда 400дөн ашуун гектар жердин берилишинде одоно мыйзам бузуу болгон деп айтылган. Буга карабастан сот мыйзамдуу деген чечим чыгарган, прокуратура териштирүүдөн баш тарткан. Мындан улам жердин ижарага берилишине каршы тарап сот менен прокуратура кызматкерлерин айыл өкмөтүнүн башчысы менен жең ичинен ичинен сүйлөшүп алган деген күдүк ойлорду айтып келет.

Биз бул маселелерди карап-териштирген соттор, прокуратура кызматкерлери менен байланышып, комментарий ала алган жокпуз. Азыркы облустук прокурор Муктарбек Айдаралиев мыйзамдар-токтомдор чаташып, туңгуюкка кептелип калганын мойнуна алды жана төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Биздин балдар текшерип барган учурда ижарага алынган жерлердин баары өздөштүрүлүп, өрүк-алма тигип коюшкан экен. 2013-жылы чыккан токтом боюнча жайыт жерлер мындан ары эми такыр берилбейт. Тыюу салынган. Биз да туңгуюкка кептелип калдык. Биз азыр ошол жер берүү тууралуу токтомдорду жокко чыгаралы десек, биздин аракетибиз мыйзамсыз болуп калат. Бул маселелердин баарын сот карап чыккан. Бул деген мыйзамдарда карама-каршылык бар деген сөз да. Бирок Жер кодексинин негизинде жер берүү тууралуу токтом мыйзамдуу деп чечим чыгып калган. Бирок бүгүнкү күндө эми андай жерлер эми берилбейт. Ал жерлердин 5-6 жылдык мөөнөттөрү бүткөндөн кийин андан ары улантабы же жокпу деп айыл өкмөт менен аким чечиши керек. Себеби өздөштүрүлүп, айыл чарба жерине айлангандан кийин булар өкмөткө трансформация кылып бергиле деп сунуш берет. Эгер өкмөт колдоп берсе ал жерлерди андан ары деле ижарага бере бергенге болот.

Көк-Мойнок айылдык кеңештин айрым депуттары менен айыл өкмөт Таалай Куланбаевдин чатагы ырбап, айылдык кеңеш 12-августта кезексиз сессияга чогулган. Ага 11 депутаттын алтоо жана акимдин милдетин аткаруучу, райондук милициянын башчысы, прокурор катышкан. Анда айыл өкмөт башчыны ишиндеги кемчиликтери үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок 25-августта Таалай Куланбаев кезексиз сессияга катышпаган беш депутатты жыйынга чогулткан жана анда 12-августта кабыл алынган айылдык кеңештин чечими мыйзамсыз деген токтом кабыл алынган. Бул талаш эми эмне менен бүтөрү белгисиз. Ушул тушта эки тарап тең өз жүйөлөрүн айтып, жогорку бийликке, сотторго кайрылып жатат.

XS
SM
MD
LG