Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

Ош: мэр жубайынын имарат талашы


Ош шаары
Ош шаары

Ош шаарындагы жалгыз соттук-медициналык экспертиза борборунун имараты жеке менчикке сатылып кеткени ачыкка чыкты.

Болгондо да ал имарат Ош шаарынын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаевдин жубайы Чолпонай Исмаилованын атына катталганы маалым болду. Мэрдин жубайы менен Ош облустук соттук-медициналык борбордун соттошуусу 2008-жылдан бери бир жаңсыл чечилбей келе жаткан экен.

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун эң негизги эки лабораториясы жайгашкан имарат Ош шаарынын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаевдин жубайы Чолпонай Исмаилованын наамына 2008-жылы катталган. Эскперттик бюронун Гүлзат аттуу кызматкеринин айтуусунда, лаборатория өлкө түштүгүн толугу менен тейлеген жападан-жалгыз мекеме.

- Барып ичин көрсөңөр жүрөгүңөр түшөт. Эптеп эле иштеп жүрөбүз. Бирок анын ичинде эки чоң лабораториябыз бар - гистологиялык жана физико-техникалык. Бул бүтүндөй түштүк аймагындагы жалгыз мекеме. Эгерде бул жабыла турган болсо кайда барарыбызды билбейбиз.

1995-жылдан тарта маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы мүлктөрдү сатууга тыюу салынган. Бирок 2008-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаардык ооруканасынын короосунда турган лабораторияны башка мүлктөрдүн катарында сатуу чечимин колдоп жиберишкен. Ошондой болсо да облустук лабораториянын жетекчиси Бактыбек Мамадыев мамлекеттик мүлк ордуна коюлуш керек деп эсептейт.

- Мыйзамсыз менчиктештирилгени көрүнүп эле турат. Мамлекеттин мүлкү, болгондо да саламаттыкты сактоо тармагына таандык имарат. Муну кантип сатып жиберишкенине акылым жетпейт. Ошол сатылган учурда да иштеп жаткан, азыр да иштеп жатат.

Мэрдин аялы менен облустук соттук-медициналык борбор жетекчилигинин талашы 2008-жылдан бери эки жолу Жогорку сотко чейин жетип, бирок талашка чекит коюлган эмес. Жаңы ачылган жагдайга байланыштуу деген жүйөө менен талаш иш кайрадан жергиликтүү сотко келген. Талашты чечүү боюнча президентке, парламентке, министрликтерге жана Башкы прокуратурага улам жазылган жамааттык каттардан майнап чыккан эмес. Мекеме жетекчиси Бактыбек Мамадыев ал талаш аяктай электе имарат колдон-колго өтө баштады дейт.

- Чолпон Исмаилова имаратты Замир Жорокулов деген бирөөгө сатып жибериптир. Менин оюмча, булар 2008-2011-жылдарда болгон соттук териштирүүнүн биринчи этабында өздөрүнө таандык адамга кайра каттап коюшту окшойт. Ал жөн эле жасалма кожоюн да. Чындыгында азыр деле имаратты Чолпон Исмаилова өзү иштетип жатат.

Учурда талаш имараттын жарымында Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаевдин жубайы Чолпонай Исмаиловага таандык «Чолпон» деп аталган жеке лаборатория иштеп жатат. Облустук соттук-медициналык мекеме кызматкерлеринин айтуусунда, Чолпонай Исмаилова маал-маалы менен имаратты бошотуп коюну талап кылып турат.

Бирок ал талаш жайды өзү иштетип жатканына карабай, имаратты мурда эле башка бирөөгө сатып жибергенин тастыктоодо. Чолпонай Исмаилова:

- Ал жерди 2008-жылы гезитке чыккан жарыядан көрүп сатып алганмын. Азыр ал жер мага караштуу эмес. Анткени 2011-жылы мен сатып жибергенмин. Азыр ал жердин кожоюну башка бирөө. Мен да ал имаратта ижарада отурам. Башта менин атым чыгып калган. А чындыгында ал жердин ээлери такыр башка адамдар.

Талаш имараттын азыркы абалы начар. Финн ыкмасы менен салынган имарат союз убагында медайымдардын жатаканасы болгон. Кийин ал жай бошотулуп, ордуна 2001-жылы Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун гистологиялык жана физика-техникалык лабораториясы жайгаштырылган. Лабораториянын Гүлзат аттуу кызматкери имараттын абалы кооптуу экенине карабай оңдоо иштерин жүргүзүүгө соттук териштирүүлөр тоскоол болуп жатканын айтты.

- Шарты абдан начар. Анткени имарат абдан эски. 14 жыл мурда имарат бизге берилген учурда бир катар эптемей ремонт кылганбыз. Ошол бойдон турат. Электр өткөргүчтөрү үзүлө берип ар жеринен улаганбыз. Кышында терезелеринен шамал кирет. Электр плиталарды сайгандан өрт чыгып кетеби деп коркобуз. Чоңдорубуз капиталдык оңдоодон өткөрүп беребиз деп атышат. Бирок соттон улам тушалып турабыз деп атышат. Кайра алып койсо кандай кылабыз. Жабдуулар бүт эскирген аларды жаңылаган менен аларда кайда алып барабыз?

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча катуу аракеттенип жатканын айтып келет. Мэриянын өзүнүн маалыматына караганда, акыркы алты ай ичинде Ош шаарындагы 24 социалдык мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн арасында Айтмамат Кадырбаевдин жубайына таандык делген мүлк эмнегедир жок.

XS
SM
MD
LG