Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Байкоңурда ракета кулады


Казакстанда үч сателлитти орбитага алып бараткан Орусиянын ракетасы кыйрады. Эч ким жапа тарткан жок, бирок казак бийликтери элди эвакуациялоону караштырып жатат.

Орусиянын Космос агенттиги билдиргендей, асманга көтөрүлгөндөн 20 секунд өтпөй "Протон-М" ракетасы Байкоңур космодромунан эки чакырымдай алыс жерге кулап түштү.

Байкоңурга жакын айылда жашаган Ролланд Мергалиев "Азаттыкка" кыйроону көрбөгөнүн, бирок жарылуунун добушу угулганын, андан кийин сары түстөгү газ булуту Кызыл-Ордо тарапты көздөй жылганын билдирди.

Ал арада "Интерфакс" агенттиги Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Божковго шилтеме берип, ракетанын күйүүчү майы өрттөнгөндө ракета учурулуучу платформанын үстүндө уулуу булут пайда болгонун маалымдады. Бирок министр айлана-чөйрөгө кандай коркунуч келери аныктала электигин кошумчалады.

Байкоңурду ижарага алып иштеткен Орусиянын "РосКосмос" ишканасынын маалымат катчысы Алексей Кузнецовдун "Россия-24" каналына айтышынча, кыйроо ракетанын кыймылдаткычы күтүүсүздөн өчүп калгандан улам болгон. Орусиялык өкүл платформага залал келбегенин, эч ким жапа тартпаганын бышыктады.

Казакстандын бийликтери космодром азыр жабык экендигин билдирүүдө. "КазКосмос" ишканасынын жетекчиси Талгат Мусабаев ичкериде кооптуу болгондуктан, космос борборун орус аскерлери курчоого алып, эч кимди киргизбей жатканын маалымдады.

Орусиянын мамлекеттик "Россия-24" каналы ракетадагы үч сателлит керектен чыккан болушу мүмкүн экендигин кабарлады. Демек Орусиянын жол көрсөтүүчү "Глонасс" сателлит системасына корогон 200 миллион доллар күйүп кетти.

Акыркы жылдары ушуга окшогон бир нече кыйроо орун алган. Эң акыркысында былтыр августта Байкоңурда дагы бир "Протон-М" ракетасы орбитага алып бараткан эки сателлити менен кошо кулап түшкөн.

Орусиялык космос өкүлдөрү бул кыйроолорду ракета жасоодогу калпыстыктар жана инженердик каталар менен түшүндүрүшөт. Бирок сынчылар башкы себеп Орусиянын космос тармагында жаңылануу аракеттери жок экендигин айтышат.

Орус өкмөтү былтыр 2015-жылга чейин космос тармагын өнүктүрүүгө 20 миллиард доллар бөлүүнү чечкен. Былтыр "Глонасс" системасын жасоодо 200 миллион доллар уурдалган деген кине менен кылмыш иши козголгон.

Сателлит ташыган "Протон-М" ракетасын Хруничев атындагы мамлекеттик космостук илимий-өндүрүш борбору иштеп чыккан. Дээрлик жарым кылымдык тарыхында "Протон-М" 380ден ашык жолу космоско учту, алардын басымдуу бөлүгү ийгиликтүү болду.

Үстүбүздөгү жылы Орусия Казакстандагы Байкоңур жана өз аймагындагы Плесецк космодромдорунан 15 ирет ракета учурду.

XS
SM
MD
LG