Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

К. Маликов: Өзбекстан көйгөйлөрүнүн себебин Кыргызстандан көрө берет


Өзбекстанга кол салган куралдуу адамдар Кыргызстандан эмес Ооганстандан келген. Мындай пикирин кыргызстандык саясат талдоочу Кадыр Маликов “Азаттыктагы” маегинде билдирди.

- Биз, Тажикстан, Ооганстандагы эксперт-аналитиктер февраль айында эле Тажикстан менен Ооганстан жана Түркмөнстан менен Ооганстандын чек араларында КМШ жана Азиядан чыккан топтор жанданып жатат деген маалымат алганбыз. Ошондо эле жакынкы убакта Борбор Азияда, тактап айтканда Фергана өрөөнүндө аскердик мүнөздөгү айрым акциялар болушу мүмкүн экени аздыр көптүр белгилүү болуп калган.

Азыр Өзбекстанга кол салгандарды ислам жихаддары деп атышат, бирок булар Түркестан ислам кыймылына көбүрөөк жакын. Мындай кыймылдар эбак жоюлуп кеткен күндө деле, андагы адамдар, анын мүчөлөрү эч кайда кетпейт да, алар башка стадияга өтүп кетишет. Ошондуктан акыркы беш-алты жылда аталган кыймыл Аль-Каида жетекчилик кылган жихадчылар структурасын түзүп калды. Алар Ооаганстан менен Пакистандагы аскердик бейстабилдүүлүктөн улам Ирактан кийин экинчи фронтту Борбор Азия өлкөлөрүндө ачкылары келип жатат.

Бул топтордун негизги максаты – кырдаалды бейстабилдештирүү. Ошондуктан алар чакан топторун жөнөтүп жатышат. Мындай беш-алты адамдан турган топторго кээде бүтүндөй армиянын да алы жетпей калат. Алар идеологиялык соккуларды жасап жатат. Максаты биринчи кезекте элге коопсуздук жок экенин, эч ким коопсуздукту сактай албасын көрсөтүүдө турат.

- Өзбекстандын Башкы прокуратурасы куралчан адамдар Кыргызстандан келди деп билдирген экен.

- Жок, бул туура эмес. Бул шашкалак билдирүү. Өзбекстан өзүнүн проблемаларынын себебин эмнегедир Кыргызстандан көрө берет. Чындыгында проблемалардын баары Кыргызстанда эмес. Албетте Кыргызстанда таптакыр жок, деп так кесе айтуу мүмкүн эмес, ал топтор Кыргызстанды өтмөк база катары колдонушу мүмкүн. Бирок Борбор Азия үчүн башкы көйгөй – бул Өзбекстан жана анын ичиндеги кырдаал. Бул көйгөй бүтүндөй аймакты, Фергана өрөөнүн жарып жибериши мүмкүн. Мындай билдирүүлөрдү жасап, бири-бирин айыптап, ким күнөлүү, кайдан келди деп тактоо туура эмес. Анткени бул топтор кыргыз эмес ооган факторуна таандык.

Азыр биздин (кыргыз-өзбек) мамилелерибиз ансыз да чыңалып турат. Мен Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасынын бузулушун каалбайт элем, анткени бул баардык жагдайга терс таасирин берет.

XS
SM
MD
LG