Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Нигерия: жанкечти аялдар ондогон өмүрлөрдү кыйды


“Боко харамдын” теракттарынан 20 миңдин тегерегиндеги адам өлүп, 2,5 млн киши үй-жайынан ажыраган.
“Боко харамдын” теракттарынан 20 миңдин тегерегиндеги адам өлүп, 2,5 млн киши үй-жайынан ажыраган.

Нигериянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагеринде эки жанкечти аял өздөрүн жардырышып, андан кеминде 58 адам набыт болду. Бул тууралуу окуя болгон Борно штатынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги маалымдайт. Жарадарлардын көпчүлүгү аялдар менен балдар.

Маалыматка караганда, жанкечтилердин дагы бир шериги качкындар арасында ата-эне, бир туугандары бар экенин билгенден кийин өзүн жардыруудан баш тарткан. Ал учурда камакка алынып, пландалган башка теракттар тууралуу маалымат берүүдө.

Чабуулду уюштурууну азырынча эч ким мойнуна ала элек. Ошентсе да бийлик мунун артында өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышында аракеттерин жүргүзүп келаткан “Боко харам” экстремисттик тобу турушу ыктымалдыгын болжолдоодо.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Боко харамдын” теракттарынан 20 миңдин тегерегиндеги адам өлүп, 2,5 млн киши үй-жайынан ажыраган.

Нигерия, Чад жана Камерундун аскерлери өткөн жылы жоочуларды отурукташып, халифат деп атап алган айылдарынан сүрүп чыгарган болчу. Ошондон кийин “Боко харам” мечит, соода борборлору сыяктуу эл көп чогулган аймактарды бутага алган.

XS
SM
MD
LG