Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Тажикстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум белгиленди


Тажикстандын Хорог шаары.
Тажикстандын Хорог шаары.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун бийликте өмүр бою калуусуна жана династиясын негиздөөсүнө жол бере турган Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 22-майга белгиленди.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы референдум боюнча чечимди 10-февралда бир добуштан кабыл алды. Ага чейин Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду жактырып берген эле.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттикке талапкерлердин жашын 35 жаштан 30 жашка чейин түшүрүү каралган. Бул 2020-жылы боло турган президенттик шайлоодо президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Тажик парламентти декабрь айында кабыл алган мыйзамда Эмомали Рахмонго “улут лидери” деген наам ыйгарган. Бул 1992-жылдан бери бийликте турган Рахмон жана анын үй-бүлөсүн ар кандай соттоодон коргойт. (AiT)

XS
SM
MD
LG