Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Өкмөт Кумтөр келишимин чакырып алды


Өкмөт Кумтөр боюнча жаңы келишимди чакырып алды. Учурда ага жаңы толуктоолор киргизилип жатат. Жакында кайрадан Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы жыл алдында парламентке сунушталган келишим өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тарабынан сынга алынгандан соң чакыртып алынган.

Президент апта башында келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйө менен аны кайра чакырып алуу тапшырмасын бергени кабарланган болчу.

Бул маалыматты өкмөт төгүндөй да, тастыктай да элек. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелисбек Эржигитов “Азаттыкка” билдиргендей, Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Кумтөр боюнча эл аралык эксперттер менен жолугууда. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кумтөргө байланыштуу маселелер каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Эл аралык эксперттер чет өлкөдөгү «ДЛА Пайпер» юридикалык уюмунан келген.

2013-жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынары эскертилген. Бирок 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% бойдон калтырылган болчу. (SE\AiT)

XS
SM
MD
LG