Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Павлюктун өлүмү боюнча ишти тергөө аяктады


Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Павлюктун аялынын адвокаты Акмат Алагушев билдирди. Анын айтымында, тергөө иштеринде журналист саясий буйрутманын негизинде өлтүрүлгөн деген жоромол жок. Алагушев ушундан улам жакынкы күндөрү Алматыга кайра бара турганын маалымдады.

Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматы шаарында колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, көп өтпөй ооруканада эс-учуна келбеген бойдон кайтыш болгон. Маркумдун санаалаштары, ошол кездеги кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү муну Павлюктун журналисттик ишмердиги менен байланыштырышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG