Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

"Жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн". Түркиядагы апааттын кесепети


Дээрлик эки жума мурда Түркияда болгон катуу зилзалада өлгөндөрдүн саны 40 миңге чукулдады. Адистер кырсык болгон аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратканын айтышууда. Чатырда жашагандар ажаткана, жууна турган жай керек экенин айтып, коңгуроо кага баштады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда оорукана жана башка инфраструктуралар талкаланган, таза суу тартыш. Миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын көбү баш калкалай турган жери жок, көчөдө калды.

Алсак, зилзала катталган 11 аймактын бири Малатияда 1386 киши каза болуп, 6444 киши жараат алган. Миңдеген адамдар чатырларга, жатаканаларга же мектептерге жайгаштырылган. Бирок малатиялыктардын негизги муктаждыктары дагы эле канааттандырыла элек.

Малатия шаары. 6-февраль, 2023-жыл.
Малатия шаары. 6-февраль, 2023-жыл.

Мектептердин биринде баш калкалап отурган Али Юртташ ажаткана, жуунчу жай, эң башкысы суу жок экенин "Анкахабер" агенттигине айткан.

"Учурда ажаткана жана душ жок. Кээде тобокелге салып, кыйрап калган үйгө кирип атабыз. Жуунбагандыктан, биттей баштадык. Менимче, көчмө ажаткана жана душ алып келүү кыйын болбосо керек. Он күндөн бери эл деле тынчыды окшойт. Биз турган мектептин ажатканасын таза кармайлы десек суу акпайт. Суу тартыш".

Адистер катуу зилзаладан кийин жер астындагы суунун деңгээлинде же курамында өзгөрүү болушу мүмкүн экенин белгилешет. Мындай учурда ошол жерде жашап аткан адамдардын жугуштуу ооруларга чалдыгуу тобокелдиги жогору болорун эскертишүүдө.

"Азыр аба ырайы өтө маанилүү. Үй-жайсыз жашап аткандар кышында дем алуу органдарынын курч вирустук ооруларына чалдыгат. Жайында ич келте, холера өңдүү ылаңдар жайылышы мүмкүн. Оорулар көбүнчө заң аркылуу жугуучу вирустардан келип чыгат. Анткени инфраструктура бузулганда саркынды суудагы зыяндуу бактериялар жана вирустар ичүүчү же коммуналдык сууга кошулуп кетет. Бул эпидемияга алып келет. Учурда жер титиреген аймактарда курч респиратордук инфекциялар күч алууда. Жүздөгөн адамдар чатырда же спорт залдарда баш калкалап турушат. Министрлик сасык тумоо, COVID-19, кызамык жана суу чечекке каршы эскертүү берди", - деди "Жугуштуу оорулар бирикмесинин" жетекчиси, профессор Мехмет Жейхан.

Хатай провинциясындагы чатыр шаарчанын тургундары. 10-февраль, 2023-жыл
Хатай провинциясындагы чатыр шаарчанын тургундары. 10-февраль, 2023-жыл

Апаатта кыйраган Искендерун шаарында көчмө ооруканада иштеп аткан фармацевт Жен Озсайгылы да тез арада ыкчам чаралар көрүлбөсө, жугуштуу оорулар жайылышы күмкүн экенин билдирди.

"Ичеги-карындын жугуштуу оорулары күчөсө, эпидемиялык абал жаралат. Мунун алдын алуу үчүн тез арада бардык таштандыларды чыгарып, тазалап, дезинфекциялоочу каражаттарды чачкан оң, бирок бул учурда мүмкүн болбой жатат. Биз оорулардын алдын алуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз".

18-февралда Түркиянын салмааттык сактоо министри Фахреттин Кожа кырсык болгон 11 аймакта санитардык абал туруктуу экенин, жугуштуу оорулар катталбаганын жергиликтүү "Хүрийет" басылмасына кабарлады.

"Эпидемиялык оорулар азырынча катталган жок. Учурда жугуштуу илдеттерди жайылтпоо үчүн чараларды көрүп жатабыз. Азырынча холера же ич келте оорулары чыккан учурлар каттала элек. Жарандарыбыздын таза суу, көчмө ажаткана жана коопсуз тамак-аш сыяктуу көйгөйлөрү бар экенин билебиз. Аймактарда тез арада суу менен камсыз кылууга аракет кылуудабыз. Кырсык болгон аймактар хлор менен үзгүлтүксүз тазаланып атат. Таштандыларды жыйноо жана дары чачуу иштери жүргүзүлүүдө".

Хатай провинциясы, Түркия, 12-февраль, 2023-жыл.
Хатай провинциясы, Түркия, 12-февраль, 2023-жыл.

6-февралдагы Түркиядагы катуу зилзала 40 миңдей адамдын өмүрүн алды. 11 аймактын үчөөндө издөө-куткаруу иштери аяктады.

Кыргызстандык куткаруучулардын айрымдары мекенге кайтса, калганы 16-февралда өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хатай провинциясына келишти.

Куткаруучулардын башчысы Алмаз Асанов алар санитардык эрежелерге ылайык иштеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Фейсбук баракчасынан билдирди.

"Куткаруучулар атайын респиратор, мээлей жана беткап менен камсыз болушкан. Издөө-куткаруу иштеринде сөөк табылгандан кийин беткап жана мээлейлер тез арада алмаштырылат".

Кыргызстандык куткаруучулардын ден соолугунун абалын жеринде ӨКМдин фельдшерлери көзөмөлгө алып, адамдардын сөөгүн чыгарууда санитардык-гигиеналык талаптар тыкыр сакталып жатканы кабарланды.

Жер титирөө болгон аймактардан айрым эл аралык куткаруучулардын тобу кете баштады. Адатта адистер 48 сааттан кийин тирүү калгандарды алып чыгуу ыктымалдыгы азаярын белгилешет.

Бирок 260 сааттан кийин дагы аман калгандар табылып жатканы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Кыргызстандык куткаруучулар. Кахраманмараш шаары. 13-февраль, 2023-жыл.
Кыргызстандык куткаруучулар. Кахраманмараш шаары. 13-февраль, 2023-жыл.

Расмий маалыматта Түркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу ишин улантып жатат.

Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курум, адистер 684 миң имаратты карап чыгып, анын ичинен 84 726 турак жай кыйраганын же катуу жабыркаганын 17-февралда Твиттерден кабарлады.

Буга чейин президент Режеп Тайып Эрдоган жабыркаган аймактарга бир жыл ичинде жаңы үйлөр куруларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG