Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Кыргыз таануучу Юлий Худяковдун жаркын элеси эстен кетпейт


Профессор Юлий Сергеевич Худяков (1947–2021) Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына арналган илимий жыйында. КУУ, Бишкек шаары. 16.11.2012.
Профессор Юлий Сергеевич Худяков (1947–2021) Улуу Кыргыз каганатынын тарыхына арналган илимий жыйында. КУУ, Бишкек шаары. 16.11.2012.

Орусиянын Илимдер Академиясынын Шибердеги бөлүмүндө кыргыз археологиясы боюнча илимий мектеп түзгөн даңазалуу аалым, профессор Юлий Сергеевич Худяков эки жылдай илгери (2021-жылдын 24-декабрында) дүйнө салган эле. Анын кыргыз таанууга кошкон көөнөргүс салымы тууралуу тарыхчынын блогу.

Маркум профессор Юлий Сергеевич Худяков (08.12.1947, Медвежка кыштагы, Кемерово облусу, Орусия – 24.12.2021, Новосибирск шаары, Орусия) жана анын көөнөргүс илимий мурасы жаатында замандаштарыбызга жана болочокку муундарга улам баяндап туруу – парызыбыз экендиги айдан ачык түшүнүктүү.

Теги тууралуу учкай сөз

Юлий Худяковдун ата-теги тууралуу мурда кеңири маалымат берген элек. Кыска гана айтып өтсөк, окумуштуунун атасы Сергей Алексеевич Худяковдун (1919–1984) түпкү теги орус. Юлийдин чоң атасы Алексей Анисимович Худяков Орусиянын европалык бөлүгүндөгү Вятка жергесинде туулган, ал эми чоң энеси Дарья Тимофеевна болсо Чернигов облусунун тургуну болгон.

Алар XX кылымдын башында столыпиндик жер реформасы маалында Шиберге көчүп келишкен. Мында алар Сергей жана Валентин деген эки уулдуу болушкан. Алексей Худяков учурунда өз кыштагында колхоз башкармасы болуп иштеген.

XX кылымдын башындагы солчул көз караштагы христиан философу, немис тектүү америкалык профессор Юлий Геккер (Julius Hecker; 1881–1938) – Юлийдин таятасы болгон.

Таянеси Елизавета-Шарлотта Юнкер (Elizabeth Sharlotte Junker; кийин Геккер тегатын алган; 1888–1962) атасы жагынан германиялык немистерден, энеси жагынан француз тегинен болгон.

(Солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма Геккерлер. 1930-жж.
Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер жана анын эже-сиңдилери (солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма. 1930-жж.

Юлий жана Елизавета Геккерлер Алиса Геккер (1913–1982) Марселла Геккер (1915–2010), Ирмгардт Амалия Геккер, кийин Худякова (Irmhardt Amalia Hecker; Ирма Юльевна Худякова; 1916–2002), Ольга Геккер, кийин Ведерникова (1918 – 2004) жана Вера Юльевна Геккер (1922–2017) деген беш кыздуу болушкан.

Юлийдин энеси Ирмгардт Амалия Геккер (Ирма Юльевна Худякова) АКШнын Чикаго шаарында төрөлгөндүгүн кошумчалай кетели.

1922-жылы августта Советтик Орусияга өз үй-бүлөсү менен ыктыярдуу көчүп келген коомдук ишмер жана агартуучу Юлий Геккер 1938-жылы 28-апрелде “эл душманы” катары атууга кеткен. 1957-жылы (өлгөндөн кийин) кайра акталган.

Геккердин жубайы Елизавета Павловна да жазыксыз жерден 1938–1947-жылдары ГУЛагда абакта жана андан кийин сүргүндө болгон.

Юлий Геккердин беш кызынын үчөө (Алиса, Ирма жана Вера) 1941-жылы сентябрда эч расмий айыптоо жарыяланбастан камакка алынышкан жана ГУЛагга айдалышкан.

Алардын тегаты немисче болгондугу жана ата-энесинин “эл душмандары” катары ГУЛагга айдалгандыгы эле нацистттик Германия менен 1941-жылдын 22-июнунан тартып согуша баштаган СССРдеги сталиндик режим үчүн “жетиштүү жүйөө” болгон. Аларга кийинки жылы гана “айып” токулган.

Берки эки кыз (Ольга менен Марселла) кокустуктан улам жана бирөөнүн ырайымынын аркасында гана түрмөгө кабылбай калышкан. Маселен, Ольга ошол кезде Москвада окуп жүрүп, документтери башка жайга которулуп калып, сталинчи тергөөчүлөр анын изинен адашып, кызды кармай албай калышкан.

Марселла болсо Анатолий Гуз деген жигит менен баш кошкон. Күйөөсү Анатолий согушка кеткенде, Марселла ымыркайлуу болчу. Юлий Сергеевичтин айтымында, Лубянкада ымыркайы тынымсыз ыйлаган Марселлага тергөөчүнүн боору оруп, анын немис тектүү экендиги жана атасы “эл душманы” болгондугу жөнүндөгү документти тытып салган да, эмчектеги чүрпөсү бар келинди абактан сактап калган.

Ал эми Юлийдин атасы Сергей Худяков 1930-жылдардын соңунда тентектигинин айынан абакка түшүп калат. Абактан качам деп далаалат кылып, бирок кармалат да, абак мөөнөтү дагы сегиз жылга узартылат. Ошентип, Сергей Худяков саясий эмес себептен улам ГУЛагга узак мөөнөткө кабылат.

Сталиндик лагерде ал 1942-жылы болочокку жубайы, сүрөтчү кыз Ирмага жолугат жана аны калкалап жүрөт. Акыры алар үйлөнүшөт. Сергей Худяков 1944-жылы абактан бошотулган. Саясий себеп менен камалгандыктан, Ирма абакта кала берген.

Сергей Худяков жубайы Ирма Худякова менен.
Сергей Худяков жубайы Ирма Худякова (Ирмгардт Геккер) менен.

1944-жылы Сергей менен Ирманын тун кызы Вера абакта төрөлгөн. Вера кийинчерээк атасынын жолун жолдоп, геолог кесибине ээ болгон.

Юлий болсо үч жылдан соң (1947-жылы 8-декабрда) энеси лагерден жайкын сүргүнгө чыккан мезгилде Орусиянын Кемерово облусундагы Медвежка кыштагында дүйнөгө келген.

Үй-бүлөдөгү эң кичүүсү, кийин укук адиси болгон Сергей Сергеевич Худяков (1950–1994) деле энеси толук актала элек кезде төрөлгөн.

Юлий жаштайынан эле тагдыр сыноолорун жон териси менен сезген. “ГУЛагда камалып чыккандардын урпагы” деген эч жерде ачык жазылбаган жарлык 1950-жылдардын ичинде жалпы эле СССРде далай улан-кыздарга көрүнбөгөн тоскоол болгон эмеспи.

Атасы геолог болуп иштеп, улам башка жерлерге көчкөн шартта Шибердеги бурят сыяктуу чакан этностордун арасында да чоңоюп, Юлий ар дайым акыйкаттыкты жактаган инсан катары жетилген.

Ал орто мектептин көлөмүн 1965-жылы Буриятиянын Тункин өрөөнүндөгү Кирен кыштагындагы кечки мектептен аяктаган. Андан соң ал Советтик аскерде кызмат өтөгөн.

Юлий Худяков Советтик армияда кызмат өтөгөн соң.
Юлий Худяков Советтик армияда кызмат өтөгөн соң. Үй-бүлөлүк архив.

Жаш археолог – кыргыз таануучу

Юлий Худяков 1969-ж. Новосибирск мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырган.

Шибердин илимий жүрөк толтосу болгон бул шаардагы университетте окуу – Юлийдин бактысы болду.

Бул университетте анын баштапкы жетекчиси жана нускоочусу – даңазалуу археолог, академик Алексей Павлович Окладников (1908–1981) болгон.

Жалпы Шибер, Ички жана Борбордук Азия археологиясы жаатындагы мыкты адис болгон А.П.Окладниковдун таасири астында студент Юлий Худяков кыргыз тарыхын Шибер тарыхы жана археологиясы менен айкалаштырып иликтеген теманы тандаган.

Студенттик илимий жыйындарда да Юлий Худяков орто кылымдардагы кыргыз археологиясына байланыштуу илимий баяндамалар жасап турган.

Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972.
Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972. Үй-бүлөлүк архивден.

Ошентип Юлий Худяков студент кезинде эле өзүнүн өмүрдүк темасына – Борбордук жана Ички Азиядагы көчмөн элдердин аскердик курал-жарактарын археологиялык материалдардын негизинде иликтөөгө жана, асыресе, дал ушул тармакка түздөн-түз байланыштуу болгон Энесай кыргыздарынын тарыхын изилдөөгө киришкен.

Академик А.П. Окладников менен анын шакирти, азыркы тапта Орусия ИАсынын академиги болуп шайлаган археолог, профессор Анатолий Пантелеевич Деревянко (1943-жылы туулган) илимий жетекчи катары Юлий Худяковго ырааттуу колдоо көрсөтүшкөн.

1971-жылы студент Юлий Худяков Ленинградга жасаган сапары маалында көчмөн таануучу жана хазар таануучу Михаил Илларионович Артамонов (1898–1972) жана түрк таануучу Лев Николаевич Гумилёв (1912–1992) сыяктуу аалымдар менен таанышкан. (Айтмакчы, М.И.Артамонов Эрмитаждын деректири кезинде, 1956-жылы, ГУЛагдан Ленинградга кайтып келген Л.Н.Гумилёвду кызматка алып, батылдык кылгандыгы маалым).

Юлий студент кезинде маскөөлүк профессор Леонид Романович Кызласов (1924–2007) менен да таанышкан. Юлий профессор Л.Кызласовдун “кыргыз археологиясы темасынан баш тарткын” деген сунушун четке каккан.

1974-жылы Юлий Худяков Новосибирск университетинин Тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Ошол эле жылы күзүндө ал Орусия Илимдер академиясынын Шибер бөлүмүнүн Тарых, филология жана философия институтуна археология адистиги боюнча максаттуу аспирантурага тапшырып, изилдөө үчүн тема катары кыргыз археологиясынын көйгөйлөрүн тандаган.

Ошол эле 1974-жылы жылы ал Ольга Владимировна Коршунова (16.02.1952 – 02.11.2021) деген маскөөлүк тарыхчы айымга үйлөндү (жубайы Худякова деген тегатты алган).

Өлкө борборундагы айтылуу Тарыхый архив таануу институтун бүтүргөн Ольга жубайынын айлап талаа кезип, археологиялык экспедициялар менен алпурушкан "жарым көчмөн" турмушун кадырлап баалай билген зайып болуп чыкты.

Жубайлар Алиса (1974), Лиза (1982) деген эки кыздуу жана Теодор (1994) деген уулдуу болушту.

Юлий Сергеевич, Ольга Владимировна жана Алиса Худяковдор.
Юлий Сергеевич, Ольга Владимировна жана Алиса Худяковдор. Үй-бүлөлүк архивден.

Дың бузган олуттуу эмгек

Новосибирск шаарында аспирантурадагы ишин өз мөөнөтүндө аяктап, Юлий Сергеевич 1977-жылы Орусия Илимдер академиясынын Шибер бөлүмүнүн Тарых, филология жана философия институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Бул оригиналдуу диссертациялык эмгек 1980-жылы Новосибирск шаарында "Илим" басмасынын Шибер бөлүмү тарабынан 12 басма табак көлөмүндө жарык көрдү.

Китеп "Энесай кыргыздарынын VI–XII кк. курал-жарактары" ("Вооружение енисейских кыргызов VI–XII вв.") деп аталып, дароо эле Шибер археологиясы жана кыргыз таануу жаатында иликтөө ишин жүргүзгөн илимпоздор арасында жандуу талкуу жаратты.

Айтмакчы, Ю.С.Худяков “кыргыз” деген терминди колдонуп жаткан кезеңде, кыргызстандык далай илимпоздор өздөрүнүн орус тилиндеги эмгектеринде этнонимдин “киргиз” деген түрүн колдонуп жүрүшчү.

Бул китепте Ю.С.Худяков кыргыз тарыхы жана кыргыз археологиясы жаатындагы буга чейинки эмгектерге дурус сыпаттама берет. Жаш тарыхчы жана археолог Ю.Худяков академик В.В.Бартольд 1927-жылы жарыялаган кыргыздар тууралуу монографиянын кыргыз тарыхы жаатындагы көөнөргүс ордун өзгөчө баса белгилеген.

Тасма. Юлий Худяков: Ысык-Көлдө жашамакмын. 23.09.2017.

Ю.С.Худяков Кыргыз кагандыгынын тарыхынын 840–925-жылдарды камтыган эң даңазалуу аскердик-саясий ийгиликтеринин доору академик В.В.Бартольд тарабынан акыйкат түрдө "Улуу Кыргыз дөөлөтү" ("Кыргызское великодержавие") деп аталган, деп баса көрсөтөт.

Юлий Худяков кыргыздын туңгуч араб таануучусу Өмүркул Кара уулу Караевдин (1930–2002) 1968-жылы орусча жарык көргөн "Кыргыздар жана Кыргызстан тууралууу VI–XII кылымдардагы араб жана фарсы булактары" деген эмгегин жана башка олуттуу макалаларын да калыс колдонгон.

Тарыхчы Юлий Худяковдун бул алгачкы монографиясы энесайлык кыргыздардын археологиясына жана тарыхнаамасына арналган өз доорундагы ар тараптуу, жаңычыл иликтөө болуп калды.

Маселен, Ю.С.Худяков кытай жылнаамаларынын орусчага которулган тексттери менен Шибердеги археологиялык мол маалыматтарды Энесай өрөөнүндөгү аска сүрөттөрүнө салыштырып, оор жана жеңил куралданган кыргыз атчан аскерлеринин ар кыл доорлорго таандык сүрөттөмөсүн калыбына келтирип (реконструкциялап) сунуш кылат. Мындай орто кылымдардагы кыргыз курал-жарактарын калыбына келтирүү иштерин ал кийин да уланткан.

Кыргыз тарыхын камтыган баалуу эмгектер

Юлий Худяков Евразиянын чыгышынын жана Шибердин археологиясын гана изилдеп чектелбестен, түздөн-түз кыргыз тарыхы жаатында бир нече илимий монография жана бир нече жүздөгөн илимий макала жарыялаган. (Анын жалпы илимий эмгектеринин саны миңден ашат).

Демек, кыргыз тарыхы жана кыргыз таануу Юлий Худяков үчүн жөн гана “тийди-качты” тема эмес, өз кеңири иликтөөлөрүнүн чордонун ээлеген илимий багыт болгон.

Азия-Чехия соода палатасынын мүчөсү Эрлан Сапарбаев профессор Ю.С.Худяковдун жаңы китеби менен. 27.12.2017.
Азия-Чехия соода палатасынын мүчөсү Эрлан Сапарбаев профессор Ю.С.Худяковдун кыргыз жортуулдарына арналган жаңы китеби менен. 27.12.2017.

Ю.С.Худяковдун кыргыз тарыхына байланыштуу көптөгөн өңүттөр камтылган айрым китептеринин тизмеси:

Худяков, Ю.С. Военное дело кыргызов Центральной Азии (IX – XVIII вв.) / Отв. ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: “Турар”, 2017. – 280 стр., илл., карты.

Худяков Ю.С. Вооружение енисейских кыргызов VI—XII вв. / Отв. ред. В.Е.Медведев. — Новосибирск: Изд-во "Наука”, Сибирское отд., 1980. — 176 с., илл.

Худяков Ю.С. Вооружение средневековых кочевников Южной Сибири и Центральной Азии / Отв. ред. Виталий Егорович Медведев. – Новосибирск: Наука. Сибирское отд., 1986. – 272 с.

Худяков Ю.С. Вооружение центрально-азиатских кочевников в эпоху раннего и развитого средневековья / Отв. ред. В.Е.Медведев. – Новосибирск: Наука. Сибирское отд., 1991. – 192 с.

Худяков Ю.С. Древние тюрки и енисейские кыргызы в войнах в Центральной Азии. – Спб.: Евразия, 2019. – 317 с.

Худяков Ю.С. Древние тюрки на Енисее / Отв. ред. В.И.Молодин. – Новосибирск: Институт археологии и этнографии СО РАН, 2004. – 152 с.

Худяков, Ю.С. Кыргызы в боях и походах. – Прага: Азиатско-Чешская торговая палата, 2017. – 150 с., илл.

Худяков Ю.С. Кыргызы на Енисее: Учебное пособие. – Новосибирск: Изд-во Новосиб. ГУ, 1986. – 80 с.

Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии / Отв. ред. Т.К.Чоротегин. – 2-е, доп. – Бишкек: Камекс-Детай; Фонд «Сорос-Кыргызстан», 1995. – 232 с.

Худяков Ю.С. Кыргызы на Табате / Отв. ред. В.Е.Медведев. – Новосибирск: Наука. Сибирское отделение, 1982. – 239 с., илл.

Худяков Ю.С. Сабля Багыра: Вооружение и военное искусство средневековых кыргызов. – СПб.: Петербургское Востоковедение; М.: Филоматис, 2003. – 192 с. – (Militaria Antiqua, I).

Худяков Ю.С. Энесай кыргыздарынын тарыхы: Кыскача баян / Жооптуу ред. Ө.Алымкожоев. – Бишкек: КУУнун "Университет" басмаканасы, 2013. – 204 б., карта, сүрөт.

Профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.
Оңдон солго: профессорлор Юлий Худяков менен Виктор Бутанаев. Бишкек шаары. 18.4.2017.

Анын калемдешип жазылган китеби да кыргыз тарыхнаамасы үчүн олуттуу мааниге ээ.

Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. – Абакан, ХГУ им. Н.Ф. Катанова, 2000. – 272 с. (Рец.: А.Н.Гладышевский, В.И.Молодин).

Кыргыздын “жылдызга кол сермеген сааты”

Юлий Худяковдун экинчи монографиясы 1982-жылы Новосибирск шаарында "Табат өрөөнүндөгү кыргыздар" ("Кыргызы на Табате") деген ат менен 13 басма табак көлөмүндө жарыяланган.

Дал ушул китебинде Ю.С.Худяков IX кылымдын ортосундагы – X кылымдын башындагы Улуу Кыргыз кагандыгынын мезгилин жалпы эле “кыргыз тарыхынын жылдызга кол сермеген сааты” (“звездный час”) катары эң жогору баалаган (62–63 бет).

IX–X кк. окуялар, бул кыргыз таануучу жана археолог адистин пикирине караганда, бүтүндөй Ички Азиядагы этностук тарыхтын салттык багытын өзгөртүп салды, уйгурларды кеңири аймакка чачыратты, кимак-кыпчак бирикмесинин ич ара ынтымагына жагымдуу шарт түздү, кыргыздардын топторуна Теңир-Тоо тарапка көчүүгө жол ачып берди. Бул доор, ошондой эле, Ички Азиядагы моңгол тилдүү көчмөндөрдүн Евразиянын кеңири мейкиндигине чыгуусунун босоголук доору (“прелюдия”) болуп калды.

Бул алгачкы эки монографиянын Кыргызстандын тарыхнаамасы үчүн дагы бир өзгөчө ролу бар. “Учурунда айтылбаса, сөз атасы өлөт” дегендей, бул эки китеп 1980-жылдардын башында расмий тарых китептери Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык багыты боюнча бурмаланып жазылып жаткан маалга туш болду.

Кыргызстан Компартиясынын идеолог лидерлери “Кытайдын маочул жетекчилигинин үстөмдүгүнө (гегемониясына” каршы туруу” деген идеологиялык дымакка таянып, “Энесай Кыргыздарынын тарыхы – Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхына тийешеси жок тарых” деген жобону колдоп турушкан. Чын-чынында, ал кездеги маочулар Шибер, Алтай жана Монголия түгүл, тээ Каспий (Хазар) деңизине чейинки аймак да бир кездери Кытайга таандык болгон, деген бурмалаган жобону карманышкан.

Демек, жалпы чыгыш Евразияны алып караганда, Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин кыргыздардын Энесайдагы жана Теңир-Тоодогу этностук мейкиндиктерин ар башка чөлкөмдөргө жиктеп түшүндүрүүсү “антимаочул баскынчыл түшүнүктү” четке кагууга таптакыр жеткиликсиз жана илимий жактан мажүрөө аракет болчу.

Ал эми Юлий Худяков жана Өмүркул Караев сыяктуу тарыхчылар Энесай Кыргыз каганаты да эгемен мамлекет болгондугун, андан Улуу Кыргыз каганаты кезинде Теңир-Тоого журт которуп келген кыргыздар деле Кытайдан көз карандысыз болушканын жазышкан.

Өмүркул Караевдин илимий туруму Фрунзе (Бишкек) шаарында жерилип жаткан кезеңде, Юлий Худяковдун алиги эмгектери Ала-Тоодогулар үчүн капысынан күн күркүрөп, чагылган чартылдагандай эле таасир калтырды.

Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык жетекчилиги бул китепке терс мамилесин пленумдук деңгээлде илгиртпей билдирген.

Арийне, Юлий Сергеевичти "кыргыз улутчулу" катары күнөөлөөгө эч мүмкүн эмес эле, кантсе да анын улуту орус эмеспи. Кызматтык жазага кириптер кылууга да Кыргызстан КП БКнын жетекчилигинин колу кыска – Новосибирск Академиялык шаарчасы, кудай жалгап, академиялык эркиндик жаатында Фрунзе түгүл, Маскөөгө карата да өзгөчө эркин турумда болгон.

1984-жылы “Кыргыз ССРинин тарыхы” китебинин орусча чыккан биринчи томунда кыргыз этностук тарыхы бурмаланып жазылып калгандыгына карабастан, Юлий Худяковдун бул эки эмгеги жана Өмүркул Караевдин Карахандар каганатына арналган жана башка монографиялары Бишкектеги расмий коммунисттик көз карашка эч канааттанбаган кыргызстандык илимпоздорго чоң демөөр болду.

Бул эки окумуштуу жана алардын Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев сыяктуу көптөгөн жолдоочулары Энесай Кыргыз каганатынын жана анын Ички Азияны да камтыган өзгөчө баскычы болгон Улуу Кыргыз каганатынын тарыхы кийин чачылган кыргыздардын орток тарыхый барактары экендигин ырааттуу сыпаттап келишти.

Кыргыз таанууну комплекстүү иликтөө чакырыгы

Профессор Юлий Худяков эч качан тигил же бул теманы жеке басар катары энчилеп алгысы келгендерге кирген эмес.

Ал жекече илимпоздорду гана эмес, бүтүндөй илимий жамааттарды да кыргыз таануу көйгөйлөрүн иликтөөгө баш кошууга чакырып келген.

Эсимде, 1988-жылы Бишкекте Бүткүл союздук түркология жыйыны болуп өттү. Ага катышкан Юлий Худяковду кыргыздын чыгаан айдыңдары Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Имел Молдобаев жана башкалар шаттана тосуп алышты.

Ошол тапта Кыргызстан ИАсынын Тарых институтунун деректири болуп жаңы келген профессор (кийин академик) Салмоорбек Табышалиев агай Юлий Худяковду кабыл алды. Куру келбестен, Юлий Худяков Салмоорбек агай менен баарлашуусу маалында кыргыз таануу боюнча комплекстүү изилдөө долбоорун ортого салды.

Көп узабай, Юлий Худяков бул долбоордун өзү тарабынан аткарылчу өңүттөрүн жүзөгө ашырып кирди. Маселен, ал жаш археолог Кубатбек Шакий уулун өзүнө шакирт кылып алды да, 1989-жылы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) Кубат жетектеген алгачкы археологиялык экспедициясына нускоочу катары катышты. Кийин анын туңгуч кыргыз шакирти Кубат тарых илимдеринин кандидаты жана тарых илимдеринин доктору болду.

Кийинчерээк Юлий Худяков кыргызстандык башка да Орозбек Солтобаев, Жазгүл Орозбекова, Күнболот Акматов сыяктуу археолог шакирттерди таптады.

Профессор Юлий Худяков Шибердеги тарыхчы, археолог жана этнограф адистерди даагы кыргыз таануу боюнча темаларга тартып, аларга ар тараптуу колдоо кылып келди.

Чакан блогдо маркум профессор Юлий Худяковдун бүткүл өмүр бою жүзөгө ашырган эмгегинин бир бүртүгү жөнүндө гана сөз кыла алдык.

Ал, академик В.В.Бартольд сыяктуу эле, кыргыз тарыхнаамасын жаркыткан өзүнчө бир доор болуп калды.

Акын Аалы Токомбаев таасын жазгандай, инсан дүйнө салган соң, эл анын эмгегин баалап эскерет эмеспи. Юлий Худяковдун опол тоодой илимий салымдары жана жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG