Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Профессор Өмүркул Караевдин байсалдуу жолу


Профессор Өмүркул Караевдин 85 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындын көрнөгү.
Профессор Өмүркул Караевдин 85 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындын көрнөгү.

Кыргызстандын заманбап тарых илимине залкар салым кошкон чыгыш таануучу, профессор Өмүркул Караевдин 85 жылдыгы Кыргызстанда белгиленүүдө. Тарыхчы Т. Чоротегин өз устаты тууралуу баянын сунуштайт.

Сөз башы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия 2015-жылы кулжа (июн) айынын 19унда өз отурумун өткөрүп, анда тарыхчы Өмүркул Караевдин 85 жылдыгына карата атайын илимий жыйын уюштуруу тууралуу белгиленген. 2015-жылдын тогуздун (октябр) айынын 10унда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ажайыпканасында (музейинде) Өмүркул Караевдин куттуу мааракесине арналган атайын илимий жыйын өткөрүлдү.

Профессор Ө. Караев
Профессор Ө. Караев

Эрки бекем төл башы

Кыргызстандын заманбап тарых илиминин XX кылымдагы пайдубалын түптөгөн даңазалуу окумуштуулардын бири – профессор Өмүркул Караев болчу. Ал – кыргыз элинин ичинен арап тилин алгачкы болуп терең үйрөнүп, орто кылымдардагы арап жана парсы кол жазмаларын кыргыз таануу жана түркология өңүтүндө иликтеген алгачкы чыгаан чыгыш таануучу болуп саналат.

Ошондой эле аны VI – XIII к. башындагы Энесай Кыргыз каганатынын, анын ичинде Улуу Кыргыз каганатынын (840-924) тарыхы, Карахандар мамлекетинин тарыхы (X – XIII к. башы), башка да теңир-тоолук мамлекеттердин (түрк каганаттары, Хайду негиздеген мамлекет, Моголстан, ж.б.) тарыхы, алардын тарыхнаамасы жана булак таануусу боюнча мыкты адис, кыргыздардын этностук теги жана тарыхый журт которуулары жаатындагы эмгектери азыр да илимибизде өз баасын жоготпогон чыгаан аалым катары тааныйбыз.

Эң башкысы – профессор Өмүркул Караев тоталитардык доордо Кремлге бөйпөңдөгөн жергиликтүү коммунисттик бийлик расмий деңгээлде таңуулаган жана илимпоздордун басымдуу көпчүлүгү кийинчерээк четке каккан жоромолго – Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын жерүүгө багытталган жарамсыз түшүнүккө каршы 1960-80-жылдардагы илимий эмгектери менен ырааттуу күрөш жүргүзгөн.

Аны илимдеги каршылаштары “буржуазиялык окумуштуу Н. А. Аристовдун жолун улаган” дегендей идеологиялык чагымчыл “айып тагуу” аркылуу, башкача айтканда, бир гана партиянын үстөмдүгүнө негизделген тоталитардык коомдун жазалоочу усулдарына таянуу менен, илим чөйрөсүнөн оолактатууга далаалат кылышкан, бирок Өмүркул Караев өз пикиринен эч кайткан эмес, тескерисинче, өз илимий пикирин улам тастыктап, улам көптөгөн жаш адистерди илимге чынчыл мамиле жасоо жагынан өз өрнөгү менен тарбиялай берген.

Мунун натыйжасында, 1980-жылдардын этегинен тартып, айтылуу горбачевдук “Кайра куруулар доорунда”, акыбал өзгөрө баштады. Ө. Караевдин пикирин кеңири коомчулук, анын ичинде жаңы муундагы тарыхчылар колдоп чыгышты. Ал эми эгемендик заманында Кыргызстанда Өмүркул Караевдин илимий тыянактарына негизделген диссертациялар арбын жакталып, атажурт тарыхын окутуу боюнча программаларга тийешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы жалпы кыргыз элинин тарыхында анын ажырагыс бөлүгү катары Кыргызстандагы тарыхнаамада өзүнүн ордун кайра калыбына келтирген (1960-жылдардын соңуна чейин Кыргызстанда чыккан расмий академиялык жалпылама китептерде Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы жалпы кыргыз тарыхынын ичинде баяндалгандыгын адилеттик үчүн айта кетелик).

Кыргыз тарых илимине, ошентип, профессор Өмүркул Караев бараандуу жол салган инсан.

Бабалар санжырасынан

Кезегинде, 1990-92-жылдары, ыраматылык Өмүркул Караевден (Өмүркул Кара уулу Жайчыбай небереси) анын өмүр жолун тактап сураган элем. Бул чакан маалымат 1994-жылы анын көөнө түрктөр тарыхы тууралуу дарстыгына жазган “Алгы сөз” деген чакан макаламда да камтылган. (Бул китепчени Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты он миң нуска менен басмадан чыгарып таркаткан болчу).

Ошол маалыматтан да азыноолак кыстарып, Өмүркул Караевдин бабаларынын жана өзүнүн доору тууралуу бир-эки ооз сөз айта кеткибиз келет.

Кыргызстандагы бардык эле уруулардын өкүлдөрүн бир гана Ала-Тоодон эмес, Чыгыш Теңир-Тоодон жана Ферганадан да табууга болот эмеспи. Маселен, айтылуу ойчул жана ырчы Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу) кезегинде Нарындан Фергана аймагына чейин барып, Кокон хандыгынын чордонунда байырлап, Алымбек даткага жаккан ырларды төккөн учурлары болгон.

Жеңижок (Өтө Көкө уулу) Ысык-Көл аймагына чейин келгени маалым. Кайсы бир жылдары демократ акын Токтогул Сатылган уулу Кашкар, Какшаал тарапка чейин барып келгендигин чыгыш теңир-тоолук фолклордук булактар тастыктайт.

Өз заманасынын көрүнүктүү билимкөйү жана ойчулу, жазгыч акыны болгон Байымбет Абдыракман уулу (Тоголок Молдо, 1860-1942) Нарындын Ак-Талаа өрөөнүндөгү Куртка деген жерден Чүйгө чейин ооп келип, бул кайра кайткандыгы жалпыга маалым.

Демек, кыргыз элинин тигил же бул урууларынын өкүлдөрүнүн ички журт которуулары кадыресе эле көрүнүш болгон.

Ошондой эле тагдырдын буйругу менен ак-талаалык саяктардын бири Кара Жайчыбай уулу дагы Ак-Талаадан Сары өзөн Чүйгө келет. Ал сарыбагыштын тынай уругунун чечей уулунун жамааты жердеген Кара-Дөбө аттуу айылдан Бөрүбайдын кызы Айымбүбүгө үйлөнөт. 1930-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 15инде Кара Жайчыбай уулу менен Айымбүбү Бөрүбай кызы Чүйдөгү Токмок шаарынан чыгышта жайгашкан Сайлык айлында байырлап калганда перзенттүү болуп, атын Өмүркул коюшат.

Өмүркул Кара уулу Жайчыбай небереси (Караев) Чүй боорунда орто билим алган. Баштапкы класстарда ал кыргыздын латын арибиндеги жазмасын үйрөнгөн, кийинчерээк кирил жазмасын өздөштүргөн. Анын айрым мугалимдери 1928-жылга чейин арап жазмасын мыкты билген жергиликтүү айдыңдар болгон.

Күлгүн кезең

Өмүркул Кара уулу 1937-46-жылдары өз айылындагы Сайлык жети жылдык мектебинде, андан соң Чүй боорундагы Ак-Бешим орто мектебинде окуган. Ал эми 1946-47-жылдары Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн.

Орто мектептен кийин эмгек жолун мугалимдик кесип менен баштагандыгы – ал кезде экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки каатчылык жылдары орто мектепти аяктагандардын жана мугалимдердин санынын аздыгынан кабар берет. Өмүркул агай Кочкор районундагы Көк-Жар орто мектебинде бир жылдай мугалим болуп иштеген.

Ал 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, тээ 1932-51-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институт) тарых факултетине окууга кирип, аны 1952-жылы тамамдаган.

Өмүркул Караев 1952-58-жылдары Кыргызстандын Жаңы-Ноокат, Өзгөн, Аксуу райондорунда мугалимдик кылып, тарыхтан сабак берген. Демек, Өмүркул Кара уулу дароо эле илим чөйрөсүндө калган эмес; оболу бир нече жыл Ала-Тоонун ар кыл аймактарында агартуу тармагында иштеген. Айрым өзгөндүк тургундардын айтымында, бул райондо иштеп жүрүп, Карахандар доорунан калган Өзгөн шаар чалдыбарын кезип, Өмүркул агай орто кылымдар тарыхын изилдөөнү самап калган көрүнөт. Албетте, Чүйдөгү Бурана жана Ак-Бешим шаар чалдыбарын да окуучулары менен чогуу далай кезген чыгаар.

Чыгыш таануу илимине карай жол чабуу

Кыргызстанды айтылуу Исхак Раззаков жетектеген жылдары жумуриятыбызда кыргыз тилине гана эмес, кыргыз тарых илимине да айрыкча көңүл бурулуп, кыргыздын айдыңдары ата-бабадан калган “Манас” дастанын элдик дастан катары сактоого жетишип, өзгөчө, Сталин өлгөндөн кийинки бир гана инсанга табынууну четке кагып, жаңылануунун анча-мынча жел аргысына эл-жерибиз сергип турган кезең болбодубу.

Дал ошол жылдары Борбордук Азиядагы булак таануу, чыгыш таануу жана археология жаатында жергиликтүү жаш адистерди даярдап чыгуунун мурда болуп көрбөгөндөй жаңы толкуну орун алган. Өзбекстан, Тажикстандагыдай эле, Кыргызстандан да жаш адистер Маскөө, Ленинград шаарларындагы илимий чордондорго аспирантурага кабыл алынышкан.

Кыргызстандан жиберилип, мусулман булактарын иликтөө үчүн адис катары Маскөөдөн даярдыктан өткөн алгачкы кадрлардын бири – Өмүркул Караев болду. Ал 1958-1962-жылдары Маскөөдөгү СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун алдындагы аспирантурада окуп, арап тилин жана булактарын үйрөнүп, таалим алды. Өз алдынча парсы булактарынын айрымдарын сөздүк аркылуу которуу аракетин жасады, татаалдарын которууга башка адистердин көмөгүн сурады.

Ошол тапта СССРде гана эмес, чыгыш таануу жаатында жалпы дүйнө жүзүндө белгилүү болгон арабист Евгений Александрович Беляев (1895-1964) Өмүркул агайдын илимий жетекчиси болду. Бул окумуштуунун орто кылымдардын эрте мезгилиндеги арабдар жана араб халифаты тууралуу даңазалуу эмгеги (Беляев Е.А. Арабы, ислам и арабский халифат в раннее средневековье. — М., 1965) автордун көзү өткөн соң орусча жарык көрүп, төрт жыл өтпөй англисчеге которулган.

Албетте, илимий жетекчисинин тегаты уйкаш болгон дагы бир чыгаан советтик чыгыш таануучу Виктор Иванович Беляевдин (1902-1976) эмгектерин да Ө. Караев кылдат иликтеген жана дарстарында пайдаланган.

Бабажан Гафуровдун батасы

Ошол жылдары СССР Илимдер академиясынын Маскөөдө жайгашкан Чыгыш таануу институтун теги тажик окумуштуу Бабажан Гафуров (1908-1977) жетектеп турган. Ал бир кезде “Тажикстан кудайсызы” («Бехудоёни Тоҷикистон») гезитинин редактору болгон, ал эми 1946-56-жж. Тажикстан Компартиясынын Биринчи катчысы болгон.

Ө. Караев менен чогуу Маскөөдө окуган тилчи окумуштуу, маркум Сагалы Сыдыковдун эскерүүсүнөн бир шиңгил:

“1960-жылдын май айы болсо керек. Институттун аспирантура бөлүмүнүн башчысы бизге Орто Азиядан келген аспиранттарды Бабажан Гафурович кабыл ала тургандыгын кабарлады. Белгиленген күнү Бабажан Гафурович баарыбызды кабыл алды. Көрсө биздин ал-жайыбыз жөнүндө билгиси келиптир.

- Окууда кандай кыйынчылыктар бар? Илимий жетекчилериңер менен кандай иштешип жатасыңар, институтка кандай талабыңар бар? – деп бизге бир топ тике суроо берип, - Орто Азиянын кулундары өтө ыйбаа, ызаатчыл эмессиңерби, тартынбай айткыла, – деп, аталык мээрим менен бизге кайрылды.

Залкар адамдын ушунчалык жөнөкөй мамиле, камкордугуна биз ыраазычылыгыбызды билдирүүгө араң жарадык көрүнөт”, - деп жазган эле Сагалы агай.

Ошентип, кыргыздын туңгуч чыгыш таануучулары жана байыркы түрк жазма маданиятын иликтеген адистери академик Б.Гафуровдун батасын алган.

Кыргыз таануу жана булак таануу жаатындагы кандидаттык иш

1963-жылы Ө. Караев Маскөөдө «IX-XII кылымдардагы араб жана парсы булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду (ал өзүнчө китеп болуп 1968-ж. Бишкекте “Илим” басмасында жарыяланды).

Бул китеп кыргыз чыгыш таануу илимий тармагындагы арап жана парсы жазма булактарын изилдөөгө алган алгачкы илимий монография болуп калды.

Жогоруда учкай белгилегенибиздей, 1970-80-жылдардын башында Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык жетекчилери жана Кыргыз ССР Илимдер академиясын жана андагы Тарых институтун жетектеген конъюнктурачы тарых «лөктөрү» Энесай кыргыздарынын тарыхын “чоочун тарых” катары “жерип” жаткан чакта, жазуучу жана публицист, академик Түгөлбай Сыдыкбеков, археолог Юлий Сергеевич Худяков (Новосибирск), этнографтар Виктор (Астайбег) Бутанаев (Абакан), Имел Бакиевич Молдобаев (Бишкек), тарыхчы Анвар Байтур (Үрүмчү, Бээжин) сыяктуу эле, Өмүркул Кара уулу да теңир-тоолук жана эне-сайлык кыргыздардын тарыхый тамыры бир экендигин айгинелеген эмгектерин ырааттуу жарыялай берди.

Карахандар тууралуу туңгуч доктордук иш

1983-жылы Өмүркул Кара уулу жарыялаган «Карахандар каганатынын тарыхы: (X - XIII к. башы)» деген китеп X - XIII кк. башындагы “ислам дүйнөсүнүн” эң чыгышында жайгашкан теңир-тоолук түрктөрдүн алгачкы мусулмандык каганатынын тарыхын ар тараптуу иликтөөгө арналган Кыргызстандагы туңгуч монографиялык эмгек болду. (Буга чейин жумуриятыбызда жана жалпы СССРде Карахандар тарыхы тууралуу илимий макалалар жана жалпылама китептердеги айрым баптар гана жазылып келген).

Карахандар каганатынын аймагында теңир-тоолук кыргыз уруулары да байырлагандыгы тууралуу Өмүркул Караевдин илимий жобосун мурдагы бийликтин «акырынан жем жеген» расмий тарыхнаамачылар көрмөксөнгө салууга аракеттеништи же ачыктан-ачык четке кагып жатышты.

Өмүркул Кара уулу бул илимий монографиянын негизинде жазылган доктордук диссертациясын 1984-жылы Ташкендеги Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда ийгиликтүү коргоду.

Мен 1983-88-жылдары Ташкендеги жогоруда аталган Чыгыш таануу институтунда оболу илимий стажировкада (1983-85), андан соң жумурияттар аралык күндүзгү аспирантурада (1985-88) окуп калдым. Илимий жетекчим – өзбекстандык чыгаан чыгыш таануучу, парсы тарыхый булактары боюнча ири адис, тарыхчы профессор (кийинчерээк академик) Бөрүбай Ахмедов болчу.

Ошол жылдары расмий концепцияга коошпогон диссертацияны Кыргызстанда коргоо Өмүркул Караев үчүн мүмкүн эмес болду (эгерде жагымдуу жагдай болсо жана “пейилдеринде кененчилик” кылышса, анда Бишкектеги диссертациялык кеңешке деле кошумча адистерди киргизип, кошумча илимий шифр менен Бишкекте деле Өмүркул агайга диссертациясын жактоого мүмкүндүк түзүүгө болмок, бирок Өмүркул Караевдин ишин андай жол менен жактатууга жергиликтүү “лөктөр” баргысы келбеди).

Карахандар каганаты тарыхын орток түрк тарыхы катары караган жана Карахандар сулалеси (династиясы) ал кезде башка динди туткан уйгурлардан эмес, теңир-тоолук көчмөн чигилдерден чыккан деген жобону илимге сунуштаган Өмүркул Караевдин илимий эмгегине кастарын тиккен бир топ бар болсо, “биз жактай электе диссертация жактап алса, анда өзүбүзгө бөгөт пайда болот” деген тар түшүнүккө жетеленген айрым тыйын изилдөөчүлөр башка бир топ болуп, Ө.Караевдин доктордук диссертациясына жана монографиясына каршы чабуул башташты.

Ал кезде Бишкектен улам-улам Ташкенге каттаган Өмүркул агай аспиранттар жатаканасындагы менин илимий стажёр катары алган бөлмөмдө бош керебетте жатып калаар эле. Агай келээрин алдын-ала билип, Ташкендин айланасынан келип жатаканада жашаган өзбекстандык аспирант достон сурансам, ал бир нече күнгө өз ордун бошотуп берээр эле.

Ошондо мен агайдын ушунчалык карапайым киши экенин, чыныгы окумуштуу катары мүнөзүн үйрөндүм. Ал өзүнө абдан тыкан болчу, башкаларга жүк болбоого аракеттенчү. Анын келишин күтүп, даярдаган тамагыбыздан бир аз гана ооз тийип, дароо китепканасына же башка жолугушууларына жөнөөр эле.

Тилекке жараша, советтик чыгыш таануучулардын арасынан Өмүркул Караевдин доктордук диссертациялык эмгегин калыс баалагандар да арбын болуп чыкты. Алардын арасында көрүнүктүүлөрү – ташкендик профессор Бөрүбай Ахмедов, маскөөлүк чыгыш таануучу, Карахандар доорундагы жана башка борбордук азиялык мамлекеттердеги тыйындарды иликтөөдөгү эң бараандуу адис (нумизмат), профессор Елена Абрамовна Давидович болчу. Жылуу пикири менен диссертацияны колдоого алгандардын арасында ленинграддык (петербургдук) түрколог Сергей Григорьевич Кляшторный, алматылык арабист Булат Ешмухамбетович Кумеков, бишкектик тарыхчы Мидил Бегимаалы уулу Жамгырчинов да болушту.

Өмүркул агай акыйкаттыкты, адамгерчиликти бийик койгон нагыз илимпоз болчу. Бир жолу ага Ленинград, Маскөөдөн бери кайрылышып, агайдын диссертациясына куру бекер доомат кылып, асылган кишилердин бири өзүнүн доктордук диссертациясын Сибирдин бир шаарында жактаган жатканын айтып, керек болсо терс пикир жазып, “өчүн алышы” мүмкүн экендигине ишаара кылышат. “Жок, жактай берсин! Мен ага каршы эч пикир жазбайм,” – деп, Өмүркул агай илимде ар кыл көз караштар болушу керек, кайчы пикирдеги инсанга диссертациясын жактатпай коюу жарабайт, деген турумун тастыктайт.

Булак таануу менен илимий насаатчылыкты айкалыштыруу

Өмүркул Кара уулу Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки жана андан кийинки кыргыздын араб, латын, орус графикасындагы кол жазмаларын иликтөө үчүн 1988-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында ачылган атайын Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүн бир кыйла жылдар жетектеди. Андан кийин Академиянын тарых институтунда бөлүм башчы болуп иштеп келди.

1989-жылы кулжа (июн) айынын 3үндө кыргызстандык жаш тарыхчы илимпоздор жана агартуучулар өздөрүнүн “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” (КЖТЖ) деген туңгуч бейөкмөт коомдук бирикмесин негиздешкен. Бул илимпоздук жамааттын мүчөлөрүнө да профессор Өмүркул Караев ырааттуу насаатчы болгон (азыркы тапта бул уюм “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси катары өз ишмердигин улантып келет. 1995-2011-жылдары бул уюм “Кыргызстан Тарыхчылар Коому” катары таанымал болгон). Ал КЖТЖнын этногенез ж.б. тууралуу илимий талкууларына катышып, жаштар, студентер менен коомдук жолугушууларда чыгып сүйлөгөн.

Мен 1992-жылдан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасын жетектеп калган чагымда, профессор Өмүркул Караевди жана синолог Галина Павловна Супруненкону чыгыш булак таануусу ж.б. темаларда атайын дарс окууга кафедрабызга чакырдым. Өмүркул агай кафедрабызда 1992-жылы «Түрк элдеринин тарыхы» деген жаңы сабак боюнча дарстарды окуй баштаган.

Совет доорунда түрк элдеринин тарыхын өзгөчө бөлүп окутуу аракети “пантүркизм” жаатындагы айыптоого жана цензурачыл бөгөттөргө дуушар болмок. Эгемендик доордогу көп партиялуулуктун жана расмий цензуранын жоюлушунун шарапаты менен Өмүркул Караевдин жана анын шакирттеринин чыгармачылык иштери үчүн кеңири мейкиндик жаратылгандыгын дал ушул дарстын мисалында эле көрсө болот.

Өмүркул агайды колубуздан келишинче бапестеп сыйлаганга далаалат кылчубуз. Эгемендик доордогу өзгөчө маанилүү илимий жыйындар агайсыз өтчү эмес. Анын илимий жоболору биз эгемендик доорунда жарыялаган бардык окуу китептерде негизги жобо катары кабыл алынып келет.

Анатолияга сапар

1994-жылы аяк оона (сентябр) айында Түркиядагы Түрк Тарых Коому (Türk Tarih Kurumu) мага кайрылып, Кыргызстандан он тарыхчыны жетектеп келүүмдү өтүндү. Ошондо мен беш аксакал тарыхчыны, беш жаш тарыхчыны киргизип, бирдиктүү топ болуп, түрк элдеринин тарыхына арналган эл аралык жыйынга бардык. Өмүркул Караев агай да биз менен чогуу болду. Стамбулда, андан кийин Анкарада чогуу жүрдүк. Кызыктуу маселелер боюнча ээн-эркин баарлаштык.

Түркиядагы сапарыбыз учурунда арабызда Өмүркул Караевдин алгачкы аспиранты Муратбек Кожобеков да болду (ал 1997-жылы Кыргыз Республикасынын УИАсында «Орто кылымдагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын өнүгүү баскычтары» деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Жетекчиси Ө. Караев чечекейи чеч болуп кубанган).

Бул илимий сапар абдан эсте каларлык болду. Өтө тамашалуу окуялар да орун алып жатты. Өмүркул Караев агайдын өзүнө гана таандык жумшак юмору бар эле. Мында да анын башынан өткөргөн тамашалуу окуялар арбын айтылып жатты. Кетээр маалыбызда конок ээлери абдан көп жана салмагы оор китептерди тартуулашты. Учакка болсо 20 же 25 кило жүк гана акысыз алышыбыз керек. Өмүркул агай дароо эле чоң китептерди барактап, тийешелүү макалаларын гана айрып ала баштаган экен.

- Агай, бирөө көрсө эмне болот? – деп шакирти Муратбек чочуп кетип сураган экен.

- Керек болсо китептердин апторлору келсин, мага мынчалык оор жүк көтөргөнгө болбойт, - деп сакадай бою сары алтын агай бир күлдүргөнүн Мурат кеп кылган эле.

Шакирттерге камкордук

Өмүркул Караев агай өзүнүн өмүрү өткөнчө жаш адистерге баалуу кеп-кеңешин эч аябаган, шакирттерге ар дайым астейдил көмөк көрсөткөн.

Ал азыркы тапта аты белгилүү болуп калган Муратбек Кожобеков, Темиркул Асанов, Рыскул Жолдошов, Гүлжамал Эсеналиева сыяктуу нечендеген илимпоздорго илимий жетекчи жана нускоочу катары насаат айтып жүрдү. Гүлжамал Эсеналиева кийинчерээк Өмүркул агайдын кыргыз тарых илимине кошкон салымы жаатындагы теманы атайын иликтеп, кандидаттык диссертациясын коргоду.

Ө. Караев агайдын жетекчилиги астында дипломдук иш жактагандардын бир далайы бара-бара ар кыл олуттуу темалар боюнча монографиялар жана диссертациялар жазып, агайдын жолун жолдоп, илим чөйрөсүндө кызмат кылып калышты. Алардын бири, учурда КУУда кафедра башчысы, доцент Жамыйкат Омурованын баянын угуп калдым. Ал дипломдук иш жазуу жаатында кеңешин угайын деп жетекчиси Өмүркул агайды издеп, Илимдер академиясындагы Тарых институтуна барса, агайдын китепканага кеткенин айтышат. Дипломдук иш жазып жаткан Жамыйкат айым төмөнкү кабаттагы китепканага түшсө, агай ал үчүн керектүү абдан көп китептерди топтоп алып, эчак эле аны күтүп отурган экен.

Ал эми агайдын шакирттеринин бири Темиркул Асанов жаш илимпоздордун убактысын бекер коротуусун Өмүркул Караев эч жактыра бербегендигин мындайча эскерген:

“...Бош убактыларында агайдын тели-теңтуштары кабинеттеринде шахмат ойноп, кызуу сөзгө кирип кетишээр эле. Өмүркул агай эч убакта аларга басып барчу эмес. Эгер жаш кызматкерлердин арасынан ага азгырылгандар болсо, акырын гана чакырып алып: "Балдар, өз ишиңер менен алектенгиле, андан пайда жок", - деп койчу. Ошондуктан биз агайдын сөзүн туура кабыл алып ал киши менен маңдай-тескей олтуруп иштештик”.

Өмүркул Караев агай бир катар диссертацияларга илимий жетекчи катары гана эмес, расмий сын пикир ээси (оппонент) катары да өз баасын берип, колдоо көрсөткөн. Ушул саптардын ээсине жана анын шакирттерине да диссертациялык иштерине расмий пикир ээси катары ак батасын бергени эч эстен кетпейт.

Эл аралык бедели бар аалым

Анын кадыр-баркы Евразиядагы окумуштууларга мыкты маалым болчу. Анын бир макаласынын таржымакалын өзгөчө айта кетейин. Маскөөлүк профессор Леонид Кызласов “кыргыз” этнониминин кытайча (ханзуча) айрым түрлөрүн бурмалап, “тээ илгертеден эле хакас эли болгон” деген жоромолун илимге таңуулап жаткан чакта, тарыхчы Ө. Караев жазган далилдүү макала (Караев O.K. К вопросу о терминах кыргыз и хакас // Народы Азии и Африки. — 1970. — № 4. - Б. 255-259.) жарык көрдү. Л.Р.Кызласовдун бурмалоолорун тарыхый булактарга таянуу менен ашкерелеген бул чакан макала ошол доордо оозуна суу ууртагандай унчукпай жаткан кыргызстандык тарыхчылардын ар-намысын сактап калгандай эле болгон. Өмүркул агайдын бул эмгегине Ю. С. Худяков, В. Я. Бутанаев, М. Ч. Кожобеков, жана башка нечендеген окумуштуулар “кызласовдук бурмалоолорго” каршы эң татыктуу макала катары байма-бай шилтеме кылышты жана азыр да шилтеме кылып келишет.

Мен кийинчерээк Түркияга жана Европага бир нече ирет каттап калдым. АКШдан Украинага кайтып келип иштеп калган ар тараптуу окумуштуу, Карахандар каганаты жана Махмуд Кашгари Барскани тууралуу мыкты эмгектер жараткан Омелйан Прицак (Omeljan Pritsak), Карахандар тарыхы боюнча ири адистер Решат Генч (Reşat Genç), Эсенбийке Тоган, петербургдук түрколог Лилия Юсуфжановна Тугушева, арабист Анас Бакиевич Халидов, казандык татар чыгыш таануучусу Миркасым Усманов, азербайжандык чыгыш таануучу Зия Муса оглы Буниятов, ж.б. менен да жолугуштум. Алар да Өмүркул Караев тууралуу өзгөчө жылуу сөздөрүн айтышкан эле.

Өкүт дегенге алдырбоо керекпи?

Албетте, турмушта өкүт деген нерсе дагы эле бар. Ал тууралуу азыр айтпасак, качан сөз кыла алабыз?

Кыргыздын чыгаан уулу, тунгуч чыгыш таануучу, тайманбаган кыргыз таануучу профессор, тарых илимдеринин доктору Өмүркул Караевге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги наамын кой, мүчө-кабарчы наамы да буйрубай калгандыгы ойлондурбай койбойт.

Өмүркул Караев эч качан тымызын иш жүргүзүп, өзүнө киши тартчу эмес, бийлик бутактарынан өзүнө колдоо издечү эмес. Анын шакирттери далай ирет жазгандай, башканы койсок да, “хрущёвдук доордогу” батирин жакшы батирге айландыруу үчүн кымындай да аракет кылып койгон эмес. Бир жолу, эгемендик доорунда, “сиз бул тууралуу бишкектик бийликтерге арыз жазып кайрылып көрбөйсүзбү?” деп сурап калсам: “Ушул батирим эле өзүмө жетет” деп жооп кайтарганы эсте.

Жогорудагы өкүт – салыштырмалуу нерсе. Агай, тээ илгерки замандардагы сопу ойчулдар сыяктуу, топуктуулуктун да өрнөгү болгон залкар инсан эле.

Маркум Ө.Караевге багышталган эстелик. Көк-Жар айылынын көрүстөнү. Аламүдүн району.
Маркум Ө.Караевге багышталган эстелик. Көк-Жар айылынын көрүстөнү. Аламүдүн району.

Нечендеген окумуштуулар академик наамын албастан тарыхта калды. Тарыхчылардын улуу муунунан Осмонаалы Сыдык уулу, Белек Солтонкелди уулу Солтоноев, андан кийинки муунунан Кушбек Үсөнбаев сыяктуу окумуштуулар бийликтин же цензуранын запкысын тарткан учурлар эсте. Ала-Тообузда Дмитрий Винник, Михаил Москалёв сыяктуу аалымдар кандидаттык иш да коргошкон жок, бирок илимге опол тоодой кызмат кылышты. Ошондуктан, илимпоздук эмгекти анын ээсинин расмий наамына эмес, элден алган баасына карап таразалаган чакта, Өмүркул Караев өз өмүрү үчүн эч өкүнбөй тургандай жашап өттү десек болот.

Илимпоз доор баркын билет

Мына, азыркы эгемендик доорунда Өмүркул Караев агайдын көктөн көксөгөнү жерден эле табылды: 1995-жылы “Манас” дастанынын шарттуу миң жылдыгы, 2002-жылы “кыргыз” аталышынын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы өткөрүлдү. Бул илимий-маданий иш-чаралар маалында Ө. Караев жана анын көөнөргүс эмгектери тууралуу жылуу сөздөр айтылып жатты.

2012-жылы күзүндө Бишкек шаарында Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: Кыргыз таануу маселелери» аттуу эл аралык илимий жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин колдоосу астында өттү.

Андан бери жыл сайын Кыргыз каганаты жана Карахандар мамлекети, көөнө кыргыз маданияты, археологиясы жана этнографиясы тууралуу эл аралык илимий жыйындар Кыргызстанда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Азыркы тапта кыргыз таануу илими өлкөбүздө ар кыл тармактарда жана илимий чордондордо кеңири канат жайып өнүгүп жаткан кез.

Андан тышкары, залкар ойчул, даанышман, акын жана насаатчы Жусуп Баласагындын миң жылдык мааракесине байланыштуу илимий-маданий иш-чаралар 2015-жылдан тартып Кыргызстанда гана эмес, башка эл аралык чөйрөлөрдө да чет-четинен өткөрүлүүдө.

Өмүркул Караев терең иликтеген Карахандар каганатынын бул улуу жылдызынын – Жусуп Баласагын бабабыздын мааракесинин Кыргызстандын Президентинин атайын жардыгына ылайык өз атажуртунда 2015-16-жылдары расмий белгиленип жатышы - ыраматылык Өмүркул Караев агайыбызга жана анын мурасына урмат-сый ого бетер артып жаткандыгын кыйыр айгинелейт.

Учугу уланып жаткан ата жана устат

Өмүркул агайыбыз жубайы Кымбат эже экөө Динара аттуу татынакай кыздуу болуп, аны өтө мээримдүү, мээнеткеч кылып тарбиялашты. Күйөө баласы Шайлообек Эшпай уулу Курманалиев менен кызы Динара эки уулдуу (Медер, Эржан) жана кыздуу (Гүлайым) болушту. Өмүркул агай өзү да неберелерин жыттап, эркелетип калды. Өмүр бою педагог катары кызмат кылып, ардагерликке чыккан Кымбат эже азыркы тапта да жээн неберелеринин жакшылыгын көрүп, сый-урматка бөлөнүүдө.

Кыргызстанда “Караевдин илимий мектеби” жашап жатат. Сиздин мектебиңиз дагы эле шакирттериңиздин чыгармачылыгы аркылуу илимге кызмат кылууда.

Өмүрүңүз өтсө дагы, илимий эмгегиңиз, жаркын элесиңиз түбөлүккө калды, урматтуу Өмүркул Кара уулу агай!

XS
SM
MD
LG