Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Ядроволук өспүрүм: "11 жашымда өлгүм келбейт"


Волоколамск районундагы "Ядрово" таштанды талаасы, 9.03.2018
Волоколамск районундагы "Ядрово" таштанды талаасы, 9.03.2018

Жекшембиде Орусиянын борбору Москванын сыртындагы Волоколамск шаарында жүздөгөн киши нааразылык иш-чарасына чогулду. Бир айдан бери жергиликтүү эл “Ядрово” деп аталган таштанды талаасын жаптыра албай, бийлик менен тирешип келатат.

Жекшембиде (1-апрелде) Орусиянын борбор шаарынын чет жакасындагы Волоколамск шаарында коомчулук өткөргөн нааразылык жыйынына, алты миңдей киши чыккан. Шаардыктар уулуу газ чыгып жаткан таштанды талаасын жабууну бийликтен талап кылышууда.

Нааразылык жыйыны маалында ачык турган микрофонго шаар башчы Петр Лазарев, тургундар жана балдар келип сүйлөштү. Айрыкча 11 жаштагы өспүрүмдүн: "эгер “Ядрово” полигонун жаппаса, бул жер Чернобылга айланат”, - деген сөзү уккандарды селт эттирди.

“Эмне үчүн "Ядрово" таштандысын жабышпайт? Эмне үчун Путин келип биз дем алган абадан дем албайт? Мен 11 жашымда өлгүм келбейт”.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин дарегине кайрылган плакаттар жекшемби күнкү митингде алыстан көрүнүп турду. Шаардыктар Волоколамск Кремлин Путинге кайрылуу жазылган баннер менен курчап салышкан.

«Путин, жардам бер!» деген плакатты көтөргөн кыз: “президент өзү кийлигишмейинче эч нерсе чечилбейт”, - деп айтып, акыркы үмүтү Москвада калганын баса белгиледи.

“1941-жылы Москвага душманды киргизбей тосуп калган айтылуу Волоколамск жергеси эми өзү коргоого муктаж” деген жергиликтүү тургундун бийликтен үмүтү үзүлгөнү бул сөздөрүнөн айгинеленет:

“Эми кайда барабыз, үй-жайды сата албайсың, эч ким албайт. Көптөр эбак эле башка жактарга көчүп кетишкен", - деди ал аргасы түгөндөнгөй.

Шаардыктар быйыл февраль айынын этегинде акыр-чикир тоодой үйүлгөн полигондон уулуу газ бөлүнө баштагандан бери нааразылык иш-чараларга чыгып келатышат.

21-мартта 50дөй баланын башы айланып, кусуп, алсырап ооруканага түшкөн. Анда алдын ала пландалбаган акцияга чогулган шаардыктар губернатор Воробьевду кысымга алышып: “Киши өлтүргүч”, “Кызматтан кет!” - деп кыйкырышкан. Губернатор калың элдин ортосунан эптеп суурулуп чыкса, котологон калайыктын өкүлдөрү райондун акимин башка чабышкан.

29-мартта таштандыдан чыккан күкүрттүү суутек жана башка зыяндуу газдардын көлөмү белгиленген чектен ашкан. Ошол күнү кечинде беш миңдей киши шаардык бийликке келип, аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоо талабын коюшкан.

Жергиликтүү бийлик шаарда жана анын тегерегинде өзгөчө кырдаал киргизүүнү убада кылганы менен эмдигиче ал аткарылган жок.

Москва облусунун саламаттык сактоо мекемесинин жетекчисинин орун басары Владимир Ющуктун сөзүнө караганда, соңку апталарда “ууланган” деген белги менен Волоколамсктын 500дөй тургуну ооруканага кайрылган.

Март айынын башында губернатор Андрей Воробьев "Ядрово" полигонун зыянсыздандырып, жердин зыянсыз кыртышын калыбына келтирүү (рекультивация) иштерин баштайбыз деп убада берген. Бирок облустук бийлик таштанды төгүүгө Волоколамск шоссесинин боюнан жаңы тилке берилерин билдирген.

Жергиликтүү эл бийликтин дал ушул планына караманча каршы чыгууда.

Жекшембиде полиция плакат көтөргөн бир нече кишини кармап кетти. “Башка Орусия” оппозициялык бирикмесинин төрт активисти шаарга кирип келатканда кармалды.

Мурдараак «Ядрово» таштанды талаасына каршы нааразылык чараларды уюштурган активист Артем Любимов кармалып, ага "полицияга баш ийген эмес" деген кине тагылды.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG