Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Украина-Еврошаркет кызматташтыгы талкууда


Еврокеңештин президенти Дональд Туск, украин президенти Петро Порошенко жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер. Киев, 27-апрель, 2015-жыл.
Еврокеңештин президенти Дональд Туск, украин президенти Петро Порошенко жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер. Киев, 27-апрель, 2015-жыл.

26-апрель, жекшемби күнү Украинада Чернобыл ядролук алааматынын 29 жылдыгы эскерилди. Ал эми дүйшөмбүдө Киевде Украинанын Европа биримдиги менен бирге саммити өттү.

1986-жылы Украинанын аймагында орун алган Чернобыл ядролук бекетиндеги авария – дүйнөдөгү эң каргашалуу өзөктүк катастрофа болуп калган эле. 32 киши дароо көз жумуп, 30-апрелде совет бийликтери 197 киши ооруканага түшкөнүн билдирген. Ал алааматта 100 миңдеген карапайым тургун радиоактивдүү материалдын жогорку дозасына дуушар болгон.

Бул күнү украин президенти Петро Порошенко Чернобыл бекетинде болду:

- Адамзатты сактап калыш үчүн 200 миңден ашык киши өз өмүрүн садага чаап, куткаруу иштерине тикесинен тик туруп катышты. Бүгүн Чернобыл алааматынын оор жүгү украин элинин мойнунда. Анын трагедиялуу кесепеттери да биздин мойнубузда, биздин жарандар дагы деле радиациядан жапа тартып жатышат. Дагы көп жылдар бул азаптан кутула албайбыз.

Эртеси Порошенко Киевде Европа биримдиги менен 17-жыйынды ачты. Ал жыйын «жаңыланган» Украинада өтүп жаткандыгын белгилеп, өлкө европалык интеграциянын жолунда баратат деп ырастады.

Акыркы мындай жыйын орусиячыл президент Виктор Янукович былтыр бийликтен четтетилгенден кийин өтүп, анда Европа биримдиги менен Украина Ассоциациялык макулдашууга кол койгон. Андан бери Москва Украинадан Крымды тартып алып, ошондой эле өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилдер менен башталган согушта алты миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Саммитте Порошенко Европа биримдиги Украинаны колдоп, ал европалык өлкөлөрдүн катарында болот деген үмүтүн билдирди.

«Жалпы баалуулуктарды урматтаган жана аларды коргоого даяр болгон Украина келечекте европалык биримдикке кошула алаарын Евросоюз таанысын, албетте бул үчүн бардык шарттар аткарылышы керек» деди ал. Украин президенти өлкө беш жыл ичинде мындай мүчөлүккө арыз берүүгө даяр болот деп ишендирди.

Евробиримдиктин президенти Доналд Туск жыйындын алдында Порошенкого Украинанын «чоң душманы» болгону менен, «көп досу» бар экендигин айткан эле. Жыйында ал эки ортодогу алакалар өтө тыгыз экендигин белгиледи.

Ошол эле убакта ал Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча жетишилген Минск келишиминин аткарылышы жаңжалдын саясий жол менен чечилишинин башкы шарты экендигин эскертти.

Сүйлөшүүдө февраль айында кол коюлган Украинанын чыгышындагы элдешүү келишиминин макамы менен катар, анын аткарылышын көзөмөлдөөчү европалык тынчтык аскерлерин жиберүү тууралуу Порошенконун өтүнүчү да каралаары кабарланган. Жыйында ошондой эле Украинадагы экономикалык жана саясий реформалардын абалы да талкууланаары айтылган.

Минск келишиминин аркасы менен согуш аракеттери азайды, бирок украин өкмөтү да, орусиячыл жикчилдер да анын шарттарын бузду деп бири - бирине кине коюп келишет.

26-апрелде украин армиясы козголоңчулардын чабуулунда бир аскери окко учуп, жетөө жараат алгандыгын билдирди.

Өткөн сентябрда Украинанын Жогорку Радасы менен Европарламент эки тараптуу ассоциациялык келишимди бир күндө ратификациялаган. Анын алдында Еврокомиссия Украина менен Евросоюздун ортосундагы эркин соода зонасы мурда пландалгандай 2014-жылдын ноябрында эмес, 2016-жылы иштей баштайт деп макулдашышкан эле.

XS
SM
MD
LG